Адатта мырзалар «аял үйдө – кожойке, ашканада – ашпозчу, уктоочу бөлмөдө – өрт болушу керек» дешет. Ооба, аял ашкананын да, төшөктүн да ханышасы боло алары толук мүмкүн. Андыктан кыз-келиндерди мүнөздөөдө топторго бөлүп карап көрөлү. Мырзалар болсо өзүнө туура келген жубун издеп көрүшсүн.
КУМАРЛУУ АЙЫМДАР
Экстримден коркпогон, шайыр, күлкүсү шыңгыр, атыр жыттуу болушат. Алар эркектер тараптан да шоктукту талап кылышат. Мындай айымдарды ар дайым жаңы өнөрүңүз менен таң калтырып турбасаңыз, талабына ылайык өнөктөш издеп кетиши мүмкүн.
Табитиндеги мырзалар: тамашаны түшүнгөн, тойлорду, кечелерди көркүнө чыгара алган жана сөзсүз түрдө кумарлуу болуусу керек.
КОЖОЙКЕ АЙЫМДАР
Биринчи орунга үйдүн тазалыгын, иреттүүлүгүн коюшат. Мындай айымдар эч качан кумарга батуу үчүн ашкана столун пайдаланышпайт. Алар үчүн бардык нерсе ирети менен болушу керек. «Колду жуумайынча тамакка отурбаш кажет. Жуунуп-тазаланмайынча төшөккө жатпаш керек» деген эрежелерди катуу сакташат. Аялыңыз бул типтен боло турган болсо, анда үйүңүз таза болот деп ишене бериңиз.
Табитиндеги мырзалар: тазалыкты сүйгөн, тыкан жана камкор. Таштандыны чыгарып, үйгө азык-түлүк алмайынча кирбеген мырзалар.
ЫЙЛААК
Назик, тил алчаак жан келишет. Жай сүйлөп, жай кыймылдайт. Кумарга батууда да өнөктөшүнө баш ийип, анын каалоосун канааттандырганга аракет жасайт. Кумарга баткан соң дароо уктап калсаңыз, аны таарынтасыз. Мунун айынан таң атканча ыйлап чыгышы ыктымал. Бул учурда ал өзүн барксыз сезет.
Табитиндеги мырзалар: сабырдуу, билимдүү, тартиптүү эркектер.
ӨЗҮМЧҮЛ
Мүнөзү токтоо, акылы терең айымдар. Ар дайым өзүнө кам көрүп, келбетин идеалдуу алып жүрүүгө аракет кылышат. Өзүн башкалардан бийик сезет жана сүйөт. Төшөктө өзүнүн гана кызыкчылыгын ойлойт. Мындай айымдан «кармаба», «акырын», «чач жасалгамды бузба» деген сөздөрдү угушуңуз толук мүмкүн.
Табитиндеги мырзалар: эстетиканы сүйгөн, искусство адамы.
БЛОНДИНКА
Шайыр, ачык-айрым жана алсыз келишет. Алар гүл сыяктуу, жылуулукту, жарыкты жана багууну сүйүшөт. Мырзаларды акчасына карап тандашат. Эгер кыялындагы мырзага жолукса, аны сөзсүз ыраазы кылат. Кумарга батуу учурунда сүйүктүүсүн эркелетет, жалынып-жалбарган сөздөрдү айтат жана өзү кумардын туу чокусуна жеткенче эркектин жанын койбойт.
Табитиндеги мырзалар: ийгиликтүү, бай жана өзүнө ишенген мырзалар. Келбети жана жаш курагы маанилүү эмес.
МУЗ ХАНЫШАСЫ
Ийгиликтүү, билимдүү жана акылдуу аялдар. Бир караган кишиге абдан кумарлуу сезилиши ыктымал. Чындыгында алар муздак айымдар. Төшөктө өнөктөшүн түртүп салып, китеп окуган да алардын колунан келет. Алар үчүн төшөк оюндары тукум улоо үчүн гана керек. Сылап-сыйпалашуу, эркелешүү бул обу жоктордун жасаган пайдасыз иши деп эсептешет.
Табитиндеги мырзалар: ак көңүл, билимдүү, акыл-эсти, билимди бийик туткан эркектер.
ЛЕДИ-БОСС
Билерман, көрөгөч, колунан көөрү төгүлгөн, ийгиликтүү айымдар. Алар эч нерседен коркпойт жана эч кимге кор болушпайт. Өнөктөшүнөн каалаган учурда, ал каалагандай кылып кумарга баткызууну талап кылат. Эгер талабын мыкты аткара алсаңыз, анда шыпка түкүрүп жата берсеңиз болот. Калган маселени айымыңыз өзү чечип алууга кудурети жетет.
Табитиндеги мырзалар: келбети келишкен, өтө кумарлуу, жаш мырзалар.
СЕЗИМТАЛ
Оокатка тың, музыкага жакын, сезимтал айымдар. Кыялы чорт, ачуусу чукул. Кыткылыктап көп күлөт. Адатта мындай айымдын тегерегинде эркектер көп болот. Эркек менен кошулуу ал үчүн маанилүү иш-чара. Ар бир кыймылы, ар бир сөзү кумарга алып барчу жолдогу аялдама сыяктуу. Сөзсүз аларга маани берет, токтолот, бирок ордунда туруп калбай андан ары оргуштайт.
Табитиндеги мырзалар: өзүнө ишенген, абройлуу, өрт жигиттерди тандайт.
Астра Айдарова
erotika@super.kg