ОППОЗИЦИЯ «КУМТӨРДҮН» КИРЕШЕЛЕРИН ӨЗ КОЛУНА АЛГЫСЫ КЕЛЕБИ?..

Инвестор кенди иштетүүдөн түшүүчү 800 миллиондон ашуун долларды түзгөн каржылык көрсөткүчтөрдү жарыялаган соң оппозиция «Кумтөргө» «элдик» көзөмөл орнотууну талап кыла баштады.
Анын үстүнө оппозициянын лидерлеринин бири өлкөнүн бардык кендерин териштирүүнү жана аны 31-мартта Бишкекте өтүүчү курултайда талкуулоону каалоодо. Эгерде «Кумтөр» азыркыдай натыйжалуу иштебесе, анын тагдыры саясатчыларды таптакыр кызыктырмак эместиги белгилүү. Мисалы, өткөн жылы «Кумтөр» компаниясы тарабынан салыктар жана Социалдык фондго которуулар, ошондой эле башка милдеттүү төлөмдөр түрүндө КРнын бюджетине төлөмдөр 108 миллион доллардан ашкан. Мындан тышкары салыктарды, аффинаж үчүн төлөмдөрдү, товарларды жана кыргызстандык товар өткөрүүчүлөргө акы төлөөнү, инфраструктура боюнча төлөмдөрдү, кайрымдуулукту кошо алганда республикалык төлөмдөр 270 миллион доллардан көп болгон. Ошондуктан мында оппозиционерлер үчүн элдин атынан бөлө турган нерсе бар. Компания 2014-жылы 17,1-18,7 тонна алтын өндүрүүгө даяр экендигин да билдирди, бирок бул инвесторлордун иштөөсүнө жолтоо болбогон шартта гана мүмкүн.
– Эгерде кайрадан жолдорду жабуулар, баш аламандыктар башталса, анда ал долбоорлорду кайрадан уюштурууга таасир этиши жана анын натыйжасында ишкананын кызматкерлерине төлөнүүчү кошумча төлөмдөр төмөндөп кетиши мүмкүн. Эң башкысы, эмгек жамаатына асылууларды, иш таштоолорду болтурбоо үчүн эмгекчилердин укуктары сакталышы керек. Ошондо компания толук өлчөмдө иш жүргүзмөкчү,- деп эсептейт Кыргызстандын тоо-кен-металлургия профсоюзунун БКсынын төрагасы Элдар Тажибаев.
Эксперттер айрым оппозиционерлердин өлкөнүн алтын ресурстарына ашыкча көңүл буруусунан өкмөттү тоо-кен казып алуу тармагын башкаруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуу аракетин көрүшүүдө. «Мындай билдирүүлөрү менен оппозициянын өкүлдөрү бийлик менен элдин ортосуна ажырым киргизүүгө аракеттенүүдө»,- дейт саясат таануучу Марс Сариев:
– Оппозиция бийликти экономиканын стратегиялык маселелерин чечүүдөгү легитимдүүлүгүнөн ажыратууну каалап жатат. Албетте, бул жерде кандайдыр бир реалдуу элдик көзөмөл жөнүндө кеп болушу мүмкүн да эмес. Биздин өлкөдө чачыранды алтын кендери жергиликтүү бизнесмендер тарабынан «жапайы» казылып жаткан учурлар бар жана аларга бийлик өкүлдөрүн киргизишпейт. Бирок ал калктуу пункттардын тургундарынын жашоо деңгээлин да мыкты деп айтууга болбойт. Мындай аракеттер Кыргызстанды Ливиядагыдай регионалдык бөлүнүүчүлүктүн терс натыйжасына алып келиши мүмкүн. Ал өлкөдө жаңы бийликке баш ийбеген регионалдык талаа командирлери мамлекетти кыйгап өтүп нефть сатып жатышкан учурлар бар. Мына ошондуктан Садыр Жапаровдун билдирүүлөрүнүн артында ливиялык сценарийге окшош чоң саясат жатат. Мында оппозиция да ошондой эле принцип боюнча аракеттениши мүмкүн. Инвесторлор жана Кыргызстандын инвестициялык климаты үчүн мындай саясий оюндар кыйратуучу мүнөзгө ээ.
Ресурстар үчүн мындай саясий күрөш нефтиге бай Ливияны кандай жан кейитерлик натыйжага алып келгенин массалык маалымат каражаттарынан билүүгө болот. Жакында эле бакубат өлкө болгон бул мамлекеттин көптөгөн жашоочулары бүгүн качкындарга айланышкан.
Экономист Расул Умбеталиевдин пикири боюнча, оппозиция өз ураандарында мындан ары да «алтын» темасын козгой бермекчи.
– Алтынды казып алуу жана аны адилет пайдалануу боюнча кырдаал кыргызстандыктарды люстрация же бийлик бутактарынын ыйгарымдары темаларына караганда алда канча көп толкундантат. Мына ошондуктан оппозиция тоо-кен казып алуу тармагынын маселелерин биринчи планга алып чыга берет. Ошол эле «Кумтөрдүн» кандай иштешинен Кыргызстандын келечеги көз каранды. Ушундан улам «алтын ресурстары» боюнча саясий акценттер ушундай резонанстуу мүнөзгө ээ жана «Кумтөр» боюнча митингдер өлкөнүн түндүгүндө эле эмес, түштүгүндө да өтүүдө,- деп болжолдойт эксперт.
Анын айтуусу боюнча, бүгүнкү социалдык-экономикалык оор кырдаал үчүн инвесторлор гана күнөөлүү болууда, ага жергиликтүү бийликтер да күнөөлүү.
– Акыркы жылдары бийлик органдарынын өкүлдөрүнүн айтуусу менен коомчулук алдында региондордун социалдык-экономикалык көйгөйлөрү үчүн инвесторлор гана жооп берүүгө тийиш. Ал эми республикалык жана жергиликтүү чиновниктер четте калышкандай. Ошондуктан жергиликтүү эл инвесторлордон жолдорду, ооруканаларды жана башка инфраструктура объектилерин кошо алганда, олуттуу социалдык көйгөйлөрдү чечүүнү талап кылышкан. Жергиликтүү калкка жардам сурап кайрылуу үчүн инвесторлордон башка эч ким жок болуп жатпайбы. Бирок Ысык-Көл облусунун социалдык муктаждыктарын чечүүгө ар жылы регионалдык фондго миллиондогон долларларды которуп турган ошол эле «Кумтөрдөн» дагы эмнени талап кылууга болот? Тилекке каршы, фондго түшкөн «Кумтөрдүн» каражаттарынын көбү уурдалып кетүүдө,- деп билдирет Умбеталиев.
Эксперттер өкмөттүн ишмердүүлүгү да оппозицияга Кыргыз Республикасынын стратегиялык долбоорлорун улутташтырууну талап кылуу үчүн себеп бербөөгө тийиш деп эсептешет.

Айбек Муратов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
jaazira13
2014-03-31 11:29:45
оппозияны уксан, кумтор алтынды казып алып канадага жон эле алып кете береткен, жапаров айткандай 300тонна алтын алып чыккан, бирок оппозиционерлердин баарын карасан алар казнокраддар жана рейдерлер, туура ойлосон бул абалды мектеп окуучусу деле тушунот
-2
azat_sokrat
2014-03-31 12:02:34
иши кылып тынчылык еле болсо екен
-2
№ 595, 28-март-03-апрель, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан