ДҮЙНӨДӨ ЭМНЕ КЕП?

АКШ
ЖЕР КӨЧКҮДӨН 14 АДАМ КУРМАН БОЛДУ
23-мартта АКШнын Вашингтон штатындагы Каскад тоолорунун этегинде жер көчкү жүрүп, каза болгондордун саны 14 адамга жетип, 176 киши дайынсыз болууда.
Нөшөрлөгөн жамгырдан улам Осо шаарына жакын жерде бийиктиги 54 метрге жеткен көчкү түшкөн. Аталган штаттын бийлиги кооптуу делген аймакта жашаган жашоочулардан үйүн таштап, убактылуу башка жактарга кетип туруусун суранууда.


 

ИСПАНИЯ
КРЫМ БҮТҮП, ЭМИ КАТАЛОНИЯБЫ?
Испаниянын Конституциялык соту Каталония автономиялык облусун «эгемендүү юридикалык жана саясий субъект» катары кабыл алган токтомду жокко чыгарды. Сот бул токтом өлкөнүн негизги Конституциясына каршы келерин билдирди.
Жокко чыгарылган токтомду Каталония парламенти 2013-жылдын 23-январында кабыл алган эле. Бир айдан соң Испания бийлиги «каталондук парламенттин токтому өлкөнүн негизги Конституциясына каршы келет» деп Конституциялык сотко кайрылган.
Каталониянын Испаниядан көз карандысыздыгы боюнча референдум ушул жылдын ноябрь айында өткөрүлүшү күтүлүүдө.

ЕГИПЕТ
529 АДАМ ӨЛҮМ ЖАЗАСЫНА БУЮРУЛДУ
Египеттин Эл-Миня аймактык бөлүгүнүн соту «Мусулман бир туугандар» уюмунун 529 мүчөсүн өлүм жазасына тартып, 16сын актады. Мурдагы президент Мухаммед Мурсинин жактоочулары саналган бул уюмдун мүчөлөрү өткөн жылдын август айында полиция бөлүмүнө кол салып, бир канча офицерлерди өлтүрүшкөн эле. Айыпталуучулардын жактоочусу Ахмед Шариф сот отуруму адилетсиз өткөндүгүн айтып, «сот бул ишти бир күндө карап, ошол эле күнү өкүм чыгарып койду» деп билдирди.
Былтыркы жылдын аягында «Мусулман бир туугандар» уюму расмий түрдө Египетте террордук уюм катары саналып, анын бардык иш-аракеттерине тыюу салынган.

МАЛАЙЗИЯ
ЖОГОЛГОН УЧАКТЫН КАЛДЫКТАРЫ ИНД ОКЕАНЫНАН ИЗДЕЛҮҮДӨ
8-мартка караган түнү Малай­зиянын Куала-Лумпурдан Пекинге сапар тарткан Боинг-777-200 учагы дайынсыз жогол­гон эле. Ал учак Инд океаны­на кулап, учактагылардын баары (жалпы 239 киши) каза болушу мүмкүн экенин 24-мартта Малайзиянын премьер-министри Нажиб Разак билдирди.
Спутник аркылуу океандан учактын сыныктары делген объекттерди аныкташып, бул 2 жумадан ашуун убакыттан бери дайынсыз жоголгон учактын калдыктары болушу мүмкүн дешүүдө. Аны издөөгө Австралия менен Кытайдын аскердик учактары жана кемелери тартылды. Бирок аба ырайынын начарлап кеткенинен улам учактын калдыктары деген объекттерди табуу кыйынга турууда.
Ал ортодо каза болгон жүр­гүнчүлөрдүн жакындары Пекиндеги Малайзиянын элчилигинин астында баш аламандык уюштурушуп, малайзиялык авиакомпаниянын компенсация төлөп беришин талап кылышууда.

Адилет Керимбек уулу
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
ai.asylbekovna
2014-04-03 21:45:01
Тобоо Кудай сактасын, кырсык каш–кабактын ортосунда...
+1
Nurik_9597
2014-05-08 13:48:15
Emne boig 777-200 dagy dele tabyla elekbi emne oki9n jutup jiberdibi ne
0
№ 595, 28-март-03-апрель, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан