ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (31-марттан 6-апрелге чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Дүйшөмбүдө маанилүү документти жоготуп албоо үчүн сак болуу кажет. Өкүнүүнү каалабасаңыз, аптада сүйүктүүңүзгө жагымсыз сөз айтып албаңыз. Бейшембиде максатка жетүү үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу зарыл. Жума күнү күтүүсүз окуя чыгып, жакындарыңыздын колдоосуна муктаж болосуз. Апта акырында карыздарыңызды кайтаруу боюнча эскертишет.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Аптада майда чырлар көп чыгат. Баарын жүрөккө жакын кабыл албай, сабырдуу болуңуз. Жетекчиликке жаман көрүнбөйүн десеңиз, милдетиңизди башкаларга арта салбаңыз. Бейшембиде эл көп топтошкон жерде болуудан качыңыз.Бирөөлөрдүн абайсыздыгынан жаракат алып калууңуз мүмкүн. Апта акырында ден соолугуңузга кам көрүңүз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Коёндой окшош күндөрдөн тажап, жашооңузга жаңылык киргизүүгө умтуласыз. Дүйшөмбү акча алмаштырууга, банктан эсеп ачууга ылайыксыз. Шаршембиде белгиленген жерге кечигип барууңуз ыктымал, андыктан убакыттан уттурбаңыз. Жума күнү жаңы ишке киришпеңиз, баары бир жыйынтык канааттандырбайт.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Сизге кандайдыр бир жаңы жоопкерчилик жүктөлөт. Жыйынтыгынан күмөн санасаңыз, киришпей турганыңыз оң. Шейшембиде бир топ акчаны талап кылуучу маселе чыгат. Бейшембиде жакшы тааныштардан көмөк алууга умтулуп, алар менен жолугушууңуз мүмкүн. Апта акырында чыгармачыл адамдардын чөйрөсүндө болууңуз күтүлүүдө.

АРСТАН (23.07-23.08)
Аптада ишке ашпай келген максаттарды бат, шыр бүтүрүүгө шарт түзүлөт. Дүйшөмбүдө туугандар иштен алаксытып, убактыңызды алышы мүмкүн. Шаршембиден тартып кирешелер менен чыгашаларды эсептеп чыгууга мажбур болосуз. Бейшембиде ашыкча активдүүлүгүңүз башка бирөөлөргө жакпай жатканын түшүнөсүз. Ишембиде үйгө же чарбачылыкка керектүү буюм сатып алууңуз ыктымал.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Аптада сизди ийгиликтүү таанышуулар жана сапарга чыгуу күтөт. Бирөөлөрдүн сын сөздөрүнө кулак салбай, өзүңүзгө ишениңиз. Шаршембиде канчалык аракет кылсаңыз да, иштен натыйжа чыгуусу кыйын. Андыктан убакытты өзүңүзгө жумшаңыз. Бейшемби керектүү буюм сатып алууга ылайыктуу. Ишембиде кечеге же чакан тойго чакырык алууңуз ыктымал.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Аптада туура эмес тамактануудан улам ашказан-ичеги жаатында маселе жаралышы мүмкүн. Шейшембиде эмоцияларыңыз ашып-ташып, иште урушуу да, элдешүү да тез болот. Шаршембиде тааныштардан керектүү маалымат аласыз. Жума күнү өрт кырсыгынын алдын алып, үйдөгү электр шаймандарын туура колдонуу зарыл.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Жашоо шартты жакшыртуу үчүн үйгө эмерек сатып алууңуз күтүлүүдө. Жаңы идеяларды ишке ашыруудан талбоо кажет. Мээнетиңиз кечирээк болсо да бааланат. Жаңы досторго ишене бербей, ортодогу аралыкты сактаңыз. Апта ортосунда кара күчүңүздү колдонуп, бир топ иш бүткөрөсүз. Апта акырында балдардын айынан майда чырдын чыгышы мүмкүн.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Аптада бойдоктордун жактырып жүргөн адамы жакын кишисине айланышы мүмкүн. Шейшембиде мурунку кылган жакшылыктарыңыз үчүн сыйга татыйсыз. Шаршембиде чөйрөдөгүлөргө эркиндигиңизди чектөөгө жол бербеңиз. Жума күнү бирөөлөрдүн сунушунан баш тартуу оң. Алар сизди колдонуп, өз иштерин бүткөргүлөрү келет.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Апта жумуш ордун алмаштырууга же жаңы ишке аралашууга ыңгайлуу мезгил. Чоң нерсе сатып алуу үчүн акчаны топтоп, банкка сала баштасаңыз туура болмокчу. Жеке жашоодо өзүңүздүн бааңызды билип, жакшы көргөн адамыңызды кызгана бербеңиз. Апта аягында эски жаңжал козголуп чыга келет. Калыс сөздөрүңүз менен гана абалдан чыга аларыңызды унутпаңыз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Аптада ийгиликти камсыз кылуу үчүн өз оюңуз менен боло бербей, башкалардын да пикирин угуу кажет. Ошондой эле бирөөлөр үчүн таанышыңыздан карыз сурап бербеңиз, азабын тартып каласыз. Өзүңүздү начар сезгенден улам апта ортосунда дарыгердин кабинетин аттооңуз ыктымал. Апта аягында туугандар ортосундагы кеңешке катышасыз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Жашооңуздагы күтүлбөгөн өзгөрүүлөр чыгашаларга алып келиши ыктымал. Ушакка илинбөө үчүн сырыңызды бирөөлөргө ишенип айтуунун кереги жок. Дүйшөмбү жолугушуу жана баарлашуулар күнү. Шейшембиде шашылыш кабар алып, жолго чыгууңуз мүмкүн. Жума күнү жүрөгүңүздү өйүгөн маселеге чекит коюп, эркин дем алып каласыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 595, 28-март-03-апрель, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан