– Жакында эле базардан сөйкө алып тагынсам, кулагымды жара кылып жиберди. Ал эми курбу кызым тушь менен боёнсо эле көзү кызарып, ооруйт. Бул эмнеден улам болушу мүмкүн?
Жибек, Бишкек, 23 жашта.
– Учурда бардык жерде арзан сөйкөлөр көп сатылууда. Алардын курамына көбүнчө никель, жез, латунь, коргошун жана башкаларды кошушат.
Булардын эң зыяндуусу никель, анткени аллергияны пайда кылат. Кычыштырган кулакты тырмаганда жара келип чыгат. Андыктан сөйкөнү тагынганда кычыштыруу жаралса, аны тезинен чечип, кулакты спирт же арак менен сүртүп, андан кийин ал сөйкөнү тагынбоо кажет.
Ал эми арзан туштардын курамына айрым кытайлык өндүрүүчүлөр пахта, жүн боёй турган зыяндуу боёкторду деле кошуп жиберише тургандыгы аныкталган. Бизге келгендердин көбүнүн сактоо мөөнөтү да өтүп кетиши мүмкүн. Мындай болгондо курамындагылар бузулуп ууга айлана баштайт да, аны колдонгондордун көзү ооруйт. Мындан тышкары туштарга жыт берүүчү заттарды кошушат. Алар көп адамдарда аллергия жаратат. Көчөдө сатылгандарына чаң да кирип, тушь эрте бузулат.
Андыктан туштун сактоо мөөнөтүн жана курамында эмнелер бар экенин карап алуу керек. Жаңы сөйкөнү чаңдан арылтып туруп, анан тагынып көрүү зарыл. Чаңдын өзү да аллергияны жаратарын эске алыңыздар.
Суроого Бишкектеги «Грация» медициналык борборунун косметолог- дерматологу СВЕТЛАНА БАЙБОЛОВА жооп берди.
«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык кеңешке муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз. Суроолорду (0312) 32-33-28 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.
Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg