Бүгүнкү каарманым Салтанат Аширова «ар бир үй-бүлөдө музыкага жакын жок дегенде бир адам болот. Биздин үйдө да баарыбыз караокеде ырдай алабыз»дейт. Ырчы айым менен болгон баарлашуу назарыңыздарда.
САЛТАНАТ ТУУРАЛУУ
– Саламатсызбы? Берген маектериңизде дайыма «атактуу болгонго аракет кылбайм» деп айтасыз, бирок учурда телеберүүлөргө активдүү катышып, эл көзүнө көрүнүп, атактуулукту көздөй бара жатасыз, буга эмне дейсиз?
– Саламатчылык. Ооба, атактуулукка жулунбайм. Учурда атым чыгып, эл таанып жатканы – менин музыкага болгон сүйүүмдүн гана жыйынтыгы. Мен өзүмдү атактуулуктан эмес, музыкадан издейм. Биздин коомдо статусу жогору адамдар бааланат. Бирок минген Лексусуң, кымбат баалуу кийимиң сен жашаган чөйрөгө жарашпаса эмне кыласың? Ал үчүн баары ошол нерсеге төп келиши керек да. Андыктан мен өзүмө эч качан ушул ырды жаздырып, клип тарттырып жылдыз болуп кетем деп максат койгон эмесмин.
Мен көп концерттерде ырдайм, улам-улам чакырышат, уккусу келишет. Ошонун артынан көбү таанып калышты окшойт мени. Эгер сүйгөн жумушумду сапаттуу аткарып, ал нерсе мени атактуулукка жетелесе эмнеге болбосун, ал эмгегимдин жемиши да.
– Сахнада өзүңүздү абдан эркин алып жүрөсүз, сиздеги ташкындаган позитив атайын сахнадагы образыңызбы же жашоодо да ошондойсузбу?
– (Каткырып) Жок, азыр маңдайыңыздарда кандай болсом, сахнада деле ошондоймун. Шоу-бизнесте назик, сулуу кыздын образы менен жүргөндөр көп, бирок алар реалдуу жашоодо андай эмес. Антип кыйналгандын эмне кереги бар? Мени көптөр «зажигалкасың» деп айтышат. Анткени көрүүчүлөрдүн менден эмнени каалап жатканын билем, алар каалаган нерсени бергим келет. Биздин коом ансыз деле кыйын күндөрдү башынан кечирип жатат, акча, жумуш, бүтпөгөн көйгөй деп жүрүп эс алганга же чер жазып музыка укканга убактысы жок. Аларга биз, ырчылар, позитив, энергия бербесек ким берет?!
– Сиздин кыргыз шоу-бизнесиндеги максатыңыз?
– Чынын айтсам, максатым деле жок, жөн гана жаштарга сапаттуу музыканы тандоого жол көрсөтсөм дейм. Биздин эл музыканы жакшы түшүнөт, ким жасалма, ким чын жүрөгүнөн ырдап жатканын билип коёт. Сулуу келбетиң, чымыр дене түзүлүшүң менен сахнада кармалышың мүмкүн, бирок убактылуу гана. Анан да өзүбүздү бир калыпка сала бербешибиз керек, ар бир адам өзүнүн уникалдуулугун түшүнсө деп ойлойм. Каалаганыңды кыл, кемчиликтериңден уялба, эл сөз кылат деп коркпо, көп китеп оку, дүйнө таанымыңды өзгөрт, айтор, өзүң бойдон кал. Жеке принцибим ушундай.
– Кайрымдуулук концерттерге активдүү катышып, социалдык видеороликтерге көп тартыласыз, мындай иштер сизге эмне берет?
– Социалдык видеороликтерге чакырышат, чын дилимден барып бекер тартылып берем. Азыр адамдар кайдыгер болуп калышкан, андай оор кырдаал өзүнүн башынан өтпөсө болду, ага тиешеси жоктой жүрүшөт. Мен муну менен «келгиле, адамдар, биригели, коомдо ушундай көйгөй болуп жатат, бири-бирибизге кайдигер карабайлы» деген ойду айткым келет. Кээде өзүм кайрымдуулук иштерин уюштуруп жиберем. Жакында эле карылар үйүнө барып концерт коюп келдик. Досторум тамак жасашып, мен эски ырлардан аткарып берип карыларга аз да болсо жакшы маанай тартууладык.
– Өзүңүздү чет өлкөдө сынап көргүңүз келбейби?
– Казакстанга барганда бизди профессионал музыканттар деп абдан сыйлашат. Орусияда да көп ырчылар мени таанышат. Леонид Агутин, Владимир Пресняков, «А’Студио» менен чогуу ырдап калгам.Чет өлкөдөн талантымды сынагым келет, «X-фактор», «Голос» сыяктуу берүүлөрдөн. Эгер мени колдоочулар табылып, аталган сынактарга катышып келсем жакшы болмок. Менин продюсерим же бай демөөрчүм жок, бирок талантым бар. Жолдошум чыгармачылыгымды колдойт дечи, бирок миллионер эмес да. Ал эми Кыргызстанда дагы каякка өсөм, Улуттук консерваторияны бүттүм, мектепте вокалдан сабак берем, өзүмдүн окуучуларымды тарбиялайм. Ырчы Нурлан Мамбетов экөөбүздүн «The M.A.P» деген тобубуз бар, алар менен чакырууларга барабыз, мына ушул менин ийгиликтерим.
– Сиздеги ырчылык талант кимден өткөн?
– Атамдан өттү го дейм. Атам Эмил Аширов барабанда ойночу, Чоро Кожомжаров, Алтынбек Сапаралиев менен филармонияда чогуу иштеп, мурунку Совет өлкөлөрүн кыдырып гастролдоп эле жүрчү. Мен атама окшошмун, ал дагы атактуулукка кызыкпаган киши болчу. Мен ырчы болом деп жүргөндө «кыз кишиге ырчы болуу кыйын, башка эле тармакты тандасаңчы» деп көп айтчу. Тилекке каршы, 2001-жылы атам каза болуп калды. Үй-бүлөдө эки бир тууганбыз, кичүү сиңдим бар.
– Жеке жашооңузда жагдай кандай?
– Баары сонун, жолдошум Руслан экөөбүздүн үйлөнгөнүбүзгө беш жыл болуп калды. Эки жарым жаштагы Раян деген уулубуз бар. Жолдошум чыгармачылыгымды колдойт, мен жөнүндө сындар айтылса, мага жан үрөп күйгөн адам. Берген маектеримде аны мактап койсом, кадимкидей сүйүнүп калат. Башында Руслан үй жумуштарына такыр кол кабыш кылчу эмес, көпкө чейин көнө албай жүрдү. Тажаганда «колдон келген жардамыңды берчи, мен жетишпей жатам» деп сурандым, ошону түшүнүп, азыр үй жумуштарына кол кабыш кылып калган.
Ал эми уулум Раян англисче, орусча тамгаларды жатка билет, Айпадды өзү ачып, оюндарды ойнойт. Иреттүүлүктү жакшы көрөт, оюнчугун алган жерине коёт, бейбаш эмес. Жакында уулумду атасына калтырып, досторум менен Таиландга барып эс алып келгем, атасы ыр жаттатыптыр. Аны уулум мага телефондон айтып берип жатпайбы, сүйүнгөнүмдү сураба.
– Эс алуунун кандай түрүн тандайсыз?
– Мага эс алуунун кереги жок, музыка мени эс алдырат. Бирок кээде тынчтыкты каалап калганда жакшы түш көрсөм эс алып калам. Негизи, кичинекей баласы бар энелердин эч качан уйкусу канбайт. Ошон үчүн аталар апалар үчүн деп атайын эс алуу күнүн белгилеп койсо кана эми?.. Ошол күнү апасын жалгыз калтырып, уулун жетелеп сейилдеп кетсе чоң жеңилдик болмок.
– Бардык айымдар сыяктуу эле кийимди модасына карап тандайсызбы?
– Адамда табит деген нерсе болот. Ошого жараша кийинсе эле адам жаңылбайт. Жарашпаган кийимди деле мода деп кийип алсаң уят болосуң го. Айымдар үчүн түбөлүк модада бул – көйнөк. Анткени көйнөк айымды назик, келишимдүү көрсөтөт. Бирок мен көйнөк көп кийбейм, анткени көп чуркайм, иштерим көп, ошон үчүн өзүмө ыңгайлуу кийим кием. Кечээ жакында ФИФАнын президенти келиптир, ошол жактагы чакырууга көйнөк кийип бардым.
Лунара Бекиева
star@super.kg