НАТАЛЬЯ ВОДЯНОВА – XXI КЫЛЫМДЫН «ЗОЛУШКАСЫ»

Дүйнөлүк подиумда эң ий­ги­лик­түү жана көп суроо-талапка ээ болгон моделдердин бири – Наталья Водянова. Анын кантип модель болуп калганы, жеке жашоосу, артынан ээрчиген ушактар, жылдык кирешеси тууралуу маалыматтар сиздер үчүн, окурман.

Жемиш сатып жан сакташкан

Шыңга бойлуу сулуу Наталья Водянова бүгүнкү күндө эң көп акча тапкан моделдердин катарында. Анын бир жылдык кирешеси 5 миллион доллар. Бирок бир кезде мындай суммада акча табуу моделдин үч уктаса түшүнө да кирген эмес.
Наташанын атасы үй-бүлөсүн, башкача айтканда, аялын жана үч кызын таштап кеткен. Кыздары менен жалгыз калган эне аялдамада жемиш сатып, нан таап күн көргөн. Наташа кыздардын улуусу болгондуктан, кичинекей бөбөктөрүн багып, үй жумушун жасоого милдеттүү болчу. Кичүү сиңдиси майып болгондугуна байланыштуу апасы ооруканага көп каттоого аргасыз эле. Минтип апасы бошобогон кезде жемиш сатуу жумушу да Натальяга жүктөлө турган. Андыктан кичине кези эсине түшкөндө: “11 жашымдан түйшүккө малынып, тытынып иштедим. Бирок каалаган оюнчугум менен ойноп, мага жаккан көйнөк кийип, дегеле балалык доорун сүргөн жокмун”,- деп калат.

Тагдыр «сюрпризи»

Бул сулууда кичинесинен жок нерседен бар кыла алчу жакшы сапат бар. Мисалы, гезит-журналдардан бир көйнөктү көрүп жактырып калса, таенесинин эски көйнөктөрүн бузуп, ага окшоштуруп тигип алчу. Дал ушул өнөрү аны мода дүйнөсүнө алып келген десек жаңылбайбыз. Мындай өнөрүнөн улам анда модель болуу кыялы жаралат. Ушундан тарта Нижний Новгороддогу моделдерди даярдоочу академияга тапшырат. Окуп жүргөн кезинде Москвадагы бир моделдик агенттиктин өкүлдөрү келип, ишке алуу үчүн студенттер арасынан ылайыктуу кыз тандап калышат.
Алардын тапшырмасы боюнча конкурска катышуучулар мүчө-келбетин толугу менен көрсөтө турган ачык жана кыска кийим кийүү керек эле. Наташанын башкалардай болуп дүкөндөн кийим сатып алууга чамасы жок болчу. Андыктан кыска юбка жана ага ылайыктуу кофтанын дизайнын ойлоп таап, аны эски көйнөктөн тигип алат. Келишимдүү келбетине оригиналдуу тигилген кийими жарашып калган кыз дароо калыстар тобунун көзүнө илинет. Ошентип, профессионалдар жүзгө жакын чырайлуу кыздын арасынан Водянованы тандап алышат. Наташанын табият тартуулаган сулуулугу дүйнөнү багындырарына көзү жетип, “орус кызынын чырайын бүтүндөй ааламга таанытабыз” деп, баш калаага алып кетишет. Ошондон Водянованын моделдик дүйнөгө алган сапары башталат.

Жолдошун бир көрүп сүйүп калган

Водянова башка моделдерден айырмаланып, жеке жашоосун арткы планга жылдырган эмес. Жылдызы жанып турган маалда ак сөөктүн тукуму, англиялык лорд Жастин Портман менен ак сөөктөр өткөргөн кечеде таанышат. Экөө бири-бирин көргөндө эле сү­йүп калышат. Сүйүүлөрү аларды жарандык никеде жашоого алып келет. 2001-жылы сүйүшкөндөр Лукас аттуу уулдуу болушкандан кийин гана мыйзамдуу никеге турушат.
Учурда 27 жаштагы атактуу сулуунун 2 уул, 1 кызы бар. Үй-бүлөсү менен АКШнын Нью-Йорк шаарында жашайт. Үч ирет төрөсө да мүчө келбетин кыздай сактай алган Наташага бүтүндөй айымдар таң берип, сырын сурап келишет. Бирок ал дайыма: “Менде, болгону, табият тартуулаган сулуулук гана бар. Келбетимди сактоо үчүн эч качан диета кармаган да, операция жасаткан да эмесмин”,- деп жооп берип келет.

Байлык да, атак-даңк да буза албады

Адатта “Адамды бузган – байлык менен бийлик” деп айтылат эмеспи. Бирок байлык бардык эле адамдарды буза албастыгына модель кыз далил десек жарашчудай. Тутамдаган акчасы, дүйнөгө таанымал атак-даңкы, аброю болсо да, карапайым үй-бүлөдөн чыккан кыз жөнөкөйлүгүн жоготпой сактап келет. Башынан өткөн тагдырын да жаап-жашырбайт. Ак кө­ңүл, адамгерчиликтүү модель берешендиги менен да колунда бар адамдардан өзгөчөлөнүп турат. Анткени анын “Ачык жүрөктөр” деп аталган балдарга жардам берүүчү фонду бар. Аталган фондуна жыл сайын 2 миллион долларга жакын каражат бө­лүп турат. Аты ааламды аралаган атактуу моделдин мурунку жашоосуна көз чаптыргандар аны “XXI кылымдын “Золушкасы” дешет.

Таштап кеткен атасын кечирип...

Кыздары аталык тарбияга, мээримге муктаж болгон маалда таштап кеткен атасы кызын атак-даңкка бөлөнгөн кезде издеп келген. Болгондо да кечирим суроо менен катар материалдык жардам берүүсүн сураган. Наташа ошондо айкөлдүк кылып: “Бейтааныш жандарга деле жардам берип жатпаймынбы. Анын жанында жаман да болсо атамсыз”,- деп кечирген. Ошентип, апасына жана сиңдилерине колдоо көрсөтүүдөн тышкары атасынын жаңы үй-бүлөсүнө да көмөк көр­сөтүп келет.

Анкетасы

  • Толук аты-жөнү – Водянова Наталья Михайловна
  • Туулган жылы – 1982-жыл, 28-февраль
  • Туулган жери – Орусия, Нижний Новгород шаары
  • Бою – 176 сантиметр
  • Параметри – 86-61-86
  • Улуту – Орус
  • Көзүнүн өңү – Көгүлтүр
  • Бүгүнкү күндө – Дүйнө тааныган модель
  • Үй-бүлөлүү, үч баланын энеси

Кызыктуу

  • Моделдердин арасынан Дарья Жукова менен жакшы мамиледе.
  • Акыркы кезде басма сөздөрдө “Водянованын телеалпаруучу Андрей Малахов менен мамилеси бар” деген сөз таркаган. Буга карата модель: “Биз, болгону, “Евровидение” конкурсун чогуу алпарганбыз. Андан башка мамилебиз жок”,- деген комментарий берген.
  • Натальянын жолдошу Жастин аябай кызгаанчак болгондуктан, аны жалгыз эч жакка жибербей, да­йыма жанында коштоп жүрөт.

Бактыгүл Сокушова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
kgjigit
2009-10-19 12:35:23
мына сага тагдыр "Ак ийилет сынбайт деген ушу"
0
№ 363, 16-22-октябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан