26-март күнү мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Алматы шаарына жасаган иш сапардын алкагында Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушту. Өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, өз ара кызыгуу жараткан түрдүү тармактарда боордош эки өлкөнүн өз ара аракеттенүүсүн чыңдоонун перспективаларын талкуулашты.
Ошондой эле мамлекет башчыларынын төрагалыгы алдында Астанада өтө турган Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын Жогорку мамлекеттер аралык кеңешинин отуруму талкууланды. Эки өлкө ортосунда товар жүгүртүү улам өсүп, 2011-жылдан бери 40 пайызга жогорулап, 1 миллиард долларга жеткендиги белгиленди.
Алмазбек Атамбаев менен Нурсултан Назарбаев Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы кызматташуунун жогорку деңгээлин жана эң жогорку деңгээлде эки өлкөнүн ортосундагы жолугушууларды улантуунун зарылчылыгын белгилешти.
Ширин Турдакунова
politika@super.kg