– Саламатсыздарбы, «Супер-Инфо» гезити? Менин сүйүктүү ырчым Нурбек Савитахунов тууралуу сурайын дегем. Угушумча, анын сүйлөшкөн кызы Москва шаарында операция болуп, оор абалда жатканына байланыштуу ал чыгармачылыктан алыстап, чет өлкөдө иштеп, акча топтоп жүрүптүр. Ушунун чын-бышыгын билип бериңиздерчи, балким, колубуздан келишинче жардам бермекпиз.
Диляра, Токмок шаары.
– Нурбек буга чейин жумушуна байланыштуу Москвада жүргөн, азыр Дубайда иштеп жүрөт. Мекенибизге биротоло качан кайтары белгисиз. Бирок «келип турам» деген. Чыгармачылыгын солгундатпай кошо алып кеткенге аракет жасап жатат. Ал эми сүйлөшкөн кызы тууралуу чыккан кеп бул чындык эмес. Ага Дубайдан жакшы сунуш түшкөнүнөн улам ал сунушту четке какпады,- дейт, ырчы мырзанын менеджери Миргүл Эсеналиева.