Кыргыз киносунда жаңы жүз. «Салам, Бишкек», «Түндүктүк келин», «Соолуган гүлдөр» тасмаларында роль жаратып, бир топ ырчылардын клиптерине тартылып, элге жүзү таанылып келе жаткан актёр Болотбек Тилектин «Сүймөнкул Чокморов жеткен бийиктиктерге жетем» деген тилеги бар.
«МЕН ЖӨНҮНДӨ...»
1989-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районунда төрөлгөм. Үй-бүлөдө жети бир тууганбыз, 5 кыз, 2 эркек. Мен алтынчысымын. Боюм – 168 сантиметр, салмагым – 68 килограмм. Түз жүргөн, ыймандуу, акылдуу, келбети эмес, жан дүйнөсү сулуу кыздар жагат. Адамга катуу сүйлөй албайм. Кээде бетке айтып, шарт басып кетем. Кек сактабайм, таарынычым эки күндүк. Досторум мени элге «бул баягы актёр да, жанагы кинодо ойногончу» деп тааныштырганда уялып кетем. «Мен сени бир жерден көргөндөй болуп жатам» дегендерге «базарда иштейм» же «маршруттук таксиден көрсөңүз керек, ошол жакта көп жүрөм» деп коём. Чүй театрында 3 жыл актёр болуп эмгектенгем, бирок 4 миң сомдук айлык менен жашоого мүмкүн эмес экен.
– Болот, биз сени Нурмат Садыровдун «Мен сүйгөн менен пайда жок» ырынын клибинен тааныйбыз, аталган клипке кантип тартылып калдың эле?
– Саламатсыздарбы, Нурмат экөөбүз чыгармачыл достордонбуз. «Клипке тартылып бер» дегенинен дароо эле макул болгом. Башка клиптерге деле көп тартылгам, жакында эле досум Ирлан Таалайбековдун клибине тартылдым. Бирок «Мен сүйгөн менен пайда жоктун» клибинен мени көбүрөөк таанышат.
– Актёрлук кесипке болгон кызыгууң качан пайда болгон?
– Мектепте окуп жүргөндө КВН команда түзүп, сынактарга катышып, класстагы уюштуруу иштерин мойнума жүктөп алып, кыйналып эле жүрчүмүн. Эжейлерим «кийин сенден белгилүү адам чыгат, жөн бала эмессиң» деп мактай беришчү. Эжейлеримдин ошол мактоосу менин чыгармачылыкка болгон кызыгуумду арттырды окшойт. Анткени кээ бир адамдар мактоодон кадимкидей өсөт.
Мага роль жараткандан да кадр сыртындагы окуялары кызык болчу. Кино бүткөндөн кийин кадр сыртындагы окуяларды беришет го, ошону көрүп «кийин мен да ушул чөйрөдө иштесем» деп кыялданар элем. Кийинчерээк өзүм кино тартып, колумдан жаралган эмгектер шедеврге айланса дейм.
– Демек, «актёр болом» деп бала кезде эле чечип койгон экенсиң да?
– Ооба, актёр болбосом күнүм бүтүп калчудай сезилип, 9-классты бүткөндөн кийин Балыкчыдагы техникумга тапшырдым. Бир жыл окуп, аттестат алдым. Борборго сапар аларда атам Бишкектеги эжемдин үйүнүн картасын чийип берген. Шаарга келип, эжемдин үйүн араң тапкам. Анан көчөгө чыгып алып Искусство институтун издегеним өзүнчө бир кызык. Алгач «актёр болом» деп Сүрөт академиясына барып алыптырмын, ал жактан «Кыргыз улуттук консерваториясына бар» дешти. Айтор, Кыргыз драма театры, Опера жана балет театрын аралап, Бишкекти бир кыдырып чыккам. Эптеп Искусство институтун таап келсем, абитуриенттерди кабыл алуу мөөнөтү бүтүп калыптыр. «Күзүндө келип көр» дешти. Маанайымдын түшкөнүн сураба. Бактым бар экен, күзүндө келсем орун табылып, окууга өтүп кеткем.
– «Өзүм кино тарткым келет» деп калдың, кандай кино тарткың келет?
– Балыкчыда окуп жүргөндө жездем кеме иштетип бизнес кылчу. Ал кемесин оңдоп-түзөп жатып, «кеме менен Көлдүн ортосуна барсаң, шамал катуу болгондо кемени жаба турган толкун болот, кадимкидей адреналин аласың» деп калчу. Ошондо жездемдин кемесин алып үстүн жаап, айылдагылардан пиратка окшош кишилерди таап, өзүбүздүн Ысык-Көлдөн эле толкун менен балдар үчүн жомок тарткым келген.
– Сунуш түшкөн бардык клип, кинолорго катарынан тартыла бересиңби же роль тандайсыңбы?
– Актёр эч качан роль тандабаш керек, ошон үчүн актёрсуң. Бирок тандабаш керек деп эле четинен тартыла бергенге да каршымын. Анткени мен диплому бар актёрмун, 5 жыл ачка-ток калып, 2 сом жол кире менен барып-келип окуган күндөр болду. Өзүмдүн баамды билем. Жакында эле «Карт бойдок» тасмасынан эпизоддук роль сунушташкан, баш тарттым, анткени эпизоддук ролго тартылгым келген жок.
– Кеп нугун жеке жашооңо бурсак. Мектепте окуп жүргөндө кыздардын курчоосунда жүргөн жигит белең?
– Кыздардын өзгөчө көңүл буруусунун алдында чоңойдум деп айта албайм. Бирок өзүмдөн улуу кыздар менен көп достошчумун. Менден кичүү же классташ кыздарым менен сүйлөшсөм, бир нерсе жетишпегендей эле туюла берчү. Өзүмдөн улуу кыздардын добушу менен мектептин окуучулар арасындагы премьер-министри болуп шайлангам.
– Үйдөгүлөр «келиндүү кыл» деше элекпи?
– Былтыр туугандар «үйлөнтөбүз» деп жатышкан, тилекке каршы, атам каза болуп калды. Быйыл атамдын ашын бергенден кийин ойлонуп көрөбүз.
– Демек, тандаганың бар экен да?
– Азырынча жок. Жүрөк өзү айтат го «ушул сеники» деп, меники ошентип айта элек. Жалгыз калганда «Кудай, мага кайсы кызды даярдап жатат болдуң экен, аны менен качан жолуктурасың» деп сүйлөшүп калам. Буюрса, ал күн алыс болбосо керек.
Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
star@super.kg