Бүгүнкү коногубуз бизди өлкөнүн маанилүү жаңылыктары менен кабардар кылган диктор, менин адашым Лунара Мамытова. Каарманым ар бир узаткан суроого так, кылдат жооп берип, ошол эле суроону кайра өзүмө узатып, айтор, адамды зериктирген жок.
– Кандайсыз, Лунара, алгач суроону өзгөчө ысымыңыздан баштасак, атыңызды ким койгон?
– Жакшы. Атымды апам койгон. Үй-бүлөдө 4 кызбыз, төртөөбүздүкү бири-бирине уйкаш болсун деп, Элеонора, Лунара, Лира жана Мирана деп коюшуптур. Негизи менин атымды Карл Маркстын кызынын урматына Лаура деп коюшмак экен. Себеби Элеонора деген эжемдин ысымы да Маркстын кызынын аты. Бирок эмнегедир Лунарага токтолушуптур. Айтмакчы, меникине ысымы окшош адам менен биринчи жолу маңдай-тескей отурам (күлүп). Ысымымдын өзгөчөлүгүнөнбү, бардык жактан башкалардан айырмалангым келет. Мисалы, жумуш жасаганда жаман болуп калат деп коркпой, өзгөчөлөнүп, башкача жасаганга умтулам. Сизде да ушундай учур болобу?
– Ооба, мен да сизден өзгөчө интервью алсамбы деп турам...
– Демек, бизде окшоштук бар экен.
– Канча жылдан бери теледен түшпөй келесиз, өз кесибиңиз менен иштеп көрдүңүз беле?
– Эки жогорку билимим бар, бирок алып баруучулукка атайын окубадым. 11-классты бүтүп «кайсы окууга тапшырсам?..» деп көпкө ойлондум. Ойлосом, бүт тармакка шыктуу экенмин, жадакалса математикага да. Анан атам «кызым, тарых – бүт илимдердин башаты, ошол жакка тапшырсаң жаңылбайсың. Же болбосо кытай тили – келечектин тили. Кытай тилин үйрөн» деп кеңеш бергендиктен ойлонуп көрүп, тарыхты тандаганмын. Тарых саясатка да жакын эмеспи. Кийин юридикалык билимге ээ болдум.
Атам өзү теле жаатында 30 жылдан ашык иштеген. Анын жолун улап мен да телевидениеде эмгектенип келе жатам. Алгачкы жолу телеге 14 жашымда чыккан элем, «Ала-Тоодо» иштегениме эле 8 жыл болду. Өзүмдүн кесибим менен иштөөгө сунуштар болгон. Бирок ээ болгон кесиптерим мага журналистикада да жардам берип келүүдө.
– Мурун дикторлук менен гана чектелчүсүз, кийинчерээк жаңылыктарды даярдап кабарчылык милдетти да аркалап калдыңыз, сизге кайсынысы жакын?
– Дикторлуктун да, кабарчы болгондун да өз ырахаты бар. Мисалы, кабарчы болгондо эл менен тыгыз байланышта болосуң, жаңычылдык, изденүүнүн үстүндө жүрөсүң. Кабарчылыкта сен элге кызыксаң, дикторлукта эл сага кызыгат. Сен окуган негизги жаңылыктарды күтүшөт, көрүшөт. Жеке мага алдын ала жаздырылып эфирге кеткен видеоматериалга караганда түз эфирди алып барган жагат.
Түз эфирдин башкача сүрү болот. Эгер тигиниси жакшы, мунусу жаман десем, анда мен алып баруучу же журналист катары иштебей эле койгонум оң го (күлүп).
– Бир жолу сыналгы көрүп отурсам жаңылык окуп жаткан бир кесиптешиңиз айтып жаткан окуясынан таасирленип көзүнө жаш алды эле...
– Бул окуя адамдык факторго жакын го дейм, жашы куюлуп кетсе деле көрүүчүлөр үчүн кечиримдүү болуш керек. Алып баруучу жаңылыкты аң-сезиминен өткөрүп окуйт, робот сыяктуу окуп койсоң жеткиликтүү болбой калышы мүмкүн. Бизде бул сыяктуу түрдүү кырдаалдар көп болот, мисалы, чүчкүрүп жиберишиң мүмкүн, эфир учурунда артыңдан оператор келип микрофонду оңдоп калат, сүйлөп жатканда шыптан көгүчкөндөрдүн үнү тоскоолдук жараткан учурлар болот.
– Үй-бүлөгө келсек, бүлөлүк турмушка жумуш тоскоол болбой элеби? Дегеним, жумушуңуз менен 3 ай Түркияда командировкада жүрүпсүз, жолдошуңуз буга кандай карады?
– Биринчи жолу жумуш менен көп убакытка чет өлкөгө чыктым. Турмушка чыга электе менде эркиндик көбүрөөк болчу, бирок турмуш кургандан кийин күйөөң менен кеңешкенге туура келет экен. Түркияга болгон сапарым тууралуу айтканда жолдошумдун «жок, барбайсың» деп айтайын деген ою бар болчу, бирок ошол маалда жумуштан чалышып «паспортуңуздун көчүрмөсүн, документтериңизди даярдай бериңиз» деп калышты. Ошондо жолдошум негедир макул болуп койду, анын мындай чечими өзүм үчүн да таң калычтуу болду.
– Уулуңуз чоң жигит болуп калса керек?..
– Ооба, чоңоюп калган, өтө шок. Көчөдө баратсаң жөн кетпейт, сөзсүз жолдогуларды уруп өтөт, артын караса эле кичинекей бала, анан баары күлүп калышат. Дүкөнгө барса өзүнө керектүү нерселердин кайсы жерде экенин бүт билет, барып алып келип кассанын жанына коюп коёт. Биз, айымдар, эркек балага жакын болот окшойбуз деп койдум. Анткени уулума аябай жакынмын. Атасы милиция кызматкери эмеспи, «кичинесинен катуу кармаш керек» деп калат. Бирок мен болбой эле болуша берем «беш жашка чейин өзү каалаганын кылып чоңойсун» деп. Башка бирөө балама катуу сүйлөп койсо, тим эле көзүмдөн жаш чыгып кетет, өтө баласаакмын.
Уулум менен 3 жыл декретте отурдум, эгер андан көбүрөөк болсо дагы деле отура бермекмин, бирок жумушка чыгыш керек болду.
– 3 жыл үйдө отуруп эфирди сагынсаңыз керек?
– Албетте, сагындым. Үйдө отурганым менен тынган жокмун. Англис тилин үйрөнүү үчүн курска бардым, фитнес менен машыгып, китеп окуп, айтор, билимимди кеңейтүү менен жүрдүм. Анан да үй-бүлөмө көбүрөөк убакыт бөлдүм.
– Коомдо диктор, телеалпаруучу десе эле олигархтын жубайы деген ой калыптанып калган, бул эмнеден улам деп ойлойсуз?
– Бул жаңылыш ой, жөнөкөй адамдар деле олигархтын аялы болуп жүрүшпөйбү. Бар албетте, алып баруучулардын арасында, бирок мен, чынын айтайын, муну талкуулагым келбейт. Ал ар бир адамдын өзүнүн тандоосуна жараша. Жеке өзүмө жооп берсем, мен даярга тап болгонду жаман көрөм. «Генералдын жубайы болгуң келсе, катардагы жоокерге турмушка чык» деген кеп бар эмеспи. Мен өзүмдүн жоокеримди тандагам, аны өзүбүз адал эмгек менен, буюрса, генерал кылып алабыз. Көбүнчө акылым менен эмес, жүрөгүм менен чечим чыгарам. Жолдошум жөнөкөй, жүрөгү таза, жүрөгүмдүн талабына жооп берет.
– Жолдошуңуз бар экенин билип туруп тийишкен жигиттер болобу?
– Көчөгө көп деле чыкпайм. Мындайда көп нерсе аялзатынын өзүн алып жүрүүсүнөн көз каранды деп ойлойм. Өзүңдү олуттуу алып жүрүп, түз басып, түз сүйлөсөң эч ким деле тийишкенге даабайт.
– Үйдө ким кызганчаак, сизби же жолдошуңузбу?
– Мен кызганчаакмынбы же жокпу, аны жолдошумдан сурап көрүш керек экен. Ал эми жолдошум кызганат. Негизи, эркек киши өзүнө таандык нерсенин баарын кызганат болуш керек.
– Жолдошуңуз сиздин эфирдеги образыңызга сын айтабы?
– Ал убактысынын аздыгына карабай күндө менин эфиримди көрөт. Анан «чачыңды жайып чыкпайсыңбы» деген сунушун айтып калат.
Лунара Бекиева
star@super.kg