ЖООМАРТ ОТОРБАЕВГЕ «АТА МЕКЕНдин» ТАЛАПТАРЫН АТКАРУУ КЕРЕК БОЛОТ

Президент Алмазбек Атамбаев парламентте башкаруучу коалицияны куроо укугун кайрадан КСДП фракциясына тапшырды. Ошентип, апта ичинде парламенттик көпчүлүктү куроо боюнча сүйлөшүүлөр көңүл чордонунда болду. Акырындап кимдер коалицияда болот, ким премьер болот деген суроолордун жооптору калкып чыга баштады. Парламенттеги беш фракция өкмөткө кандай талаптарды коюп келишкен эле, алгач ошолорду эстеп көрөлү. Анткени кайсы фракциянын өкүлү өкмөт башына келбесин, ириде ошол фракция кыйкырып талап кылып келе жаткан иштерди аягына чыгаруусу керек. Болбосо андай талаптар элдин назарын буруу үчүн эле жасалган куру кыйкырык болуп калат.

ӨТӨ КЫЗЫЛ БАТ ОҢОТ
Парламенттик шайлоодон добуш берүүчүлөрдүн эң көп колдоосуна, ошого жараша эң көп мандатка ээ болгон «ата журтчулардын» азыркы кейпи мышык ыйлаарлык. «Кумтөр» ишканасынын экологияга тийгизген терс таасирлерин коомдук талкууга «Ата Журт» партиясынын лидерлеринин бири Садыр Жапаров алып чыккан эле. Алтын кенине байланыштуу митингге чыккан «ата журтчулардын» акциясы Ак үйдүн тосмосунан ашып өтүү окуясы менен бүткөн. «Бийликти күч менен кулатууга аракет жасады» деген айыптоо менен аталган партиядан Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытов соттолуп, депутаттык мандаттарынан ажырашты. Коррупция беренеси боюнча «ата журтчу» эл өкүлдөрү Нурлан Сулайманов, Нариман Түлеев, соңунда экс-спикер Ахматбек Келдибековго кылмыш иштери козголду. Дал ушундай көрүнүштөр, айрымдардын депутаттык топторго чыга качканы кошумча жүк болуп отуруп фракцияны кыйла ал-күчтөн тайдырып, учурда «Ата Журт» парламентте эң алсыз звено болуп турат.
Мындан эки жыл мурун, жазында «ата журтчу» лөктөр менен Адахан Мадумаров аймактарда «1993-жылкы Баш мыйзамга кайтуу керек» деген талап менен массалык митингдерди башташкан болчу. Акыркы учурда алардан «фракциялаштарыбызды камактан чыгарып бергиле» деген өңүттөгү нааразычылык акцияларынан башка олуттуу иштерди көрбөй да калдык.

СОЦИАЛ-ДЕМОКРАТТАР ӨЗ КОРООСУНА ТАШ ЫРГЫТА АЛБАЙТ
Шайлоодон кийин мандаттык бөлүштүрүү боюнча КСДП экинчиликти алганы менен, президенттин фракциясы катары дайыма төрдө, бийлик башында келе жатат. Коалицияга кайсы фракцияларды кошуу, өкмөт башчылыкка кимди алып келүү жана башка маселелердин жолун издеген КСДП өкмөткө сын айтууда чабал, анткени ар бир ыргытылган таш айланып келип өз короосуна түшөрүн аңдап турат. Парламентте ынтымактуулугу менен айырмаланып келе жаткан Алмазбек Атамбаевдин партиясынын фракция курамынан азырынча эч ким качып чыга элек.
Ошентсе да аталган фракциянын ичинен Исмаил Исаков, Данияр Тербишалиев жана башка саналуу депутаттар өкмөткө карата сын-пикирлерин айтып келишет. Мисалы, коалицияны түзүүнүн алдында Данияр Тербишалиев: «Өкмөттүн тагдыры көшөгө артында 5-6 адамдын ою менен чечилип жатат. Мен буга каршымын. Премьер-министр боло турган адам сөзсүз эле парламенттеги фракциялардан болушу шарт эмес. Эмне, өлкөдө өкмөттү жетектеп кете турган татыктуу адамдар жокпу? Коомчулукка мүмкүнчүлүк берилбей жатат. Өкмөт башчылыкка жаш, жаңы идеялары менен экономикада, башка тармакта секирик жасай ала турган адам келиши зарыл. Болбосо кийинки шайлоолордо азыркы бийликте отурган партиялардын тагдыры оор болуп калышы мүмкүн»,- деди.

КУЛОВ КЫЗМАТ БӨЛҮШТҮРҮҮ МЕНЕН УБАРА
«Ар-намыс» фракциясы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча ортоңку орунга ээ болгон. Өкмөткө жетекчилик кылуу амбициясын «Ар-намыстын» лидери депутат болуп келгенден бери бапестеп багып келүүдө. 2011-жылы оппозицияда калып калган учурда Феликс Кулов коррупциялык схемаларды ачыкка алып чыгарын айткан болчу. Бирок ушул күнгө чейин андай схемаларды эл алдына алып чыгып, кайсы бир ири мекемедеги коррупцияны ашкерелеген иш-аракетин көрө албадык. Соңку эки жылдан бери көпчүлүктүн курамында келе жаткан «ар-намысчылар» көбүрөөк ички иштери, тактап айтсак, мамкаттоо менен гана убара. Айтымдарга караганда, орду бош турган анын башчылыгына аукцион да өткөрүлүптүр. Кыскасы, Феликс Кулов кызмат бөлүштүрүүдөн башы чыга албай жаткандай. Бул сапар да ийгилик кушу анын тууруна конбогону Куловдун «премьер-министрликке талапкерди алып чыгуу коалиция куроо мандатына ээ КСДПнын укугу» деп айтканынан деле түшүнүктүү болду.

БАБАНОВДУН КЫЯЛЫ БУЛ ИРЕТ ОРУНДАЛБАЧУДАЙ
«Көчө оппозициясы» деп аталгандарга кайрылгым келет. Митингдер – өлкө экономикасын көтөрүүдөгү негизги тоскоолдук. Азыр митинг өткөрө турган убак эмес, баары биригип, жаратмандык менен иштөө зарыл. Кыргызстандын экономикасын көтөрүү өлкө элитасынын жана бардык саясий топтордун негизги иши болушу шарт»,- деп экс-премьер, «Республиканын» лидери Өмүрбек Бабанов соңку коалиция тарагандан кийин билдирди.
Биригүү тууралуу бекеринен сөз козголбогон чыгар, анткени ынтымагына эң чоң доо кеткен да ушул фракция болду. Канатбек Исаев, Бакыт Төрөбаев, Алтынбек Сулайманов өңдүү салмактуу депутаттарынан «Республика» кол жууп калган.
Фракциянын өкмөткө койгон талаптары да күчтүү болчу. Ал «Кумтөр», Азиз Батукаев, Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү мамдирекциясынын ишмердүүлүгүндөгү сындар боюнча Жантөрө Сатыбалдиев жетектеген өкмөттү отставкага кетирүү үчүн кол топтоп баштаган.
Өткөн жылдын жазында Өмүрбек Бабанов бизге берген маегинде: «Бул өкмөттүн «реформа» деген сөзү жок. Эмне кылдыңар десе, «биз стабилдүүлүктү сактап калдык» дейт. Аны өкмөт эмес, эл сактап жатат. Биз баштаган көп реформалар токтоп калды»,- деген эле. Эске салсак, Бабановго реформа жасоого мүмкүнчүлүк берилген. Күлүктүн айынан чыккан ызы-чуудан улам ал мүмкүнчүлүктү колдон чыгарып жиберген.

«КУМТӨРДӨГҮ» КЫРГЫЗСТАНДЫН ҮЛҮШҮ 67 ПАЙЫЗГА ЖЕТИШИ КЕРЕК
Оппозициялык дух табиятына сиңген Өмүрбек Текебаевдин партиясы коалицияда турса да, министрлер кабинетине карата сын-пикирлерин жаадырып, доомат-талаптарын айтып келди. «Кумтөр» кенин канадалыктар менен биргелешип иштетүүдө кыргыз мамлекетинин үлүшү 67 пайыздан кем болбошу керек эле, Азиз Батукаевди мыйзамсыз мөөнөтүнөн мурда бошотуп, Кыргызстандан жакшынакай чыгарып, узатып койгондор жаза алышы керек, чек ара көйгөйүн чечүү, Баткен облусунун башчысына министрлик макам берүү, Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү мамдирекциясынын иштери боюнча жыйынтык чыгаруу... Эсептеп отурса, өлкөдөгү орчундуу окуяларга байланыштуу бир да учур «ата мекенчилердин» көз жаздымында калбайт.
Учурда саясат айдыңында коалиция мурунку эле КСДП, «Ата Мекен» жана «Ар-намыстан» куралып, «Жоомарт Оторбаев премьер болот» деген жоромол ишенимдүү айтылууда. Эгер андай версия ишке ашса, анда «Ата Мекендин» өкүлү болгон Жоомарт Оторбаев партия буга чейин айтып, талап кылып келген иштерди жүзөгө ашыруусу керек. Мисалга алсак, «Кумтөрдөгү» Кыргызстандын үлүшүн 67 пайызга жеткирүү, Азиз Батукаевди мөөнөтүнөн эрте бошотуп жиберүүгө кол кабыш кылган аткаминерлерди жазага тартуу же ошол эле Жантөрө Сатыбалдиев жетектеп турган дирекцияда изи табылбай калган акча үчүн экс-премьерди жоопко тартуу. Эгер Оторбаев бул иштерди жүзөгө ашырууга аракет кылбаса, анда партия эл алдында упай топтоо максатында эле куру кыйкырык салып жаткан болуп калат.

ПРЕЗИДЕНТ ШАРТ КОЙДУ
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев коалицияны куроо мандатын КСДПга тапшырарда фракциянын лидери Чыныбай Турсунбековго шарт койду. Ал парламенттик көпчүлүктү түзүүдө фракциялар тарабынан мүмкүн болгон мекемелердин баарындагы креслолорду бөлүштүрүп алуу тажрыйбасынан баш тартууну сунуштады. Өлкө башчынын талабын карапайым тил менен түшүндүрүп айтсак, «коалиция премьер менен өкмөттүн курамын гана тандасын, калганын өкмөт башчы өзү курасын» деген талап койду. Коомчулукта коалициялык көпчүлүккө кирген фракциялардын мамлекеттеги майда кызматтарга чейин бөлүштүрүп алышкандыгы катуу сын жаратып келген. Бул ирет президент да басым жасап, андай тажрыйбадан баш тартууну сунуштады.

Эльвира Караева
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Wave.
2014-03-31 11:17:09
Ушул партиялык система бизге туура келбейт окшойт. Кайсыл партиядан шайлансан ошол партиянын таламын талашат. Анысы жакшыбы, жаманбы кызыктырбайт. Бирок ошол партиянын очогуна кул тартат.
Такыр партия-сартиясы жок эле иштей турган, билимдуу адамдарды койсо, ошондо онугуу болмок. Эми булардын оозун карап отурат экенбиз да...
+2
infiniti
2014-03-31 11:23:04
Ар ким,оз комочуно кул тартмай. Кандай партия болбосун,ким болбосун,элдин жана мекендин кызыкчылыгын ойлош керек.
+2
jaazira13
2014-03-31 11:26:37
Оторбаев негизи адекватту адам, башында эле айттыго мисалы Кумтор менен Кыргызстандын 50-50 улушуно макулмун, 67% жетууго мумкун жок деп, ушундай туура ойлонгон саясатчыалар кобуурок болсо жакшыле болмок
-2
№ 595, 28-март-03-апрель, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан