Айчүрөк Абасова, Руслан Абасовдун аялы:«ТООБУЗ КУЛАГАН АБАЛДА ТУРАМ»

Өткөн жумада кыргыздын чыгаан уулдарынын бири, кикбокс боюнча Дүйнө чемпиону Руслан Абасов киши колдуу болуп каза тапты. Ата-энеси алмончоктой уулунан, бала-чакасы ардактуу атасынан, элибиз дагы бир мыкты уулунан ажырап, орду толбос оор жоготууга учурады.

РУСЛАН АБАСОВ
Лакап аты: Гермес
Туулган жылы, күнү: 1976-жыл, 15-ноябрь
Туулган жери: Токмок шаары
Билими: Токмок Техникалык институтунун экономика бөлүмүн аяктаган
Каза тапкан күнү: 27-март, 2014-жыл

ОКУЯ КАНДАЙ БОЛГОН?
27-март күнү кечки саат 17:30дар чамасында Токмок шаарындагы 1-кичи райондон 3-кичи районду көздөй бара жатканда жардыруу болгон. Руслан Абасов айдап бараткан Тойота Ленд Крузер унаасынын астына коюлган жардыруучу зат жарылып, спортчу ооруканага жетип каза болгон. Күбөлөрдүн айтымында, жардыруу ушунчалык катуу болуп, ал жерге эл бат эле чогула калган. Руслан менен келинчегин унаадан алып чыгышканда спортчудан кан суудай эле шырылдап акканын айтышат, көргөндөр. Буттарын курлар менен байлашса да, баары бир кан көп кетип калган. Ал эми унаанын арткы орундугунда отурган жубайы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйүнө чыгарылган.
Чүй ОИИББинин маалымат кызматынын билдиришинче, бул факт боюнча Токмок ШИИБинин тергөө бөлүмү Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) менен кылмыш ишин козгогон. Тиешелүү соттук экспертизалар дайындалган. Аны иликтөөгө ИИМдин, Бишкек ШИИББинин жана Чүй ОИИББинин кызматкерлери тартылып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

СПОРТТОН КИЙИН БИЗНЕСКЕ КЕТКЕН
Руслан Абасов. Бул ысым убагында кыргыздын сыймыгы эле. Кезинде канчалаган атаандаштарынын үшүн алып турган. Табына келип турганда Александр Устинов, Сурен Калачян, Алексей Кудин жана «Шайтандын жактоочусу» каймана аттуу Эдуард Вознович сыяктуу супер оор салмактагы Дүйнө чемпиондорун жер кучактаткан.
Ал 2009-жылы Москвада өткөн профессионалдар арасындагы супер оор салмакта Дүйнө чемпиондугун уткан соң чоң спортту таштап, бизнес менен алектене баштаган. Ак-Сай жайлоосунан 50 миң гектар аянттагы жер алып, аң уулоочулук менен алектенип келген. Кыргызстанда жаныбарлардын түрү азайып кеткендигине кейип, чет өлкөлөрдөн кийиктин ар кандай түрлөрүн алып келип көбөйтүүнү максат кылып жүргөнүн айткан эле, гезитибизге берген маегинде. Андан тышкары маркум Токмоктогу аэродромдо коммерциялык унаа жарыштарын да уюштуруп турган. Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн экология жана спорт иштери боюнча кеңешчиси болуп да иштегени бар.

Атактуу спортчунун артында эки уулу жана бир кызы калды.

Жарылгандан кийинки спортчунун унаасы. Көрүнүп тургандай, кан өтө көп кеткен.

Руслан Абасов мындан 3 жыл мурун бизге берген маегинде ошол убактагы 9 айлык уулу Русланды «Олимпиада чемпиону кылам» деп кыялданган эле.

ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИ:

Александр Воинов, машыктыруучусу:«РУСЛАН РИНГДЕ БАШКА, ЖАШООДО БАШКА АДАМ ЭЛЕ»
– Мен Руслан менен 20 жылдан бери таанышмын. Ушул 20 жылдын ичинде ал көптөгөн ийгиликтерге жетишти. Тарбия берген балдарымдын ар бирине үстүртөдөн мүнөздөмө берип койсом деле болот, бирок Руслан бөлүп карай турган өзгөчө адам болчу. Ал рингде ушунчалык каардуу, күчтүү жана беттешкенин жеңмейинче рингден кетпеген каршылаш катары сүр көрсөтөр эле. Ал эми рингден түшкөн соң анын жүзүндө каршылашына көрсөткөн бир дагы каарын таппайсың. Ал эч качан өзүнө душман күткөн эмес. Мен аны көлөмү чоң кичинекей бала деп койчумун. Себеби андан баланыкындай таза кыялды, мээримди көрчүмүн. Анын бир да жолу текебердик кылып, адам менен бир колдоп учурашканын көргөн эмесмин. Дайыма кичи пейилдик менен душманынын да, досунун да, улуу-кичүүнүн да колун эки колдоп кысып, ийилип салам айтчу.
Экөөбүз көп сырдашчубуз. Акыркы жолугушууларыбызда «балдарымды татыктуу тарбияласам экен. Аларга татыктуу ата болуп, арасынан бирөөнү спорттон көрөм деген тилегим бар. Билесизби, бала тарбиялоо бул өзүнчө эле искусство экенин түшүнүп жатам» дегендери эсимде. Бул анын келечекке койгон максат-кыялдарынын эң башкысы болчу. Илим изилдөөгө кызыккан спортчулар сейрек болот эмеспи, Руслан «жаныбарлардын түрдүү түркүмүн изилдеп, ал боюнча илимий изилдөөлөрдү, эмгектерди жазайын деп жатам» деп жүргөн. Кыргызстандагы тоо жаныбарларынын дээрлик бардыгын эле билчү. Аны менен сүйлөшүү абдан кызыктуу болчу. Анан аквариум балыктары тууралуу дагы маек курганды жакшы көрөр эле. Алар тууралуу бир-эки саат бою кызыктуу нерселерди айтып берсе да тажабай уга бересиң. Берген тапшырманы бир да жолу туура эмес аткарып же такыр аткарбай койгон эмес. Спарринг учурунда агрессияга алдырып, күчүнөн тайып калган спортчулар болот. Мен андан машыгуу учурунда көзүнө тике карап туруп, агрессияга эч алдырбаган токтоо, беттешүүнүн аягындагы өзүнүн жеңишин көрүп турган, өзүнө ишенген адамды байкачумун.
Күтүлбөгөн жерден анын кырсыкка учурап каза табышы баарыбызга эле табышмак болууда. Мен билгенден анда душман деле жок болчу. Жакында жаратылыш коюнунда эс алууну пландап, сапаттуу фотоаппарат алдырып жаткам. Эгер ошол колубузга тийсе тоого чыгып жаныбарларды, жаратылышты сүрөткө тартып, өзү айткандай, фотоаңчылык кылып келели деп жүргөнбүз.

Райкан Төлөгөнов, депутат:«РУСЛАНДЫ ӨЛТҮРГӨНДӨР – КЫРГЫЗДЫН ДУШМАНЫ»
– Руслан менен 2010-жылдан бери таанышмын. Ага чейин белгилүү спортчу, Кыргызстандын намысын коргогон адам катары сыртынан таанычумун. Ал Токмоктогу «Ата Мекен» партиясынын ишмердүүлүгүнө кол кабыш кылып бир топ иштерге аралашып жүргөн. «Баатырдын даңкын алыстан ук, жанына келсең бир киши» дегендей, сыртынан караган адамга абдан сүрдүү көрүнчү. Ал эми жанына келсең, ички жан дүйнөсү бетине чыккан, таза, бала кыял, эч кимге жамандыгы жок жигит эле.
Адатта кээ бир спортчулар чоң ийгиликтерди жаратып, мөөнөтү келип спорттон кеткенден кийин кылмыш чөйрөсүнө аралашып кетишет эмеспи. Руслан андай жолго барган жок. Угушума караганда, буга чейин ага криминалдык чөйрөнүн адамдарынан мыйзамсыз иштерге баруу тууралуу сунуштар түшүп, бирок ал баш тартып койгон экен.
Русланды өлтүрүүнү көптөн бери пландап жүрүшсө керек. Себеби жардырып өлтүрүү Кыргызстанда биринчи жолу болуп жатпайбы. Бул боюнча атайын органдар иш алып барып, иликтөөнү өтөсүнө чыгарат деген ишеничтемин. Руслан Абасовго кол салып, анын өлүмүнө себепкер болгон адамды бүткүл кыргыздын душманы дээр элем. Себеби Руслан – кыргыз элинин сыймыгы, элдин уулу болчу. Анын көзүн тазалагандар кыргыздын даңкына кол салышты.

Малик Борбашев, кикбоксчу:«РУСЛАНДЫН АР БИР ИЙГИЛИГИ МЕНИ КУБАНДЫРЧУ»
– Руслан менен Токмок шаарында бир аймакта чогуу жашап, тааныш болчумун. Короодогу балдар чогулуп, ар кайсы спорттун түрлөрү менен машыгып жүргөнбүз. Руслан башында ушу-саньда, бокс боюнча секцияларга барчу. Анын тайманбас мүнөзүн байкап, бир күнү «бизге келбейсиңби?» деп сунуштап калдым. Башкалардай болуп «билбейм, көрөм го» дебей, дароо эле «барам, макулмун» деп жөнөп кетти. 1994-95-жылдар болчу, анда Руслан 18 жаштагы арык чырай, кичинекей бала эле. Көп өтпөй машыгуунун жүрүшүндө артыкчылыгын көрсөтүп, ийгиликтери менен кубанта баштады.
Адам бак тигип, ал чоңойсо көлөкөсүнө жатып эс алып, салкын саябанынан кандай ырахат алат. Мен да Руслан жеңишке жетишкен сайын кубанып, анын чоң спортко келишине себепкер экениме сыймыктанып турчумун. Кийин баягы кичинекей, арык баланын элеси да жок, менден да чоң, чымыр денелүү, алп жигит болуп чыга келди. Менден 4 жаш кичүү. Ар дайым «ага» деп сыйлап турчу. Клубга жаңы бара баштаганда Русландын апасы «балам, Русланды карап, баш-көз бол. Тентектик кылса какыс-кукус кылып коё бер, унчукпайм» деди. Мен апасына макул деп сөз берип койгонумду эстеп, туура эмес бир нерсе кылса, ашыкча басып кетсе тарбиялап койчумун. Ачуусу келип, ызаланса да баш ийип, унчукпай, сыйлап, ызасын ичине катып туруп берчү. Анын намыскөй, тарбия көргөн бала экенин ушундан эле билсе болот. Анан да ал 60 килограмм салмактан 100 килограммга чейин жеткен. 75 килограммдык менин салмагыма келгенде, сыйлагандыгынан улам мени менен спаррингге чыкчу эмес.
Көрө албастык, ичи тардык – адамзатын курута турган эң жаман сапаттар. Өз күчү, тайманбастыгы менен бийиктикке жетип, Кыргызстандын намысын бир эмес, бир нече ирет коргосо дагы ага рахмат айткандын ордуна өз өлкөсүнөн, болгондо да туулган жеринен киши колдуу болуп өлүм таап жатканы өкүндүрөт. Русландын киши колдуу болуп каза тапкандыгы боюнча бул же тигил деп жоромолдорду айта албайм, себеби ал бирөөгө жамандык кылып касташа турган адам эмес болчу. Кандай болгон күндө да кыргыздын намысын коргогон бир кулунунан ажырап турганыбызга ичим туз куйгандай ачышып турат...

Айчүрөк Абасова, жубайы:«РУСЛАНДЫ ЖОКТОО ООР БОЛУП ТУРАТ»
– Азыр мен өзүмдү абдан жаман сезип жатам. Ал менин ошол күнү Русландын жанында болуп алган жараатымдан эмес, жолдошумдан түбөлүккө ажырап калган жараатымдан улам болуп жатат. Адам болгон соң арга жок артынан кете албай, башка түшкөндү көтөрөт экенсиң. Азыр таянган тообуз кулагандай абалда турам. Ал жашоомдогу биринчи катардагы эң маанилүү адам жана балдары үчүн алмаштыргыс ата болчу. Кара көздү кашайтып, ажал айттырбай келип көздөгөнүн алып тынат экен. Мен мындан башка эч нерсе айта албайм. Русландын баскан-турганын эстеп, аны жоктош мен үчүн өтө оор болуп турат.

РУСЛАН АБАСОВГО ЧЕЙИН ДА КӨП СПОРТЧУЛАР КИШИ КОЛДУУ БОЛУШКАН
Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында буга чейин да бир топ атактуу спортчулар кылмышкерлердин колунан каза тапкан. Алардын арасында саясатка ыктап кеткендер да бар. Мисалы, 2002-жылы ноябрь айында Бишкек шаарында машыгуудан чыгып келе жаткан жеринен кикбоксчу Али Порсуков атып өлтүрүлгөн. Ал да Руслан Абасов менен чогуу «Гермес-Профи» клубунда машыкчу.
2006-жылы январь айында Бишкек шаарынын 7-кичи районунда балбан Раатбек Санатбаевди белгисиз бирөөлөр атып кетишкен.
Мындан сырткары спортчулар Үсөн Кудайбергенов, Баяман Эркинбаев, Санжар Кадыралиев, Жыргалбек Сурабалдиев, Кабылбек Карымшаков киши колдуу болуп каза табышкан. Булардын көпчүлүгүнүн өлүмүнүн сыры ачылбай, кылмышкерлер табылбай кала берди.
Руслан Абасовдун өлүмү бүткүл коомчулукту селт эттирди. Тирүүлөй кишини жардырып өлтүрүү Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу катталып отурат. Буюртма киши өлтүрүү болгондугу жана профессионал аткаргандыгы байкалып турат. ИИМдин маалыматына караганда Руслан Абасов эч качан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болгон эмес. Анда ал кимге жолтоо болгон, анын өлүмү кимге керек эле? Ким буюртма берген? Ким аткарган? Күнөөлүүлөр кармалып, тийиштүү жазаларын алышабы же жогоруда айтылган окуялардай эле күнөөлүүлөр табылбай калабы? Суроолор абдан көп...

СОҢКУ СӨЗ
Руслан Абасов мындан 3 жыл мурун гезитибизге маек куруп, спорттогу басып өткөн жолу, кийинки жашоосу жана келечектеги пландары тууралуу айтып берген эле. «Уулум Руслан Русланович Олимпиада чемпиону болушу үчүн бар күчүмдү жумшайм» деген спортчу уулунун чоңойгонун көрбөй кетти. Ажал минтип спортчунун жолун тороп, «кичүү уулумду чоң спорттон көрөм» деген тилеги менен кошо алып кетти. Негизи, ал кыска өмүр сүрсө да, көптөр жетпеген чоң ийгиликтерди багындырды. Ал – кыргыздын чыгаан спортчусу, татыктуу уулу эле. Руслан Абасовдун артында 2 уул, 1 кызы калды. Кыргыздын мыкты уулун өлтүргөн кылмышкерлер табылып, өз жазасын алат деп ишенели. Жамаатыбыздын атынан анын жакындарына, дос, туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Уулу Темирлан көпкө чейин кетпей атасынын мүрзөсүнүн жанында турду.

Уулунан ажыраган эненин күйүтүнө чек жок.

Нурбек Абдыкадыров,
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Руслан Абасовдун зыйнатына 400дөй адам келди
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (37)
momuntay
2014-04-08 19:15:19
Жайы жаннаттан болсун. Калган омурун балдарына берсин
0
Gulzada91
2014-04-08 21:37:45
Олтургон адамдарды да арбагы тартып кетет ,табылса табылбаса Баары бир адам олтургон адамдарды кудай кыйнап же алып кетет ,эх кыргыз биз ушинтип жазганыбызды ошолор окушат бекен биринчи ,кудай жазалайт дей берели ,а иликтоочулор боктун жытын да билишпейт ,жактан жери жайлуу ,топурагы торко болсун ,олтургондорду озу менен алып кетет анан жатат.
0
Sharipa-asia
2014-04-08 22:37:14
Эээ кыргыз элииииим, , ушундай кетиште болсок биз эч качан дуйного таанылбайбыз, пикет, кубалап чыгыш менен эле таанылбасак.Биздин жердин, элдин атын чыгаруучуларды олтурсок кантип Кыргызстандын аты чыгат.Окунучтуу Русландын олуму, эмне дейбиз жайы жаннттан болсун, душманы да артынан олсун
+2
Elnuram090
2014-04-09 09:24:38
ким олтурсода жазасын алсын ылайым,
0
kg_777
2014-04-09 14:01:21
жаткан жери жайлуу болсун...
0
ylia
2014-04-09 15:04:28
жайы жаннаттан болсун!жошоодон коп кыйналып коз жашым куруп калган,жада калса жакындарымды узатаарда кантип ыйлаар экенмин деп ойлончуу элем.журогумдо дале мээрим бар экен.ыйладым...!аябай окунучтууу болуптур!ошол жардыруу койгон адамдын жазасын озум бергим келди!
0
Alize
2014-04-09 19:29:06
Ушул кылмышка барган адамдарды жараткан 7 атасына чейин жазалайт да, адам кантип айбан кейпин кийип калат, тушунбойсун. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.
0
mirrow
2014-04-09 21:30:13
Jatkan jeri jailuu bolsun....okup alyp kozumo jaw tolup, ushunchalyk jurogum oorudu. Emgege biz kyrgyz eli uwunday kalk kelebiz. Ichi tar koro albastyk...kandai adamdyn kolo bardy eken ushul iwke((((
0
saltanat.
2014-04-10 12:05:01
Ыйлагым келди... жазасын берсин кудай.
0
Sarabanda
2014-04-10 15:19:44
Ото жакшы адам эле (((
0
Asiyo
2014-04-10 17:21:33
Жайы жаннаттан болсун!Бул ишти ким кылган болсо да ошол адамдын башына да кыйынчылык кун тушсун ылайым!Амиинь!!! Барган сайын 2буттуу жырткычтар кобойуп баратат, бул ото окунучтуу...
0
Gerachka
2014-04-10 17:36:53
Анекдот бар го: Кыргыздар турган казандын оозун жаппай деле койгула булар баары бир сыртка чыга алышпайт анткени бири биринин бутунан тартып турушат.Бул ошого окшоп калыптыр.
0
Aimeerimka
2014-04-12 16:05:13
Кыргызым дагы бир азаматынан айрылып отурат окунучту, кимге керек болду экен бул адамдын олуму, бизде ким баш которсо эле жок кылып турушат эх Кыргызым колдогондун ордуна жок кылып тынышат, ким олтургонун тааппайт биздикилер гарантия берем. Канчалаган азамат уулдарыбыз киши колду болуп каза табууда.
0
tenteeeshka
2014-04-13 02:01:19
Azyr modaga ailanyp baratkandai,atyn chyga bashtasa olturup ketishet...
0
dicha80
2014-04-13 19:09:25
Ээээххх!! Бироолорубуз ,, Балдарыбыз акылдуу, кыргыздын атын чыгарган адам болуп чонойсун,, деп остуруп, кыргыздын наамын алып берип, атагын жакшы жагынан чыгарып атса, бирообуз кайра буттан тартып, олтуруп жок кылып атабыз!!! Эми мынтип журо берсек, кыргызыбыздын аты кандай жагынан чыгат болду экен.Ичтен чыккан жат жаман, мындай адамдарды Алла таала озу жазасын берсин! Ээээххх дагы бир азаматты алып кетти, жаткан жерин жайлуу болсун, аттин!
0
№ 596, 04-апрель-10-апрель, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан