АТЫР КОЛДОНУУНУН ЭРЕЖЕЛЕРИ

Ар бир нерсени колдонууда сөзсүз эрежеси болот эмеспи. Ошол сыяктуу эле атырды себинүүнүн да өз тартиби бар. Эгер сүйүктүү жытыңыз менен көп убакыт бирге болууну кааласаңыз, анда төмөндөгүлөрдү эске ала жүргөнүңүз оң.

  • Атырды тандап жаткан учурда кийимге сээп көрүп текшербеңиз. Жыт ар бир адамдын терисинде башкача жыттанат. Андыктан териге гана сээп, бир аз шамалдатып, андан соң искеп көрүү керек.
  • Жаш кыздар жыттуу суу колдонгону жакшы. Ал эми жашы ортолоп калган айымдар парфюм суусун же духи себингени туура.
  • Эсиңизде болсун, атырды жуунгандан кийин гана таза териге себүү керек. Болбосо, тескерисинче, жагымсыз жыт пайда болушу ыктымал.
  • Жыпар жыт денеде көп убакыт сакталышы үчүн, алгач териге жытсыз крем же аты­ры­ңызга окшош жыттанган лосьон сүйкөп, жумшартып алган оң.
  • Теринин кан тамыр кө­рү­нүп турган жерлерине сеп­сеңиз, атырыңыз узакка чейин аңкып турат.
  • Чачыратып, же тамызган соң атырды денеге сыйпаган туура эмес. Ал өзү сиңиши керек.
  • Кийим киердин алдында атыр себинип, анан кийинүү керек. Антпесе көйнөктөгү атырдын тагы кетпей калышы мүмкүн.

Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (23)
aida83
2014-03-31 11:50:39
Жакшыы
0
asiia03
2014-03-31 14:47:59
Sasup ketkende sebinbeit al emne degen . Negisi kyndo jyynyp tyrysh kerek eger shartun bolso? Ar bir adam ozyn taza alup jyrso bolot da. Aturdu tyyra aitat jyynyp anan taza denege sebinet.
+2
cezimai
2014-03-31 16:32:21
Ар бир адам озу учун кам коргон жакшы да.
+1
ariet.88.kg
2014-03-31 19:44:33
себинуу керек,бирок чеги м.н ото буркуратып албай
+2
Sharipa-asia
2014-03-31 23:13:56
Рахмат кенешинерге
+2
alai.gulcha94
2014-04-01 03:45:32
Жакшы кенеш экен
0
Official_k
2014-04-01 10:02:58
jigittergeda aitsanar kenesh atyrdy kanday koldonuwtu
+2
Sonun90
2014-04-01 10:46:01
Ошондой эле жаш балалуу айымдар тагыраагы бала эмизген айымдар Атырды абайлап колдонушса дээр элем. Анткени зыян да жаш балага, о.э айтаарым атырды особый случайлардале колдонушса дээр элем. Ошондой эле нежный запах болсо баарына жагат го дейм
+1
IS_kg
2014-04-02 00:11:04
Ещё одно мелочь духини моюнга севет а не подмышек )))
0
Bella-life
2014-04-02 19:00:05
Мен дагы кошуп кетейин;
Атырды күндүн ысыгында эч колдонбойт,
кайнаган ысыкта, денеден терлер чыгып,
атырдын жыты кошулуп жүрөк айланткан учурлар болот!
Жана узак жолго чыкканда же көпчүлүк трансспорттогу
жүргүнчүлөрдүн да жүрөгү айланаарын унутпагыла.
Жетчү жерге аз калганда чыгып себинип койсо болот
+1
Boria2014
2014-04-03 00:22:33
Bella-life/ сен аябай туура жазыптырсын кошулам, атыр билинер билинбес жыттанса дейм анан биздикилер устунон ылдый тогуп олгандай жыттангандар бар арабызда капа болбосун. Рахмат кенешиниздерге!
+1
artur007
2014-04-03 01:52:28
ее достор адаи 5 маал даарат алса ошо атыр тишин жакшы жууса ошо атыр. спирт денеге куйуу куноо емес бекен мен мисалы атыр колдонбойм
+2
Kara_kyrgyz
2014-04-03 08:44:01
колтукка кандай кылышты да айтып койбоптур да
+3
kubanych0404
2014-04-05 14:18:28
Урматту супер инфо сиздерде туш жоруу жонундо барбы,эгер болсо каяктан окуй алсам болот?эгер жок болсо туш жору жонундо да малымыт берип турунуздарчы!
0
aibars
2014-04-07 07:30:59
kubanych0404, Tush korson joorup koi jakwylyktarga.
0
admin_media
2014-04-07 13:45:33
kubanych0404,
Саламатсызбы! Шилтеме: http://www.super.kg/media/stv/72495/
0
mbk
2014-07-25 14:53:58
Эн сонун кенеш экен,Рахмат! Супер-инфо.
0
№ 595, 28-март-03-апрель, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан