«ВИА Гра» тобунун продюсери Константин Меладзе менен ошол эле топтун экс-мүчөсү Вера Брежнева экөөнүн ортосунда сүйүү мамилеси бар» деген кептин эл оозунда жүргөнүнө көп болду. Ал кезде Меладзенин үй-бүлөлүү экендиги себеп беле, кептин чын-бышыгы ачык айтылчу эмес. Продюсер жубайы менен ажырашкандан кийин гана анын экс-жубайы Яна агынан жарылып, үй-бүлөсүнүн урашына Брежневаны күнөөлөп маек курган. «Вера менен жолдошумдун мамилеси тууралуу угуп, ырчыга байланышсам, ал «ортобузда эч кандай мамиле жок» деген эле. Эми болсо Вера үйгө келип «ал кезде мамилебизди жашырганыбыз оң болчу» деп шайымды кетирди» деп ушак кепти ырастады. Учурда продюсер менен ырчы жарандык никеде жашашууда.