«Бир тууганың көп болсо жакшы экен. Кээде бошобой, жумуштарыма жетишпей баратканда Айбекке чалып, «Айбек, батыраак бара калчы» деп коём. Иним дароо жумуштарымды бүтүрүп берет» деп кичүү инисин мактай кетти ырчы Сема. Бул теманы мен эмнеге козгоп жатам? Анткени так ошол ырчы мактаган Семанын кенже иниси, милиция кызматкери Айбек агасынын биз, сиз билбеген сырларын айтып берди.
БИР ТУУГАН АРЗИМАТОВДОР:
«СҮЙЛӨГӨНҮ СӨККӨНГӨ БАРАБАР ЭЛЕ»
Айбек: – Биз үй-бүлөдө 5 эркекпиз. Бешөөбүздүн кыялыбыз беш башка. Эң улуу агам Кумар менен Самар удаа болгондуктан, экөө сырдашып жакшы сүйлөшүшөт. Ал эми калган үчөөбүз өз ара жакынбыз. Мисалы, үчөөбүздүн бирибиз бир кызга барсак же бирөөнү жактырып калсак сезимдерибизди ачык айтып кеңешип иш кылабыз. Үйдө жалаң эркек болгондуктан мурун үй иштерин да бөлүшүп аткарчубуз.
Сема: – Туура, негедир эс алуу күндөрү мага апамдын маанайы суз тартып калгандай сезиле берчү. Үйдө кыз жоктугун билдирбейли деп ошон үчүн баарыбыз үй иштерин өзүбүз жасайт элек.
А.: – Мен 1-класска барганымда Самар байкем борборго окуганы кетти. Каникулда айылга келгенде биздин сабактарыбызга абдан маани берчү. «Спорт менен сөзсүз машыккыла» деп катуу талап кылар эле. Агамдын бир мүнөзү бар, бир нерсени кечке кайталап майдалана бербейт. Бир-эки сөз менен түшүндүрүп жеткире айтат. Колубуздан келбей жатса же туура эмес болуп калса эринбей отуруп башынан түшүндүрүп, үйрөтүп берет. Эгер жини келип турса, анын бир сүйлөгөнү сөккөнгө барабар эле. Анан да агамды айылда баары жакшы билишчү, аны сыйлап мага чоң балдар көп тийишкен жок. Кээде гана билбей тийишип калганда агама айтсам, кантип аларды жазалаганын билбейм, бирок алар келип менден кечирим сурашар эле.
«ЖЕҢЕМ АРКЫЛУУ АГАМДАН АКЧА АЛЧУМУН»
– 10-классымда Кара-Суудан Бишкекке келип, Самар байкемдин үйүндө жашап калдым. КУУнун программисттик кесибине тапшырып алгам, студентмин. Окуумдун контрагын, туулган күн, шаан-шөкөттөргө кеткен акчалардын баарын агам берет. Ал кезде кафеде ырчы болуп иштечү эле. Бир күнү Тынарбек экөөбүздү агам кафеге чакырып, сүйлөшкөн кызы менен тааныштырып жатпайбы. Ал кыз да абдан эпчил, тыкылдаган кыз экен, бир көргөндө эле жактырдык. Андан кийин ошол кызга үйлөнүп, биз жеңелүү болдук. Самар байкем үйлөнгөндөн кийин мурункудай акча да сурай албай тайсалдап калбадымбы. «Мурун бойдок болчу, эми үй-бүлөсү болгондон кийин уят го» деп ойлодум. Кийинчерээк акча суроонун жаңы жолун таап, жеңем аркылуу айттырчу болдум (күлүп). Жеңеме «бүгүн бул кыздын туулган күнү, сурангандан уялып жатам» десем «болду да» деп барып сүйлөшүп, акча алып келип берчү.
«АПАМ ТЕЛЕДЕН БАЛАМДЫ КӨРГҮЛӨ ДЕЙ БЕРЧҮ»
– Негизи ата-энебиз чыгармачылыкка жакын адамдар. Кезинде таланттуу үй-бүлөлөр ортосунда болгон сынакка катышып, жеңүүчү болгонбуз.
Самар байкем мектепте окуп жүргөндө аябай активдүү болчу. Андан кийин борборго келип, «Сема» тобун ачып, бат эле популярдуулукка жетти. Апам агамды теледен көрсөтө турган болсо тууган, тааныштарынын баарына чалып, «менин балам ырдайт экен, көргүлө» деп эскертип чыкчу. Бүткөндөн кийин кайра эринбей бирден чалып, «көрдүңөрбү баламды?» деп сурачу. Андан кийин концерттерге көп чыгып, көнүмүш эле адат болуп калды окшойт, эч кимге деле чалбай, мурункудай толкунданбай калды (күлүп).
Мен да бала кезде музыкага абдан кызыккам. «Сема» тобу гастролдорго барганда үн режиссёру болуп жардамдашып жүрдүм. Ырчыларды мурун телевизордон эле көрчү элек. Агам менен жүрүп аларды жанынан көрүп, таанышып калдым. Анан да агамдын эң алгачкы концертин унутпайм. Спорт Ордосунда мен-мен деген артисттер концерт койчу эмес беле анда. Самар байкем да элдин назарына алынганына, концертине келген кишилерди көрүп өзүмчө бир кубангам. Анда күйөрман кыздары да арбын эле. Канчасынын катын, белек, гүлдөрүн ташып калдым...
«БИРӨӨЛӨРДҮ УКМУШ ТУУРАЙТ»
– Агам ата-энебиздин көзүнчө уялымыш болгону менен, жалгыз болгондо балдарын аябай эркелетет. Анан да күтүлбөгөн жерден ырдап, бирөөнү туурап же Манас айтып жибермей өнөрлөрү бар.
Мен учурда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматында иштейм. Бул жумушка орношконумду укканда да агам «өзүңдүн мүнөзүңө жараша кесипти тандаптырсың» деп абдан кубанган.
С.: – Айбектин жакшы жери бар, абдан жоош. Он жолу сүйлөсөң бир жолу «ооба» же «жок» деп эле жооп берип коёт.
А.: – Мени баары эле жоош дей беришет. Болгону мен анча-мынча нерселерге жооп берип айтышып отурбайм. Баарын ичимден анализ кылып, ошого жараша иш кылам. Бирок жоош эмесмин.
Гүлжамал Бөрүкулова
Адилет Бектуров
(Айрым сүрөттөр Семанын өздүк архивинен алынды)
star@super.kg