Арсен:«ШОУ-БИЗНЕСТЕ АЗГЫРЫК КӨП»

Арсенди жаңы чыгармачылыкка аралашканда «ырдай албайт» деп кемсинткендер да болуптур. Бирок ырчы мырза Юрмаладагы «Жаңы толкун» сынагында 4-орунга татып, жандуу ырдап бир нече жолу жеке концертин берип, ал кепти жокко чыгарды. Арсен мырза бул жолу бизге өзүнүн ички сырларын ачып берди.

«МАШИНАНЫН ДӨҢГӨЛӨКТӨРҮ МЕНЕН ОЙНОГОНБУЗ»
– Бала кезден айрымдардай болуп оюнчуктарга бай болуп ойногон жокмун. Биз көчөдөгү балдар менен чүкө ойночубуз. Анан да машинанын дөңгөлөктөрүн алып өзүбүз ар нерсе жасап ойногонубуз эсимде. Чоңойгондо болсо спорт менен катуу машыктым. Бизде, Таласта күрөшкө барбаса адам болбойт деген түшүнүк бар болчу. Ошон үчүн элден калбайын деп мен дагы 5-класстан 9-класска чейин грек-рим күрөшү менен машыктым. Анда классика менен эркин күрөштөгү балдар ортосунда атаандашуу аябай күч эле, эки жаат болуп көп мушташтык. Эркек болгондон кийин спорт менен машыгыш керек деп ойлойм. Азыр деле кесиптеш досторубуз башка командалар менен футбол ойноп турабыз. Кошумча бокс, бий менен алектенем. Кыскасы, убактымды текке кетиргим келбейт.

«МЕКТЕПТИ КӨП АЛМАШТЫРДЫМ»
– Кээде чыгармачылыгымды, азыркы күндөрдү атам көрсө болмок деп аттиң кылам. Ал киши болсо мен мынчалык кыйналбасам керек эле. Жашоо шартка байланыштуу көп жолу мектеп которуп жүрүп, улам жаңы классташтарыма аралаша албай, эрке жаным билинбей түнт болуп кеткем. Мына быйыл, буюрса, 25-майда 10 жылдыгым өткөнү турат. Жакын катышкан досторум деле бар дечи, бирок бир класс болуп майрамдасам кандай сонун болмок. Бир жерде туруктуу окубаганыма байланыштуу 10 жылдыкты да көп классташтарым менен тосо албайм деп өкүнөм.

«ЫРЧЫЛАР МЕНИ КӨП БАСЫНТЫШКАН»
– Таластан 8-классты бүтүп, Бишкекке келип Финансылык техникумга тапшырдым. Ошол жактан досум Омар менен таанышып, чыгармачылыкка кызыгуум артты. Мен жаңы кыргыз эстрадасына аралашып баштаганда азыркы эле айрым кесиптештер көп жерден намысыма тийишчү. Сөз менен болбосо да баскан-турганы менен, бул ырдаганды билбейт дегендей мамиле кылышкан. Мен болсо андай басынтууларга чөгүп калбай, тескерисинче, чыйралып, ырларды жазып, иштей бердим.
Ырчы болгондон кийин азгырык, интрига, ушактар көп болот экен. Ушул кезге чейин менин дарегиме айтылган жагымсыз сөздөргө маани бербей, чыгармачылык менен алпурушуп келем. Мен көбүнчө сүйүү темасында ырдайт эмесминби. Адам өзү билген нерсесин кылыш керек деп ойлойм. Андыктан ырларым аркылуу башымдан өткөн, ичимде болуп жаткан сезимдерди берип келем.

«ҮЙЛӨНҮҮ ТУУРАЛУУ ОЙЛОНУП КАЛДЫМ»
– Мурун жактырган кыздарым болгон, бирок бирөөсү менен да мамиле курган жокмун. Ал кезде өзүмө көп ишене алчу эмесминби, айтор, кыздарга сезимимди билдиргенден ийменет элем. Азыр болсо жүрөгүмдүн ээси бар. Ал кыз менен интернеттеги социалдык тармактардын биринен таанышкам. Чынында, аны мени менен сүйлөшпөсө керек, теңине албаса керек деп ойлочумун. Жөнөкөй кыз экен, балким, ошол жактан экөөбүз бири-бирибизге төп келдик. Ал деле таң кала берет, «мен эч ким менен сүйлөшчү эмесмин. Кантип сени менен байланышып кеттим?» деп. Буйрук окшойт, табышып калдык.
Мурун, чынында, үйлөнүү тууралуу көп ойго келчү эмес. Азыр ойлонуп калдым. Бирок өзүм айтпадымбы, орто жолдо туугандардыкында жүрүп чоңойдум деп, ошон үчүн келечекте үй-бүлөм, балдарым андай акыбалда калышын каалабайм. Кала берсе менин азыр да таяна турган адамым жок. Үйлөнгөнгө жараша келечекти ойлоп, пайдубалды бекем куруп, анан үйлөнөм деп жүрөм.

«МЕНИН СТИЛИМ
– Менин кийинген стилим – кэжуал. Жарым спорттук, жарым классикалык стиль. Бул стилдин мага ыңгайлуулугу жагат. Мода, бренд дегендерге кызыкпайм. Кийим тандаганда да өңү, фасону жакса эле ала берем.

«ТЕМИР ТУЛПАРЫМ»
– Биринчи жолу чыгармачылыкка аралашып калганда БМВ үлгүсүндөгү күмүш түстүү унааны сатып алгам. Анда да досторум «ушул жакшы, сага да ылайыктуу» деп кеңеш беришкен эле. Андан кийин бир жолу эле алмаштырдым, ошол эле үлгүдөгү БМВны кара түстөгүгө. Унаа алмаштырганды жакшы көргөндөр бир жыл ичинде эле 4-5 жолу алмаштырышат эмеспи, мен андай нерсеге көп деле кызыкпайм.

«ЖАШООДОГУ ЭҢ КЫМБАТ АДАМЫМ»
– Менин жашоомдогу эң кымбатым бул – апам. Апам менин чыгармачылыгымды дайым түшүнөт, колдоп, «мен сага ишенем» дейт. Апам 52ге чыкты. Учурда айылда иним менен чогуу турушат.

Гүлжамал Бөрүкулова,
Адилет Бектуров
«Maryotel
» мейманканасына ыраазычылык.
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Арсен: "Кызганбаган кыз таптым"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
Aisanat
2014-03-31 13:44:56
Бизде да орундуу, маданияттуу суйлогон ырчы жигит бар екенине суйнуп атам.
+3
AIDASHER
2014-03-31 14:38:03
Красавчик урматтайм Арсенди!!!!!
+1
admin_media
2014-03-31 14:49:19
mikatagaev,
Кимдир-бирөөнү мазактап, кемсинтүүгө тыюу салынат! Эскертүү!
0
Munara-9-0
2014-03-31 15:16:18
Молодец ийгилик!!!!!!!!!!!!
+1
aikomir
2014-03-31 17:12:25
Мага стили озгочо жакты, ушундай болуп кийинип алгандар жагат да))))
+2
gulperi.kg
2014-03-31 19:18:25
Таянаарга тоом жок десе ата-энеси бир тууганы жок окшойт депмин апаныз бар экен кудайга шугур.Бактылуу болунуз!!
0
kolya121212
2014-04-01 06:09:31
Бакыт каалайм. Таланттуу шайыр жонокой бала.
+1
Supataev.Salamat
2014-04-01 09:33:42
Нарцисс
+1
PATRIOT_07
2014-04-01 13:45:05
Реалдуу создор, кенештер жана максаттар . Эл ичинде сый - урматка татыктуу!
+2
_oichul_
2014-04-02 02:31:31
Братан адуши ойдогудай анча мынчага пышкандайсын, колдойм чыгармачылык ийгилик! Бактылуу бол!
+1
mahabat.
2014-04-02 10:32:14
эээхххх арсен.сенин бир тыныраак ырын барбы деги?????клиптер толтура а бирок уккулуктуу олутту кыйраткан бир да ырын жок.давай досвидания
-1
ZarinaSM
2014-04-03 00:00:07
Как же я его люблю...милый ,добрый и всегда улыбчивый!
+1
syrduu
2014-04-03 15:47:23
Арсен эн соонун ырларды ырдайт мыктысын!!!
+1
mikilei_89kg
2014-04-05 10:26:12
орусча акцент менен ырдагайтко
0
naaazka
2014-04-06 14:21:15
arsendin bawka yrchylardan unu, stili m.n aiyrmalanat. maga jagat chygarmachy.ga iygilik
0
№ 595, 28-март-03-апрель, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан