Акыркы учурда заманыбыздын жаңы толкуну акылдуу телефондор үчүн ылайыкталган инстаграм аттуу программа кеңири жайылууда. Мен дагы аталган программанын активдүү колдонуучуларынын биримин. Аны менен колдонууну мага бийчи Атай Өмүрзаков үйрөткөн эле, эми минтип топтогон тажрыйбамды жалпыңыздар менен бөлүшүп, кызыктуу макала жазып чыгарууну туура көрдүм.
ИНСТАГРАМ ТУУРАЛУУ
Инстаграм (Instagram) – деген сөздүн мааниси англис тилинен которгондо «Instant» – «көз ирмем», «telegram» – «телеграмма» дегенди билдирип, «көз ирмемде жөнөтүлгөн телеграмма» деген маанини түшүндүрүп турат. Аталган программаны айфон жана айпадга жүктөп алып колдонсо болот, андан тышкары андроид платформасында иштеген телефондордун ээлери да инстаграм менен колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Бул программанын негизги функциясы сүрөт жана видеолорду көпчүлүк менен бөлүшүү. Сүрөттөр үчүн инстаграмда атайын фильтирлөө бар. Жүктөлүүчү сүрөт алгач автоматтык түрдө квадрат формасына ээ болуп, андан соң сиз каалагандай фильтирлөөдөн өтөт, кийин бир катар социалдык тармактарга жана жеке инстаграмдагы баракчаңызга баалануу үчүн чыгарылат. Аталган программаны 25 тилге которуп колдонууга болот.
ЖАРАЛУУ ТАРЫХЫ
Алгач аталган программа «Burbn» деп аталчу. Бирок инстаграмдын жаратуучулары Кевин Систром жана Майк Кригер жогорудагы программасынан майнап чыкпагандыктан, сүрөт жаатына ыктап, инстаграмды ойлоп чыгышкан. Алгачкы жолу инстаграм 2010-жылы 6-октябрда «Apple» компаниясынын дүкөндөрүнө сатыкка коюлган.
FACEBOOK`тун КАНАТЫНЫН АЛДЫНДА
2012-жылдын 9-апрелинде инстаграмды Facebook компаниясы 1 миллиард долларга сатып алышкан. Аталган сервистин кожоюндарына Facebook 300 миллион доллар которуп, андан сырткары 23 миллиондук акция баракчаларын өткөрүп беришкен.
СҮРӨТТӨРДҮ ЫЛГОО ИДЕЯСЫНЫН КЕЛИП ЧЫГЫШЫ
Программанын жаратуучуларынын бири Кевин сүрөттөр убакыттын өтүшү менен башка түстө болуп каларын байкаган. Андан соң өзүнүн балалыгында түшкөн сүрөттөрүн карап чыгат. Ошондон кийин Кевин эски шаарлардын боёкторуна да кызыгуусу артып отуруп, жыйынтыгында, инстаграмдагы сүрөттөрдү боёй турган 20 чакты түстү тандап алган. Чынында эле программанын жардамы менен фильтирленген сүрөттөр эскирген сүрөттөрдүн кейпин киет.
Нуркыз Курманбек кызы
kenesh@super.kg