ТОРКЕН АЙЫЛЫ – ЫРЧЫЛАРДЫН МЕКЕНИ

Тоолуу Токтогул районунда Торкен деген айыл бар. Айдоочулардын түшүнө кирген айыл десек жарашат. Торкендик шок жигиттер Ош-Бишкек жолун тосо беришип, айылдын атагын алыска чыгарышкан. «Миң укканча бир көрүп келели» деп аталган айылга жөнөп калдык.

Гезитибиздин «Менин айылым» рубрикасынын астында мекенибиздин айылдарын кезеги менен чыгарып турууну чечтик. Айылдардын абалы, көйгөйү, башкаларга окшобогон өзгөчөлүктөрү жана кызыктары менен тааныштырабыз.
Анда күтүңүз, биз сиздин айылга да барабыз. Өзүңүздүн айылыңыздагы кызыктар, көйгөйлөр тууралуу маалымат бергиңиз келсе, koom@super.kg электрондук дарегине кат жөнөтүңүз.

АЙЫЛДАН АТАКТУУЛАР КӨП ЧЫККАН
Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү эскиче Төркен, азыркы аталышы Торкен айылы, чындыгында, кан жолдон өткөн унааларды тосуп алып, тоногон жигиттердин тентектиги менен гана эмес, таланттарды чыгарган фабрика катары да таанымал. Кыргыз элине белгилүү көптөгөн аттуу-баштуу адамдар так ушул айылдан чыгышкан. Көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Абды Сүйөркулов, саясий ишмер Тайырбек Сарпашев, ырчылар Күлүйпа Керимбаева, Бек Борбиев, Нуриса Абазова, Мирлан Баеков, Нурмат Садыров аталган айылдын кулундары.
Бизди кадимки эле айыл турмушу, муз тепкен, эшек минген чыт курсактар тосуп алды. Айыл тургундары, жашоосу менен бир сыйра таанышып чыккан соң куудул Жамбыл Камчиевдин «Токтогулдан неге ырчылар көп чыгат? Анткени ал жакта кара куурай көп өсөт. Баары эле кара куурай чегип алып, тоого чыгып бакырып ырдай беришип ырчы болуп кетишет» деген тамашасы эсиме түштү.

СТАЛИН ОШ-БИШКЕК ЖОЛУН КУРУУГА НЕГЕ КАРШЫ БОЛГОН?
Чү дегенде эле бизге 75 жаштагы айыл аксакалы САРЫ ШАМУРАТОВ айыл таржымалынан кыскача кеп салып берди:
-Айыл 1953-жылдары отурукташкан. Илгери Торкен айылы Жаңы-Тилек жана Маданият деген 2 колхоз болчу. Айылдын жарымы Токтогул ГЭСи курулганда суу алдында калган айылдан көчүп келгендер. Ал убакта элдин баары ыймандуу эле. «Бригадир келе жатат» дегенде элдин баары «кокуй» деп тура калчубуз. Анда коммунисттик партиянын таасирдүү убагы, талаа жумуштарынан 2 саат эле кечиксең «Сен Ленинди сыйлабайсың» деп чогулушка салчу. Азыр эми, өзүңөр көргөндөй, заман сонун, бирок тартип анча эмес. Менчиктештиргенден бери эл мал чарба, дыйканчылык менен алектенип өзү менен өзү.
Мен Ош-Бишкек жолунун курулушун көрүп, иштеп калдым. Аны курдурган Абды Сүйөркулов жакын туугандарыбыз болуп кетет. Илгери Төө-Ашууда жол жок, Абды келинчеги жана жаш баласы менен ашуудан ат менен ашып келе жатып, жолдон баласы чарчап калыптыр. Ошондо ал «Аттиң, ушул жакка жол курсак кана?!» деп өкүнгөн экен. Кийин мамлекеттик чоң кызматтарда иштегенде Сталинге жолугуп, жол салуу тууралуу сүйлөшөйүн десе, ал «мал айдап өтүү үчүн тоннель курулуп, жол салынбайт» деп кабыл албай коюптур. Ага да болбой чуркап жүрүп, тааныштары, Берия аркылуу акыры ушул жолду жана тоннелди курдурган.

АЙЫЛДЫН ӨЗҮНҮН ТЕЛЕКАНАЛЫ БАР
Айыл тургундарынын айтымында, айылдын аталышы «төрт кен» деген сөздөн келип чыккан. Анткени айылда Шамшыкал тузу, бор, жошо жана ак топурак сыяктуу кен байлыктардын 4 түрү чыгат. Айыл тууралуу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы ГҮЛҮМКАН ТОКТОШОВАга кайрылып, төмөнкүдөй маалыматтарды алдык:

-Торкен айылында калктын саны 2014-жылга карата 10187ге жетти. Тургундарыбыз айыл чарбасы жана дыйкан чарбачылыгы менен алектенишет. 4 орто мектеп, 1 бала бакча, 1 Маданият үйү, 1 медициналык пункт бар.
Айылда Абды Сүйөркуловдун үй-музейи да ачылган. Мындан тышкары 2007-жылдан бери «Торкен ТВ» деген телеканалыбыз иштейт жана Торкен айылында гана көрсөтүлөт. Асан Исраилов деген агабыз айылдагы жаңылыктарды, кимдин үйүндө той же айылда элдик жыйын болсо тартып келип, аны аталган телеканалдын эфиринен коё берет. Жазында талаа иштери башталат, канал казыш керек, айылды жашылдандыруу иштери болот, аны тартат, ага жалкоолонуп катышпай койгон жаштарды уяткарат. Элдин малы жоголуп кетсе, аны жарнама берип, таап алган учурлар болот. Телеканал элге жакшы кызмат көрсөтүүдө.

КАСИЕТТҮҮ ЖЫЛУУ-БУЛАК
Айылдыктар «Айылда Жылуу-Булак деген булак бар. Кышкысын суу ысык, жайында муздак болот» дешкенинен барып көрүүгө ашыктым. Жолдо баратканда алдыбыздан эшек арабачан бир киши чыкты. Арабага талдын бутактарын таңып алыптыр. Ал айыл башчысы Эркинбек Төрөканов экен. «Айылдын мэри» келе жатат» деп жанымда тургандар күлүп калышты. Жаныбызга жете бергенде «Өзүң айыл башчысың, кайра токойлорубузду отунга кыйып, уурулук кыласыңбы?» деп теңтуштары тамашага салганда ал «Өткөндө балдар тиги токойдогу талдарды буташты эле, тазалабай таштап кетип калышыптыр» деп кутулду.
Андан ары жолубузду улай көздөгөн булагыбызга да жеттик. Чындап эле касиети бар окшобойбу, суукта жылуу сууга жүз чайкап алдык. Жашоочулардын көпчүлүгү колонкалардан таза суу чыкса деле «ден соолукка пайдалуу» дешип сууну ушул жактан ташып кетишерине күбө болдук.

ЭЛЕТТИК МИЛЛИОНЕР
«Шамшыкал тузу» деп бүтүндөй Кыргызстанга таанымал малдарга берчү туз да так ушул Торкендеги Шамшыкал-Ата тоосунан казылып алынат экен. Аны Жийдебек Түркмөнов аттуу жеке ишкер сатып алып, туз заводун курдурганын, 30га жакын айыл тургундарын жумуш менен камсыз кыларын айыл эли кеп кылып беришти. Көпчүлүк облустарга малга берчү, тамакка кошчу туздан тарта кышкысын Бишкек-Ош жолуна төгүлчү туздарга чейин так ушул ишкер камсыздайт. «Жолго төкчү туз алып отуруп бул кишиге мамлекет өзү карыз болуп калат» дешти. Атүгүл арабызда «күнүнө жок дегенде 100 миң сом таза пайда табат» деп анын болжол менен бир күндө канча акча табарына чейин эринбей эсептеп беришкендер да чыкты.
Ал жерде туз майдалагыч болуп эмгектенген ҮМӨТ КАСЫМБЕКОВ менен маектештик:
– Бул жакта баш-аягы 30дай киши эмгектенебиз. Айлыгыбыз 15 миңден, айылга бул жакшы эле акча. Убагында алабыз. Биздин иш көбүнчө күздө башталып, кыштын аягында бүтөт. Жайкысын болсо мал багып, жер иштетип жан багабыз.

«Ааламга жол айылдан башталат» демекчи, ар бир айыл турмушу өзүнчө кызык баян. Жогоруда биз сөз кылган Торкен айылы да кооздугу, анда жашаган тургундарынын улутубузга тиешелүү кең пейилдиги менен жадыбызда калды.Таза аба, тунук суу жуткан айыл тургундарынын арасынан мындан ары да кыргыздын сыймыгы болгон уул-кыздар чыга беришин тилейбиз.

Айыл тургундары айтмакчы, «айылдын мэри».

Белгилүү Шамшыкал тузу.

Бильярд айылдагы өспүрүмдөрдүн дагы бир алаксыган иши. Ачык асман алдында келечектеги чемпиондор ойноп жатат. Бильярдды орточо ойногон мени 9 жаштагы Абылан менен Акжигит оңой эле утуп алышты.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Ырчылардын фабрикасы болгон Торкен айылы
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (19)
Begim8678
2014-03-31 14:27:17
Абдан жакшы. Ааламга жол айылдан башталат.
0
Kuba_87
2014-03-31 15:07:56
Токтогулдуктардан эмнеге ырчы коп чыкканынын себеби,Токтогул атабыз ичкен суудан бизда ичкенбиз жана ичип келе жатабыз.
+1
Kg.lady
2014-03-31 15:23:49
Айылдагы жанылыктарды айткан ТВсы жакты)).
+1
ruslanwww
2014-03-31 16:42:49
токтогулдун уч терек айылына да барсааныздар жакшы болмок
0
sambo
2014-04-01 09:48:11
Кетмен-Төбө кең өрөөн баарыбызга тең өрөөн демекчи. Негизи эле Токтогул жергеси кереметтүү жер.Торкеттен чындыгында мыкты инсандар чыккан. Мен өзүм болсо Торкентке күйөө бала болом))).
+1
Sonun90
2014-04-01 11:02:24
Оо соонун айыл экен. Озгочо туз чыкканы жана айыл элинин ТВсы жакты. Рахмат силерге супер инфо. Дагы бир айыл жонундо барып коргондой билип алдым
0
Sonun90
2014-04-01 11:07:01
Биздин айылга да баргылачы. Озунчоле ороон. 7 мектеп бар. Анын ичинде бир мектеп-интернат, бир мектеп-гимназия, бир орус мектеп бар. Айыл чоон албетте бизде ТВ жок, бирок асфальт завод бар. Больницасы, поликлиникасы бар, базарчиги, кафе магазиндери да бар, АЗС лар бар. Жазы дарыясынын боюндагы Мырзаке деген айыл
0
baibai71
2014-04-05 10:47:05
Sonun90, баары эле бар экен,бирок туалети жок экен да.
0
Alitet
2014-04-01 11:08:26
Бек Торкендик эмес.Актектирлик
+1
bayana1987
2014-04-01 15:56:32
Бек байке дайыма озун Торкендикмин деп айтат...кандай болсо да мен айылым менен сыймыктанам! Гулдосун Торкеним
-1
aigerim-almazbekova
2014-04-02 16:29:39
maksat orozumbetovka torken aiabai jakan okwoit,3 jolu baryp jatkanyna karaganda)))
0
taalai.torkent
2014-04-02 20:34:41
айылым менен сыймыктанамго гулдосун менин Торкеним!
0
Ayshoola
2014-04-03 14:09:16
Торкеним-алтын уям!Сени абдан сагындым! Ош-Бишкек жолунун так ортосунда жайгашкан биздин айыл-коп адамдардын ичээр суусу,татаар тузу. Эл болгондон кийин ар кандай тентектер чыга берет да, бул нерсе бир эле биздин айылда эмес. Торкенден бир эле сиздер атап откон таланттардан башка да бир топ белгилуулор бар ар тармакта эмгектенген. Дагы чыгат,Кудай буюрса.
0
veneraaalieva
2014-04-03 16:55:37
Айылым менен сыймыктанам, Торкеним гулдой бер!!!
0
Aichurok95
2014-04-04 13:35:05
Торкенди сагындыыым! Гулдой бер айылым!
0
Kumush_94
2014-04-05 14:30:22
БЕК Борбиев АкТектирден болот, менин коншум, биздин айылга да барышынарды кутоом!!
0
№ 595, 28-март-03-апрель, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан