22-23-март күндөрү «Тамашоунун» Жогорку Лигасынын жарым финалы болуп, андан мыкты 6 команда «Видеосынак», «Ким тапан?», «Фристайл» тапшырмасы боюнча ат салышты. Эки күндүк оюндун жыйынтыгында «Кыргыз двор», «Позитифф», «Бишкек», «No name», «NutsТан», «Элестет» командалары финалга жолдомо алышты. Бул оюн көрөрмандарга «Ак-Өргө city» командасынын Жогорку Лигадан кетиши менен эсте калды. Негизи, «ак-өргөчүлөр» чемпиондукту багынтабыз деп катуу киришип, «KG 77» менен биригип чыгышкан эле. Жеңишке бир кадам калганда балдардын оюнан кайтып кеткени кызык болду. Бул боюнча команданын өкүлү Самат Эркинбековго кайрылдык.
«Акыркы кезде ар кандай долбоорлор менен иштеп, оюнга жакшы даярдана албай калып жаттык. Ошондуктан бизге күйөрмандык кылган адамдарды да уят кылбайлы деп ушул чечимге келгенбиз. Өскөн жериңден кетүү кыйын экен, сахнада көз жашыбызды араң кармап турдук. Азыркыга чейин күйөрмандар чалып, «Тамашоудон» биротоло кеттиңерби?» деп сурап жатышат. Чынында, биз сезондон гана кеттик, фестиваль же башка оюндарда келип ойноп турабыз. Долбоордон тышкары бизге «иштешели» деп сунуш кылган продюсерлер көп болууда. Жакында гана бир казак продюсери кыргыз-казакка тең жага турган комедия жанрындагы тасма тартуу сунушун киргизди. Аны да ойлонуп жатабыз»,- дейт Самат.