Ырчылардын негизги визиттик карточкасы ыры жана клиби эмеспи. Алар өзүнүн чыгармачылык дареметин ыр-клип аркылуу билгизе алышат. Бул ирет биз айрым аткаруучулардын эл оозунда плагиат деп айтылып жүргөн эмгектери тууралуу сөз кылабыз. Ага авторлор да, клипмейкерлер да капа болбой, тескерисинче, жаңы күч, эргүү, идея менен чыгармачылыгын улантар деген үмүттөбүз.
АРАБЧА КЛИПТИ КАЙРА ЖАНДАНДЫРГАН АСЕЛ
Мындан 5-6 жыл мурун чыккан ливандык поп ырчы Нэнси Ажрамдын арабча «Enta eih» аттуу ырын унута элексиздерби? Мына ошол ырдын клибине ырчы Асел Кадырбекова жаңыдан жан берди десек жарашчудай. Кантип дейсизби? Аселдин «Кеттиң башкага» аттуу клибин көрсөңүздөр Нэнсинин эмгегин эстейсиздер. Эгер эки клип бир маалда жарык көрсө, мындай окшоштук боюнча, балким, бир учурда эки клипмейкерге бир идея келген болуп жүрбөсүн деп ойлоп көрмөкпүз. Бирок жыл жагынан алганда, ливандык ырчы утуп кетип жатпайбы.
Эми клиптеги окшоштуктарга өтөлү. Кыздын төшөктө жатканынан тарта туулган күнүнө торт көтөрүп келгени, жигиттин башка кызга көз салып, аны белинен имере тартып кучактап каткырып-күлгөнү, айтор, баары уурдалгандай. Мындай «смелый» кадамга клипмейкер Нурсултан Кубатов бардыбы же Аселдин сунушу болдубу, биле албадык.
ЖООДАРБЕШИМДЕН АССОРТИ
Плагиат клиптердин тизмесине Жоодарбешим да куру калбай, «Жан тумарым» чыгармасы менен илинди. Негизи, бул ырчы жигиттин чыкканына аз эле болду. Кала берсе эл оозуна дал ушул ыры менен алынбадыбы. Анан «ме сага» деп башталышында эле уурдалган идея менен чыкканы кызык.
Клипте Жоодарбешим көл жээгине отургучтарды коюп алып, сүйлөшкөн кызы менен көл жээктеп кубалашып ойногон күндөрүн эскерет. Ушул эле кадрлар, эстеп көрсөңүздөр, казак ырчысы Кайрат Нуртастын бир нече жыл мурун чыккан «Арманым» деген клибинде да кездешет. Анан да бул ырдын обонунан орусиялык «Фристайл» тобунун «Ах, какая женщина» деген ырынын «жыты» уруп турганын байкадыңыздар беле?
КЫЗЫКТУУ, БИРОК КӨЧҮРМӨ
Алмаз Шаадаев деген жаш жигит бар, ырчы. Жакында гана «Татынасың» деген ырына жаңы клип тарттырды. Бир көргөндө клиптин сюжети кызыктуудай сезилет. Бирок клип
Super.kg порталыбызга жүктөлөрү менен колдонуучулар плагиат деп шекшип киришти. Чынында эле Алмаз эл билбей калат дегенби, айтор, Фаррух Комилов аттуу өзбек ырчысынын «Тарам-тарам» деген ырынын клибин көчүрүп коюптур. Жүрөкчө сувенирдин ичиндеги бийлеген куурчак жигит, көз айнекчен кыз, баары эле эч ойлонбой көчүрүлгөндөй. Жок, ойлонбой деп туура эмес айтып алдым окшойт. Чыгармачыл топ бир аз ойлонгон сыяктуу, дегеним, клиптин кыргызча вариантынын финалы башкачараак. Бул клипмейкер Элдияр Өмүралиевдин идеясыбы же ырчы жигит Алмаздыкыбы, айтор, кантсе да жигиттерге мындан ары башкаларды туурабаган чыгармачылык эргүү каалап өтөлү.
ОКШОШТУКПУ ЖЕ...
Жогоруда атын атап өткөн Нурсултан аттуу клипмейкердин дагы бир эмгеги плагиатчылыкка «шектелүүдө». Эрнист Сыдыков тарткан Ильяз Абдыразаковдун «Адашкан сүйүү» деген клиби да уурдалгандай. Аны биз эле эмес, сайттын колдонуучулары да байкашыптыр. «Ашыгым, ай, алмашкыс асман, айым, аткан таңым, ай чырайым» деп ай чырайына жалбарган Ильяз машинасы менен шаардын сыртына чыгып кетет эмеспи. Сүйүктүүсүн эскерип отурган ырчы бир маалда эле костюм-шымчан чуркап, тоо бооруна чыгып жайгашып калат. Мына ушул кадрларды биз молдавиялык ырчы Дан Баландын «Эркиндик» («Freedom») аттуу клибинен көрдүк. Дан Балан дагы костюм-шымчан тоо боорунда чуркап аскага чыгып отурган жерлери бар.