БЕНЗИН БИР СОМГО КЫМБАТТАДЫ...

  • Башкы прокуратура тарабынан 20-март күнү Курулуш жана архитектура мамлекеттик агенттигинин экс-директору КАНЫБЕК НАРБАЕВГЕ карата «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
  • Нефтетрейдерлер ассоциациясынын маалыматы боюнча, 24-марттан баштап өлкөнүн бардык облустарында бензиндин БААСЫ 1 СОМГО чейин кымбаттады.
  • Экс-президент РОЗА ОТУНБАЕВАНЫН бир тууган инисинин уулу Эрмек Исаков БУУнун алдындагы Кыргызстандын туруктуу өкүлчүлүгүнүн 3-катчысы болуп дайындалды. Э.Исаковдун атасы Болот Отунбаев Кыргызстандын Германия, Дания жана Норвегиядагы элчиси.
  • ЖКнын депутаты ДАСТАН БЕКЕШЕВ ишембиге туш келип калган майрамды шылтоолоп дүйшөмбүнү дем алыш күнү деп жарыялоо тажрыйбасын жоюучу мыйзам долбоорун иштеп чыкты.
  • Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдө медициналык тармакта 70 МИҢДЕЙ адам иштейт, анын ичинен 30 миңге чукулу врачтар.
  • Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту «Акромия» диний кыймылын «ЭКСТРЕМИСТТИК УЮМ» деп тааныды.
  • Өкмөт Өмүрбек Бабановдун премьерлиги тушунда уюшулган «АЛА-ТОО ФИНАНС» микрокредиттик агенттигин жоюу тууралуу чечим кабыл алды.
  • ИИМдин 10-бөлүмүнүн башчысы Азиз Ташпулатовдун айтымында, Ош шаарында 60 МЕЧИТ бар болсо, анын экөөсүнүн расмий уруксаты жок.
  • Жогорку Кеңештин депутаты АХМАТБЕК КЕЛДИБЕКОВДУ камакта кармоо мөөнөтү 27-майга чейин узартылды.
  • Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, «кызматтык абалынан аша чабуу» беренеси менен ИСА ӨМҮРКУЛОВГО карата козголгон кылмыш иши Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна жөнөтүлдү.
  • Энергетика жана өнөр жай министринин орун басарынын милдетин аткаруучу Райимбек Мамыровдун айтымында, энергетиканын жаңы ТАРИФТИК САЯСАТЫ өкмөттүн кароосуна май айында киргизилет.
  • ЖКнын депутаты, Бишкектин экс-мэри НАРИМАН ТҮЛЕЕВ 24-март күнү улуттук онкологиялык борборго которулушу үчүн №47-колониядан УКМКнын СИЗОсуна жеткирилди.

Эльвира Караева
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
arisim
2014-04-01 16:14:02
жакшы экен кымбатаса дагы кымбататкыла,кыр.да эмне болсо баардыгын саткыла ушул атка минерлер оздору байып жашоосу жакшы болсо эле кыргызстандын келечегин унутуп калышат окшойт акыркы кундору ар мамлекеттен карыз сурашып карызга батыпатат сатчуу жерлерди сатып атат эртен дагы кыргыз.ды олтургузуп качып кеттишет.ушинтип элдин каргышына калышат
0
№ 595, 28-март-03-апрель, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан