Ош шаарына курулуп баштаган эстакадалык көпүрө учурда түштүк борборунун планы жагынан да, чыры жагынан да негизги орунда турат. Бул кандай болгон көпүрө? Эмне болуп башталып калган? Курулуп бүтөбү же казылган боюнча тура береби? Ушул сыяктуу суроолорго жооп издеп көрдүк.
60 ЖЫЛ ЖАШАП КОЙГОН КӨПҮРӨ
1947-50-жылдарга таандык Ош шаарынын Алишер Навои көчөсүндөгү көпүрөнүн ордуна Илимий изилдөө, долбоорлоо институту тарабынан жаңы көпүрө куруу сунушталган. Автотыгынды азайтуу максатында узундугу 345 метр, туурасы 24 метр, бийиктиги 19 метр болгон эстакадалык көпүрө куруу жергиликтүү бийлик тарабынан жактырылган.
Долбоорду даярдоо боюнча тендердик баасы 31 миллион 200 миң сом, курулуш боюнча 489 миллион 965 миң сомдук баа бычылган. Эстакадалык көпүрө куруу боюнча тендерди Кытайдын «Гуйсюэ» долбоордук компаниясы жеңип алып, долбоорун иштеп чыккан. 2013-жылы 23-сентябрда Ош шаарынын Ленин жана Масалиев көчөлөрүн бириктире турган эстакадалык көпүрөнүн курулуш иштери башталат. Ага байланыштуу Навои, Кара-Суу көчөлөрү жабылып, борбордук базарды да жылдыруу пландалган. 5-октябрда Ош шаарынын күнүндө экс-мэр Мелисбек Мырзакматовдун катышуусунда капсуласы ташталган. Бирок учурда көпүрөнү куруу иштери токтоп, жол бузулган абалында турат.
«ДЕПУТАТТАР МЕНЕН КЕҢЕШҮҮ КЕРЕК ЭЛЕ»
АБДУВАХАБ НУРБАЕВ, Ош шаардык кеңешинин депутаты:
– Бул көпүрө шаардын бюджетинен курулуп жаткандан кийин депутаттарга ортого салыныш керек болчу. Шашылыш түрдө башталып кетти. Эми биздин шаардык бюджетке да, жергиликтүү калкка да зыянын тийгизип жатат. Бул көпүрө башталганда эле катачылыктар кеткен. Шаардык прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгон. Тендер туура эмес жүргүзүлгөн. Долбоордун өзү бүтө электе курулуш иштери башталган. Учурда башка сунуштар түшүүдө. Биз караштырып, элге да, мамлекеттин капчыгына да туура келген вариантын тандап алабыз.
Экс-мэр Мелисбек Мырзакматов бул долбоор бүтө электе эмне үчүн көпүрөнүн курулушун мыйзамсыз баштап алганы боюнча пикир айткым келбейт. Бул маселени карап жаткан органдар бар, алар өз жыйынтыгын чыгарат.
«КООЗДУГУ БАШКЫ ПЛАНГА ЧЫГЫП КЕТКЕН»
НЫЙЗАМ НАСИРДИНОВ, көз карандысыз эксперт, архитектор:
– Биринчи долбоорду караганда ал 345 метр узундукта алынып, астынан жолдор өтүп, кооздугу башкы планга чыгып кеткен. Ош району жактан келаткан жүргүнчү ташуучу коомдук унаалар Кыргызстан көчөсү аркылуу келип, көпүрө менен өтөрдө кайра эле мурдагы көрүнүштө автотыгын боло бермек. Тыгын болбос үчүн эстакадалык көпүрөнүн капталынан, филармониянын астынан чыга турган бир канатын куруу керек. Башында эле көпүрө тыгындын алдын ала албасын байкаганбыз.
«КЫЛЫМДЫН КӨПҮРӨСҮ БОЛМОК»
НУРБЕК БАЕТОВ, Ош шаардык архитектура башкармалыгынын башчысы:
– Мурунку эскилиги жетип, авариялык абалда турган көпүрөнүн өзүн эле оңдоп коёлу десек, ага 150 миллион сом акча каражаты кетет экен. 2012-жылы экс-мэр, шаардык кеңештин депутаттарынын катышуусунда жыйын болуп, эски көпүрөнү бузуп, ордуна жаңы салуу боюнча протоколдор кабыл алынган. Биз ойлонуп шаардын келечеги үчүн бир аз акча сарптап чоңураак көпүрө салалы дегенбиз.
Азыр көпүрө даярдык этабында турат. Тендерден утуп алган кытай компаниясынын лицензиясы Кыргызстандын аккредитациясынан өтө электиги үчүн уруксат берилбеген. Мыйзамсыз тендер өтүп, мыйзамсыз компания тандалып калган болушу мүмкүн. А көпүрөнүн техникалык маселесинде мыйзамсыздык жок.
Бул көпүрө аябай кымбат, бир аз чыдап койсок кылымдын көпүрөсү курулмак. Биринчи долбоордогу көпүрө курулбайт деп эч ким айта элек. Эстакадалык көпүрөнү жокко чыгарып, кичинекей көпүрө кура турган болушса, мен ага шаардык архитектуранын жетекчиси катары уруксат бербейм.
Эстакадалык көпүрөнүн курулушу Мелис Мырзакматовдун демилгеси болчу. Ал шайлоо алдында калк ичинде аброй топтоого жардам бермек. Ойлогону ордунан чыкпай, Мелис Мырзакматов креслодон кур калып, көпүрөнүн курулушу да ортодо калды. Өкмөт болсо «көпүрөнү курууга акча жок» деп кол куушуруп койду. Эми бул чала бышкан боткону ким жээри белгисиз... «Эки дөө кагылышса ортодогу кара чымынга зыян» болуп Ош шаарынын тургундары гана зыян тартып турушат.
«Супердин» сурак бурчу
ПЛАНДАБАЙ ТУРУП КӨПҮРӨ КУРУУ КЕРЕК БЕЛЕ?
Тамара Айдекова, соодагер:
– Көпүрө биздин кийинки муун үчүн абдан керек. Курулушуна каршы эмеспиз, кыйналсак да чыдап койсок бүтүп калат. Бирок учурда курулуш иштеринин токтоп калуусу эң жаман болду. Жолу бузулуп, соода-сатыкка тоскоол болуп жатат. Бирдиктүү келишишип, бүтүрүп коюшса жакшы болмок.
Садыкбай Чоёнов, таксист:
– Жолдун абалын көрүп турасыңар, кары-картаңдар келип, баса албай калышканда көтөрүп четке алып барып коёбуз. Көпүрөнүн артында чоң саясат жүрүп жатат, бирок эмнеси болсо да элге, шаарга көпүрө керек. Эл аябай кыйналууда. Соодасы жүрүшпөй, насыяларын төлөй албай жүргөндөр аябай көп.
Аэлита Бакытбекова, студент:
– Кээ бирлер бул көпүрөнү Мелис Мырзакматовдун жеке кызыкчылыгы үчүн болду дешет. Кызыкчылыгы болсо да жөн коюш керек эле, мамлекеттин, шаардын, элдин кызыкчылыгы көпүрөнүн курулуп калуусу болчу. Эми качан башталып, эмне болот биз үчүн караңгы.
Идирис Кубатбеков, саясий серепчи
:– Пландалбаган, мыйзамсыз болгон болсо анда тиешелүү органдар укуктук баасын берет. Бул көпүрө экс-мэр тарабынан шаардын кызыкчылыгы үчүн башталган. Аны саясатташтыруунун кереги жок. Бүгүн көпүрөнүн бүтүшү саясатчыларга эмес, карапайым элге зарыл.
Шайыркүл Тыныбекова, шаар тургуну:
– Көпүрөгө муктажбыз, бирок акча жетпесе баштабаш керек эле. Баштагандар деле акыл-эси жайында адамдар да, бир нерсеге көзү жеткени үчүн баштаган. Эгер азыркы жергиликтүү бийлик муну бүтүрө албаса, Мелис Мырзакматовдун өзүнө өткөрүп бериш керек. Башка айла жок.
Нуркасым Аркабаев, окутуучу:
– Кааласак да, каалабасак да ал жер оңдолууга муктаж эле. Келечекти ойлоп эстакадалык көпүрөнү пландашканы туура идея. Эми каражат жагы туура чечилип, курулуп калса шаардагы бир топ жол маселелери чечилип калмак. Бул көпүрөнү эч ким туура эмес башталды деп айта албайт.
Назигай Абдираимова, шаар тургуну:
– Эстакадалык көпүрөнүн курулушу шаар үчүн пайдалуу. Бийликтегилер элди ойлоп коюшса жакшы болмок. Жакшы жагынан бүтө турган иш чыр жана келишпестиктен улам эле артка тартылып жатат деп ойлойм.
Уулбү Каныбекова
koom@super.kg