Интернет булактары аркылуу атактуулукту багындырган ырчылар десе эле дароо жаш ырчы Жастин Биберди эстейбиз. Кыргызстандын алкагында интернет аркылуу атактуулукка карай жол салган жаш ырчы бар. Ал Аяна Касымова. Анын дүйнөлүк жылдыздардын ырларын аткарган видеолору социалдык тармактарда аябай популярдуу. Өзгөчө үнү менен көпчүлүктүн көңүлүн бурган Аяна Мирбек Атабеков, Нурбек Савитахунов, Салтанат Аширова сыяктуу атактуу ырчылар менен чогуу ырдаган соң, ага болгон кызыгуу дагы артты. "Сөзсүз түрдө мындай кызыктуу адам менен баарлашпасам болбос" деп Аяна жана анын атасы менен жолуктум. Жаш ырчынын атасы кызы ырдап жатса аябай толкунданып, берилип угуп жатканын көрүп, чыныгы музыкант үй-бүлөнүн кызы экенин түшүндүм.
КАСЫМОВА АЯНА
– Кандайсың, Аяна, мен сени аябай чоң кыз элестетипмин?
– Кандайсыз, мен али мектептин окуучусумун (күлүп). Мен 1999-жылы, 30-мартта төрөлгөм. Учурда №29-мектептин 9-классынын окуучусумун, ошондой эле №6 Искусство мектебинде окуйм. Чынын айтсам алгачкы жолу интервью берип жатам, бир аз сүрдөөдөмүн.
–Куттуктайм, тушоо кесүү турбайбы? Алгач өзүң, ата-энең тууралуу айтып берчи?
– Атам – Айзар Касымов, апам – Аида Токтосунова. Апам комузда кол ойнотот, атам болсо дээрлик бардык аспаптарда ойной алат. Атам мурун ырдачу, бирок азыр ырдабай калды. Экөө тең Кыргыз улуттук консерваториясын аякташкан.
Мен дагы кичине кезимден музыка менен алектенем. 3 жашымдан баштап «Ак Шоола» балдар хоруна баргам. Кийин эмне болду билбейм, барбай койдум. Үйдүн улуусумун, менден кийин 3 жаштагы бөбөгүм бар. Мектепте окуйм, үйдө апама жардамдашам.
– Интернет аркылуу сени көпчүлүк тааный баштады. Ал жакка сенин видеоңду жүктөө кимдин идеясы эле?
– Биз интернет аркылуу көп видеолорду көрдүк. Мага окшоп ырдап, интернетке жүктөгөн адамдар толтура экен. Анан апам айтып калды «кел, сенин видеолоруңду да жүктөп коёбуз» деп. Болгону ошол. Азыр төрт видео жүктөдүк, дагы экөөнү даярдап койгонбуз. Бул ишибиз элге жайылат деп ойлогон эмес элек.
– Атактуу ырчылар менен ырдап калбадыңбы, классташтарыңдын сага болгон мамилеси өзгөрбөдүбү?
– Мурдагыдай деп айта албайм. Бир аз алыстап кеттик. Бирок жакын досторум менен дагы эле жакшы сүйлөшөм.
– Сага кат жазган жигиттердин саны арбыса керек ээ?
– Көп эмес. Бирок сезимдерин айткандары да бар. Алардын бардыгына жакшы сүйлөп гана кутулам. Болбосо «жылдыз, асмандан түш, сен али эч кимсиң» деген сыяктуу кептерин айтышат.
– Сага «А-Студио» тобунун мүчөсү "Кети Топурияга окшош экенсиң" деп айтышпады беле?
– Ооба, бардыгы айтышат. Бул мага аябай жагымдуу комплимент. Себеби мен аталган топтун ырларын сүйүп угам. Ага окшош болсом бул жакшы гана нерсе деп билем.
– Көчөдө бара жатканыңда тааныгандар болуп жатабы?
– Ооба, көчөдө бара жатсам, маршруткага түшсөм, таанып калгандар болот. Кечээ күнү эле көчөдөн эки кыз мени карап «Аяна Касымовабы?» деп жатышкандарын угуп калдым. Чынын айтсам кубандым, жагымдуу болот экен.
– Азыр болгону 15 жашта экенсиң, шоу-бизнеске эрте аралашып алган жоксуңбу?
– Туура байкаптырсыз, мага ата-энем да көп айтат, "азырынча толугу менен аралашпа, шоу-бизнес сени бузуп коёт" дешет. Мен музыкадан ырахат алам, бир нерсенин артынан куубайм. Өзүм үчүн гана ырдай берем.
– Көбүнчө англис тилинде ырдайсың, кыргызча ырларың да барбы?
– Өзүм англисче ырларды угуп чоңойдум, мисалы, Селин Диондун ырлары жүрөгүмө жакын. Кичинемден англис тилин үйрөнүп келем, азыр ал тилде эркин сүйлөп калдым. Кыргызча ырым бар, бирок азырынча жалгыз гана. Ал ырым «Мачо» кинокомедиясына саундтрек катары жазылган.
– Талантыңдын арты менен чет өлкөгө кетүү сунушу түшсө кетесиңби?
– Чет элге чыгып, окуп келишим мүмкүн. Бирок Кыргызстанга сөзсүз кайтам. Себеби ушул жерден өнүп-өскүм келет.
– Бош убактыңда ырчылыктан сырткары эмне менен алектенесиң?
– Үйдөгү жумуштарды жасайм. Бөбөгүмдү карайм, ага да ырдап берем. Анан социалдык тармактарга баш багып коём. Менин жашоом кадимки өспүрүмдөрдүкүндөй эле.
– Келечекте кандай пландарың бар?
– Буюрса, май айында Эл аралык сынакка сапар алганы турам. Ал Алматыда өтөт экен. Азырынча так датасы белгилүү эмес. Мына ушундай сынактарга катышып, мекенимдин атын чыгаруу – менин негизги максаттарымдын бири.
– Маегиң үчүн рахмат!
Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg