«ӨНҮГҮҮ-ПРОГРЕСС»:«БИЗ БИРГЕ ӨНҮГӨБҮЗ!»

«Биз бирге өнүгөбүз!» деген ураан менен «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы учурда Кыргызстандын булуң-бурчтарында кеңири белгилүү боло баштаган маалы. Өзгөчө жазгы талаа иштери башталган кезде аталган саясий күчтүн программалык максаттарынын бири – айыл жана мал чарба багытындагы иштери тездик менен жүргүзүлүүдө. Партия Кыргызстан элинин жашоосунун эң маанилүү деп эсептелген: саламаттыкты сактоо, айыл жана мал чарбасы, билим берүү, маданият, спорт, өнөр жай жана курулуш тармактарында дээрлик эки жылдан бери ийгиликтүү иш алып барат. Айрым саясий серепчилер «Өнүгүү-Прогресс» партиясы өкмөт кылбаган иштерди жүзөгө ашырып, аз сүйлөп, көп иш аткарат» дешет.

ЖАЙЫЛ РАЙОНУНДА МТС АЧЫЛДЫ
24-март күнү «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын Чүй облусундагы биринчи МТСи (машина-трактордук станциясы) ачылды. Буга чейин алар Ысык-Көл, Нарын, Талас, Ош жана Жалал-Абад облустарында ачылып, ийгиликтүү иш алып барышууда.
Жаңы МТС Жайыл районунда орун алды. Жаңы үлгүдөгү 6 трактор заманбап жер айдоочу шаймандар менен жабдылган. Алар жергиликтүү дыйкандардын жерлерин арзан баада айдап берип, район тургундарына туруктуу кызмат кылат. Беларустан алынып келинген тракторлор жер иштетүүдө керектелүүчү бардык шаймандар менен жабдылган. Алар Германия, Түркия жана Украинада өндүрүлүп, сапаттуу жана үнөмдүү – дыйкандардын сээп жаткан үрөндөрүн бекер коромжу кылбайт.
Петропавловка айылынын Маданият үйүндөгү ачылыш аземинде «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев Жайыл районунун тургундарынын алдында сүйлөгөн сөзүндө, айыл чарбасы чыныгы аракеттерге муктаж экендигин белгилеп, Кыргызстандын саясий күчтөрүн ак эмгекке үндөдү.
«Өкүнүчтүү факт: Айыл чарба министрлиги эгемендүүлүктүн жылдарында статистке айланып калды. «Укмуштуу» адистер, реалдуу турмуштан алыс, статистиканы сүрөттөгөн адамдар пайда болду. Мен башка партияларды, ишкерлерди айыл чарбасына салымын кошууга чакырам. Айыл чарбасы – кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгүнүн жашоосунун негизи»,- деди Б.Төрөбаев.
«Өнүгүү-Прогресс» партиясы эки жылга жетпеген убакыттын ичинде Кыргызстандын аймактарында он чакты МТС ачкан. Алар дыйкандарга арзан баада кызмат көрсөтүп келишет. Мисалы, айрым аймактарда 1 гектар жерди менчик тракторду жалдап айдоо 5000 сомдон кем болбойт, ал эми «Өнүгүүнүн» жаңы техникасы 1900 сомдон айдап берет. Башкача айтканда, айылдарда бай-манапка айланган менчик тракторлордун ээлерине жалдырабай, МТС бар аймактарда мурунтан айдалбай калган жерлерин эл эки эсе арзан айдатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Аталган кызматты бүгүнкү күнгө карата Кыргызстан боюнча дээрлик 20 миң үй-бүлө пайдаланган. Алар 50 миллион сомдой каражаттарын үнөмдөп калышты.

АКСЫДА МТС ИШТЕП, АЙДАЛБАЙ КАЛГАН ЖЕРЛЕР ИШТЕТИЛҮҮДӨ
19-март күнү Аксы районунда туруктуу МТС «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы тарабынан ачылды. Алгач жаңы үлгүдөгү 3 трактор келди, жакынкы келечекте алардын жалпы санын 8 даанага жеткирүү максаты каралган. Кербен шаарындагы ачылыш аземине катышкан «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев негизги эки максатка жетишкенин белгилейт. Анын айтымында, биринчиден, райондогу жер айдоонун акысы арзандады жана буга чейин айдалбай калган жерлер иштетиле баштады.
«Техникасы жок дыйкандар нечен жыл кыйналып келген. Ушуну көрүп, дыйкандарга жардам көрсөтөлү деп чечтик. МТСтерди уюштурган аймактарда эки негизги максатка жеттик десек болот: арзан баада кызмат кылып берип, жергиликтүү менчик тракторлордун ээлеринин баасын биздин деңгээлге түшүрттүк жана иштетилбей калган жерлерди иштеттик»,- дейт Б.Төрөбаев.
Аксы районунун тургундары жаңы техниканын келишине ыраазы. Аксы районунда мектеп мугалими болуп эмгектенген Акбар Бабакуловдун айтымында, «Өнүгүү-Прогресс» партиясы 2 жыл эмес, 20 жыл мурун түзүлгөндө, айыл тургундарынын жашоосу учурдагыдан кыйла жогору болмок.
«Менчик тракторлордун ээлери короонун ичин бир сотыхты 60 сомдон, тышын 50 сомдон айдап калды эле, «Өнүгүүнүн» эки трактору келип, 5-6 күндүн ичинде 50-60 гектарды айдап кетишти, 19 сомдон. Элге кызмат кылгандарды биз көтөрүп, өкмөткө коймоюн оңолбойбуз»,- дейт мугалим А.Бабакулов.
Аксы районунун жергиликтүү кеңештеринин кошмо жыйынынын төрагасы Жанарбек Надырбековдун айтымында, өлкөдөгү катталган 200дөй партиялардын баары ушундай иш алып барып, элдин турмушун оңдоого бет алса, Кыргызстан өнүгүп гүлдөп кетмек.
«Көп партиялар шайлоо алдында гана эстеп, куру убадаларын берип, элди алдоо, сатып алуу жолу менен шайланып кетишет. Төрт жылдан кийин аларды таба албай калабыз»,- деди Ж.Надырбеков.

«КОАЛИЦИЯ УРАСА УРАЙ БЕРСИН, ЭЛИМ ТҮБӨЛҮККӨ ЖАШАЙ БЕРСИН!»
Парламенттик коалиция урап, Бишкектеги саясатчылар жең ичинен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жүргөн маалда, «Өнүгүү-Прогресс» партиясы эл аралап, иш кылып жүрдү.
«Кандай гана өкмөт келбесин, ошол өкмөт элдин камын ойлоп, элдин ишенимине жетиши керек. Министрлер Бишкекте отура бербей, элдин арасына келип, таза суу, каналдарды тазалоо, жол салуу жана башка көйгөйлөрүн чечиши зарыл. Партиябыздын бир эле негизги максаты бар – бирге иш алып барып, колдон келген жардамды көрсөтүп, бирге өнүгөлү деген»,- деп билдирди Б.Төрөбаев, Ноокен районунун Шайдан айылынын Маданият үйүндө чогулган 500дөн ашуун тургундарынын алдында сүйлөгөн сөзүндө.
Учурда жазгы талаа иштери Кыргызстандын аймактарында кызуу жүрүп жаткан маалы. Ар бир дыйкан «келген жаз кандай болор экен, төккөн маңдай терим, мээнетим акталабы, жакшы түшүм аламбы?» деп үмүттөнөт.  «Өнүгүү» депутаттык тобунун мүчөлөрү: Бакыт Төрөбаев, Мирлан Бакиров, Тынчтык Шайназаров жана Абдулатип Режевалиев дал ушул маселелерди түшүнүү менен элдин жазгы талаа иштерине камылгасын баамдап, көйгөйлүү маселелерди чечүүгө даяр экендерин билдирип Жалал-Абад аймагын кыдырып сапарда болушту.
«Өнүгүү-Прогресс» партиясы Ноокен районунда бир жылдан ашуун мөөнөттө 6 трактордон турган машина-трактордук станция ачып, аны элге арзан баада кызмат кылдыртып, ондогон чакырым жол жана суу каналдарын оңдоп берип, мектептерге каржы көмөгүн көрсөтүп келет.
«Тракторлору арзан баада, жерди сапаттуу айдап берип жатат. Каналдарды тазалап, арыктарды чаап, жолдорду оңдоп жатышат. Жетим-жесирлерге, акчам жок дегендерге да жөн эле айдап беришүүдө. «Өнүгүү» партиясына, анын жетекчисине элдин баары ыраазы»,- деп айтып берди Ноокен районунун тургуну, 80 жаштагы Алибек ажы Жээнтаев.

ЭНЕЛЕРГЕ ӨЗГӨЧӨ КӨҢҮЛ БӨЛҮНҮШҮ ЗАРЫЛ
22-март күнү Жогорку Кеңештин «Өнүгүү» депутаттык тобунун депутаттары Бакыт Төрөбаев жана Мирлан Бакиров Базар-Коргон районунун аймактык ооруканасынын абалы менен таанышып, кызматкерлери менен жолугушуу өткөрүп, элдин арыз-муңун угушкан.
Жолугушуу учурунда эл өкүлдөрү «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы тарабынан толугу менен оңдоп-түзөлгөн оорукананын бөлмөсүнүн шарттары менен таанышып, ал жерде жаткан бейтаптардын ал-абалын сурашкан.
«Колунда жок карапайымдар, айрыкча энелер дарылансын жана бизден башка партиялар үлгү алып, алар дагы жардам көрсөтсө деген максатта жасап жатабыз»,- деди бейтаптар менен сүйлөшүп жаткан маалда Б. Төрөбаев.
Буга чейин «Өнүгүү» депутаттык тобунун мүчөсү Мирлан Бакиров Базар-Коргон аймактык ооруканасына «Тез жардам» автоунаасын белек кылган. Жалпысынан бүгүнкү күнгө чейин «Өнүгүү-Прогресс» партиясы тарабынан өлкө боюнча 16 райондук ооруканада заманбап шарт түзүлгөн бөлмөлөр ачылып, бул иш-чара дагы улантыла тургандыгы айтылган.
Партиянын негизги максаттарынын бири – Кыргызстан элинин ден соолугуна кам көрүү. Бул программалык максаттын алкагында жарандарыбыздын орточо өмүр узактыгын 80 жаштан ашыруу болуп эсептелет. Тилекке каршы, өлкөбүздө социалдык-экономикалык абалдын айынан бул көрсөткүч болгону орточо 68 жашты түзөт.
Мындан тышкары «Өнүгүү-Прогресс» партиясы эки жылдан бери «Өз жүрөгүңдү сакта» долбоорунун алкагында, Кыргызстандын тоолуу райондорунан тартып, бекер медициналык диагностика иштерин жүргүзүүдө. Медицина адистеринин көчмө топтору өлкөбүздү кыдырып, шаймандары менен жүрөк-кан тамыр ооруларын акысыз текшеришет.

СПОРТ: УЛУТТУК ОЮНДАР УНУТУЛБАШЫ КЕРЕК!
Советтер Союзу доорунда кыргыздын улуттук оюндары унутулуп, айрымдарына тыюу салынганын тарыхчылар жакшы билишет. Буга байланыштуу улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов тилибизге «маңкуртташуу» түшүнүгүн киргизген. Эгемендүүлүк жылдарында улуттук, өзгөчө ат оюндарына кызыгуу кайрадан күчөдү. «Өнүгүү-Прогресс» партиясы спорт тармагында, олимпиадалык эле эмес, спорттун улуттук түрлөрүнө да көңүл бөлүү зарыл экенин белгилейт.
21-мартта «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы Нооруз майрамына карата Кара-Көл шаарында улуттук ат оюндары боюнча мелдеш уюштурду. Оюндардын жалпы байгеси 250 миң сомдон ашты. Мелдеште кыргыздын улуттук ат оюндарынан: көк бөрү, эр эңиш, эңиш, бышты жорго, ат чабыш, кунан чабыш, балбан күрөш мелдештери уюштурулуп, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин «Өнүгүү» депутаттык тобунун депутаттары Бакыт Төрөбаев, Мирлан Бакиров, Тынчтыкбек Шайназаров, Кара-Көл шаарынын мэри Мамбет Тойчиев, шаардык кеңештин төрагасы Мирлан Жээнбеков катышып, мелдештин катышуучуларын жана конокторун Нооруз майрамы менен куттукташты.
Мелдешке өлкөнүн Чүй, Талас, Жалал-Абад аймактарынын балбандары жана атчан спортчулары катышышты.

Жайыл районундагы жаңы МТСтин ачылыш аземинен.

Ноокен районуна караштуу Шайдан айылынын Маданият үйүнө келген элдин көптүгүнөн залда бош орун калбай калды.

Кара-Көл шаарында өткөн эр эңиш оюнунан бир көрүнүш.

Айзатбек Асанкул уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 595, 28-март-03-апрель, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан