«Махабат аллеясы», «Сүйдүм сени» аттуу ырлары менен кыргызга аздыр-көптүр таанылып калган ырчы Жаным Айзаттын сахнадан көрүнбөй кеткенине 2 жыл болду. Анткени ал учурда Германияда программист адистиги боюнча билим алууда. Ырчы кыз биз менен акыркы жаңылыктарын бөлүштү.
– Айзат, чет өлкөдөгү жашооң кандай, бөлүшө кетсең?
– Азыр Германияда магистратурада окуп жатам. Буюрса, 1 жылдан кийин аяктайм. Андан кийин докторлук ишимди жактайм деген пландарым бар.
– Ал жакка кандайча кетип калдың?
– Кыргыз мамлекеттик курулуш-транспорт жана архитектура университетинин кыргыз-герман факультетинде окучумун. Бакалаврдык билимге ээ болгон соӊ Германияга магистратурага тандоо болгон. Ошондо өтүп кеткем. Бул жакта жүргөнүмө август айында 2 жыл болот. Азыр мен Цвиккау шаарында жашайм. Кичинекей эле шаар, бирок кыргыздар көп, көбүнчөсү студенттер.
– Кыргызстанга келип турасыңбы?
– Жакында эле Кыргызстанга барып, 2 жума жүрдүм. Эми жакынкы арада барбайт болушум керек, анткени дипломдук иш да жакындап калды. Германияда деле биздикиндей жылына 2 жолу каникул болот, ошондо барып турам.
– Ал жакта ыр чөйрөсүнө аралашып турасыңбы?
– Бул жерде дайыма ырдайм. Студенттерден түзүлгөн рок-топтор бар, алар менен тыгыз чыгармачылык катыштамын. Көбүнчө англис тилинде, кээде орусча ырдайм.
– Сахнаны сагындыңбы?
– Албетте, сагындым, бирок сахнадан кеткениме эч өкүнбөйм. Анткени чыгармачылыгым мага токтоп калгандай сезилчү. Германияга келип мен өстүм, өзгөрүлдүм. Буюрса, бир жылдан кийин чыгармачылыкка жаңы дем, күч, идеялар менен киришем.
– Ал жакта калып калбайсыңбы?
– Чын эле Германияда Кыргызстанга караганда бардык жагынан мүмкүнчүлүк чоң. Бирок Кыргызстанга кайтып келгим келет.
Мен убактылуу гана сахнага чыкпай калдым, сөзсүз ырчылык кесибимди улантам. Мээнет кылып алган билимим боюнча программисттикти да таштабайм.
– Тилден кыйналган жоксуңбу?
– Башында англис тилинде сүйлөчүмүн. Азыр немис тилин деле жакшы билип калдым. Жаңы келгенде 6 ай практикада бир компанияда жүрдүм, ошондо абдан кыйналдым. Алар мага практиканттардай эмес, көптөн бери иштеп жаткан адамдай мамиле кылышты. Немистер суроо берсең тажабай жооп беришет экен. 6 айдан кийин окуу башталды, биринчи күнү келсем группада 28 бала, кыздардан мен жалгыз экем. Алар да мага тил үйрөнүү жагынан чоң жардам беришти. Немис досторум көп. Достор чогулуп алып ырдайбыз, кыскасы, жакшы эс алабыз. Мен алардын жакшы жактарын өзүмө сиңирип жатам десем болот.
– Студенттик жатаканада турасыңбы, стипендия берилет бекен?
– Студенттик жатаканада бир немис кыз менен чогуу жашайм. Стипендияны башында бир жарым жылга жакын айына 650 евро алып жүрдүм, азыр ата энем жардам берип турушат.
– Жигитиң барбы?
– Бул боюнча маалымат бербей эле турайынчы.
– Кыргызстандын сахнасына кайтып келем деген ой-максаттарың бар экен. Келсең Жаным Айзат болуп эле чыгасыңбы?
– Мен эми псевдоним менен чыкпайм. Анткени чоңоюп да калдым. Толук аты-жөнүм менен эле чыгам.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg