– Салам, «Супер-Инфо»! Мага Бегимай Бекбоева абдан жагат. Жакында эле «Бегимайдын курбусу жигитин тартып кетиптир» деп угуп калдым. Мындан мурунураак ырчынын «жигитим «тамашоучу» деген интервьюсун окуган элем. Ошол кептин чоо-жайын ырчынын өзүнөн сурап-билип бере аласыздарбы?
Айгерим, Кадамжай району.
– Туура, «тамашоучу» Файзидин аттуу жигит менен кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп, жакында эки ажырым жолго түштүк. Ал менден кичүү болчу. Барган сайын кызганып, баскан-турганыма чек коюп баштады. Чыгармачылык менен жүрсөм «неге мага көңүл бөлбөйсүң? неге чалбайсың?» деген суроолорду берип тажата берди. Ошондуктан мен азыр чыгармачылыгым менен эле алек болоюн дегем. Курбусу деп айтып жаткан кыз, чынында, курбум эмес. Мурунтан эле «дос болбойлубу» деп мага жабыша берчү. Файзидиндин ал кыз менен сүйлөшүп жүргөнүн уккам. Ал нерсеге башымды деле оорутпайм,- дейт ырчы Бегимай Бекбоева.