«АЙНЕК АДАМДЫН» ЖАНА «БӨТӨН ПЛАНЕТАДАН КЕЛГЕН КЫЗДЫН» БАЯНЫ

Дүйнөдө көптөгөн оору түрлөрү кездешет. Алардын жарымынан көбү айыгууга боло турган көп кездешкен оорулар. Ал эми азы сакаюудан күмөн санаткан чанда кезигүүчү дарттын түрлөрү. Мындайлар азыркы илим өнүккөн заманда да кездешет.

БУТУ-КОЛУ 25 ЖЕРИНЕН СЫНГАН «АЙНЕК АДАМ»
НУРБЕК, 22 жашта, Баткен шаарынын тургуну:
– Менин оорум тубаса экен. Кичинемден бери жыгылсам же бир нерсеге катуу урунсам эле колу-бутум сына берчү. Ошентип сынып, кайра туура эмес бүтө бергенден улам буттарым буралып, жыландай ийрейип калган. Ошол себептен өз алдымча баса албай, балдак менен басчумун. Бул абалымдан улам келечек жашоомду элестете алчу эмесмин. Анан 18 жашымда үйдөгүлөр Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна алып барып көрсөтүштү. Ал жерден операцияларды жасашып, атайын ыкмалар менен буттарымды түздөштү. 6 айдан кийин балдаксыз, түз басып кеттим. Ошондогу кубанганымды айтпаңыз. Кайра төрөлгөндөй болдум. Колдорумдун абалы жакшы эле болгондуктан, операция талап кылынбайт экен.
Кийин үйлөнүп, үй-бүлө күттүм. Азыр жашоом алынча, 2 кызым бар. Дарыгерге убак-убагы менен көрүнүп турам.

САБЫР ЖУМАБЕКОВ, дарылаган врачы, академик:
– Нурбектин диагнозу: өсүп жетилбеген остеогенез (сөөктөрдүн толук өсүп жетилбей калган тубаса оорусу). Гендик мутациянын натыйжасында келип чыккан. Мындай оору менен ооругандардын сөөгү 18 жашка чейин морт келип, жыгылса же бир нерсеге катуу урунса эле бир жери сынып кала берет. Андыктан андайларды «айнек адамдар» деп да аташат. Остеогенез чанда кезигүүчү оорулардын катарына кирет.
Нурбекти алып келгенде текшерүүлөрдөн өткөзсөк, колу-бутунун сынып, кайра өсүп калган жерлеринин саны 25ке жетти. Бастырып көрсөк зигзаг буттуу адам басып бараткандай болду. Бул абдан таң калычтуу жана кейиштүү көрүнүш эле. Ойлонуп, Нурбекке жардам берүүнү чечтим. Анан буттарына 3 ай ичинде этап-этабы менен операцияларды жасадык. Операцияларда буттарынын улам бир сөөгүн кесип, атайын темирлерге түздөп, бекитип отурдук. Операциядан соң Нурбек 6 айча балдак менен жүрүп, анан өзү түз басып кетти. Кийин темирлерди алып салдык. Азыр бизге убагы менен көрүнүп турат. Ден соолугу жакшы.

Операцияга чейинки жана кийинки рентгендик сүрөттөр.

Буту түзөлгөндөн кийинки абалы.

БАШЫНА СУУ ТОЛУП КЕТКЕН КЫЗ
4 жаштагы Элеонора Баткен районунун Самаркандек айылынын тургуну. Тубаса өзгөчө формадагы баш менен төрөлгөн. Учурда Бишкектеги Балдарды жана энелерди коргоо улуттук борборунун нейрохирургия бөлүмүндө дарыланууда.

НУРЗИЯ, Элеонораны карап жаткан таежеси:
– Элеонора апасы менен атасы Москвада иштеп, жашап жүргөн кезде ошол жакта туулган. Төрөлгөндө эле башы чоң болуп жарыкка келиптир. Башынын арт жагында көлөмү жаңгактай болгон шишик жана анын ичинде суу бар экени билинген экен. Москвалык врачтар «өзүңөр жакка алып барып дарылаткыла» дегенден кийин ата-энеси Баткенге келип, дарыгерлерге көрсөтүшөт. Алар бир сыйра дарылашып, кийин «операция жасатышыңар керек» дешет. Кызыбыз оңолобу деп молдо-бакшыларга да алып барышкан, алар дем салып, «атын алмаштырсаңар айыгат» дешкен. Бирок бул жардам берген эмес. Элеонора 2 жашта гана басып, сүйлөдү.
Акыры мындан 1,5 ай мурун бул бөлүмгө алып келип, операция жасатышкан. Ооругандан кайра алып келишти. Абалы азыр жакшы.

БАКЫТБЕК КАРАЧЕВ, дарылаган врачы:
– Элеоноранын диагнозу: гидроцефалия. Башкача айтканда, башына тубаса суу толуп төрөлгөн. Суудан улам башы чоңоюп, формасы өзгөрүп кеткен. Кызды операцияга кеч алып келишкен. Болбосо мынчалыкка жетпейт эле. Бул оору тууралуу кыскача айтсам, баштагы суу мээни кысып, баш сөөк алдындагы басымды көтөрөт. Натыйжада адамдын башы көп ооруйт, кускусу келет. Колу-буту алсыз тартып, сүйлөө, басуу, ойлоо жөндөмдүүлүгүнүн өсүшү кечеңдейт. Биз кыздын башына операция жасап, суу чогулуп калбай, агып турсун үчүн шунт (атайын медициналык шайман) койдук. Ал суу организмден заара аркылуу сыртка чыгарылып турат.
Азыр кыздын абалы жакшы. Убакыт өтүп, башы бир аз кичирейиши мүмкүн, бирок формасынын ошол бойдон калуу коркунучу бар. Өмүр бою убак-убагы менен дарыланып турушу керек болот.

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (29)
patriot_doni
2014-04-07 23:43:15
Нурбек азыр жакшы болуп, Баткенде машина айдап журот...
0
kamchy_0119
2014-04-08 03:14:11
Кудайым шыпасын берсин.
0
admin_media
2014-04-08 10:15:03
kolya121212, Mazzik,
Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
Силерге эскертүү!
0
aliii
2014-04-08 16:07:03
кудайым шыпасын берси эконтен
0
jora.kg
2014-04-08 20:29:53
Аллахым шыпаасын берсин, дарт беруучуда шыпаа беруучуда бир гана Аллахтан
0
yylkan
2014-04-08 21:11:57
Колунуздар дарт корбосун даарыгерлер ар дайым ушундай жардам берип журо бериниздер,
Кудайым шыпаасын берсин!
0
SayKal1218
2014-04-08 21:24:38
Жакшы болуп кетишсин. эл катарында жашашсын.
0
sonka89.
2014-04-09 02:04:50
ээ АЛЛАХЫМ кичинекей бобоктордун ооруу сыркоодон сактасын,бобоктордун ооруганын корсом журогум зырылдайт.
0
erlan07
2014-04-09 09:31:41
АЛЛАХЫМ шыпаасын берсин
0
3661390
2014-04-09 19:44:12
ушинтип адамдарга экинчи омур берген даарыгерлерге рахмат
0
nursultan_9494
2014-04-10 08:07:37
Аллахым шыпаа берсин
0
tina-janka
2014-04-11 17:46:47
SOS SOS SOS сураныч ушул врачтардын номерлери болсо бериниздерчи.Отунуп суранам.
+1
jiku_83
2014-04-12 07:37:57
Сабыр Жумабеков менен кандай байланышса болот ?
0
uluk1982
2014-04-13 15:57:29
Кудайым шыпаасын берсин!! Врачтарга чоон рахмат!
0
Batken
2014-04-13 18:55:07
Tortynchu waardyk beytapkanadan taba alasynar. Bul kiwi baaryna birdey jardamyn ayabayt, oz ishin suyup, tak jasagan insan!Al bashka olkolorgo tajriyba almashuuga kop ketet.Amerikada stydentterge lektsia okuyt dep ukkam.Demek duynoluk medisinaga salymy chon. Kezek kutkondor toltura, jazylywynar kk kezekke
0
№ 596, 04-апрель-10-апрель, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан