Зарина айым, «Белек» лотереясынын утуучусу:«ҮЙҮМ ЖОК ЭЛЕ, УТКАН АКЧАМА ҮЙ АЛАМ»

Былтыркы жылдын 31-декабрында 1-тиражын ойнотуп, ири суммадагы утуштарды уюштуруу менен миллиондогон утуучуларга кубаныч алып келип жаткан «Белек» лотереясы тууралуу калк жакшы эле билип калды. 28-март күнү ошол «Белек» элдик лотереясынын кезектеги утуш ээлерине байге тапшыруу аземи болуп өттү. Лотереянын 21-март – Нооруз майрамына карата чыгарылышынын жалпы байге фонду
16 миллион 600 миң сомду түзүп, 33 миңден ашуун адамдар ар кандай суммадагы утуштарга ээ болушту. Баш байге – 7 миллион сомго Нарын облусунун Ат-Башы районунун тургуну Зарина айым иниси Темирбек менен биргеликте ээ болуп отурушат. Алар «Белек» лотереясын биргеликте сатып алышкан.
Кубанычын жашыра албай толкунданган Темирбек мырза «Эми утушубузга эжеме үй сатып беребиз, туугандарыбыз, жакындарыбыз менен бөлүшөбүз» деп сүйүндү. Ал эми Зарина айым «Утарыбызды күткөн эмеспиз. «Белек» алдабайт экен. Баарыңыздар ойноп, утуңуздар!» деп кубанычтан көзүнө жаш алды. Ал жолдошу Казакстанга иштегени кетип, учурда 2 кызы менен ата-энесинин үйүндө жашап жатканын айтты.
Мындан тышкары 3 киши 200 миң сомдук утуштарга ээ болушту. Алардын бири Абдирашид Матиев акчанын көзүнө карабай, утуш чыгып калар деп үмүттөнүп 25 билет алганын айтат. Анын ичинен 7 билеттен 200 сомдук утуш чыгып, 8-билеттен 200 миң сомдук утуш чыккан. «Базарда бизнес кылам, утушумду бизнесимди өнүктүрүүгө кошумчалайм. Ошондой эле мындан ары да лотерея ойногонду уланта берем»,- дейт Абдирашид мырза.
Дагы бир утушка 19 жаштагы Адылбек Садырбеков ээ болду. Адылбек азырынча утуп алган 200 миң сомду эмнеге короторун ойлоно элек. Ал бул маселени ата-энеси менен бирге кеңешип чечерин билдирди.
200 миң сомдук байгенин 3-ээси Русланбек Рыскулов дагы утушуна сүйүнүп, толкунданып бүтө элек. Ал 200 миң сом утуп алганына алгач ишенген эмес. «Байге тапшыруу аземине келип гана ишендим» деген Русланбек мырза акчасын керектүү муктаждыктарга жумшаарын айтты.
Элдик лотереянын өкүлү Ташмамет Орозалиев лотереянын кезектеги чыгарылышы 15-апрелге белгиленип, баш байге 5 миллион сомду түзөрүн билдирди. Мындан сырткары жалпы байге фонду 15 миллион 500 миң сомду түзгөн бул чыгарылышта
400 миң сомдук 3 утуш жана 50 миң сомдук 30 утуш ойнотуларын кошумчалады. Байге тапшыруу аземинин жүрүшүндө элдик лотереянын биринчи жеңүүчүсү, 5 миллион сом утуп алган Александр уулу менен лотереянын уюштуруучулары тарабынан каржыланып Түркияда 3 күндүк эс алууда болуп кайтканы да белгилүү болду.

Ширин Турдакунова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
aitowa11
2014-04-07 13:07:41
Соонунго ойноп коруш керек
0
adiletaltynbek
2014-04-07 15:39:28
канча сом турат ушул билеттин баасы?
0
Desmond
2014-04-07 17:30:04
adiletaltynbek, 100 сомдон сатылат го
0
alatookg312
2014-04-07 16:05:24
билет баасы канча? айтып койунуздарчы суранам.
0
Bayjigit83
2014-04-07 16:58:39
alatookg312, билет баасы 100 сом турат.
0
bossmos7
2014-04-07 16:44:51
Буйрусун!
0
doooron
2014-04-07 18:02:07
Менда экону алдым эле биросунон 500сом чыкты 15не торт билет алдым буйурса чыгып калар
0
Anhel
2014-04-07 21:05:13
теледен ойнотулабы?
0
Aiperi0105
2014-04-10 11:09:06
Кандай бактылуу адамдар
0
dinar_13G
2014-04-10 16:21:15
15ни кутуп олтурам менда кудай буйруп чыгып калаар деп умут кылып.
0
Murok
2014-04-11 11:33:38
Омоооой эй жоомок го жоомоок
+1
№ 596, 04-апрель-10-апрель, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан