Сенсиз карек көрбөй, кирпик ирмемин,
Санаа турат көңүлүмдө бир менин.
Туйбай келем жадакалса өзүңсүз,
Тунук күндүн жер бетине тийгенин.
Сенсиз сезип, кусалыктын бардыгын,
Сагынычтан өзгөргөнсүйт тагдырым.
Түн уйкумда карааныңды акмалап,
Терип жүрөм түштөрүмдүн калдыгын.
Сенсиз оюм бир чекитке топтолбой,
Сүйүүм күчөйт, атылуучу октордой.
Адамзаттын катарында болсом да,
Ар бир күнү жашап келем жоктордой.
Сенсиз боштук пайда болуп денемде,
Сүзүп жүрөм аба жетпей тереңде.
Көздөр көрбөй теребелде жандууну,
Кулак укпай, айлангансыйт кереңге.
Шамал соксо үзүлүүчү бүчүрдөй,
Ыза кыйнайт, адамдыгым түшүнбөй.
Сынсам дагы бутагыман, шагыман,
Сыйрылармын бүрүн кармайм, түшүрбөй.
Сөздөрүмдүн чындыгына ишен дейм,
Сезимдеги азаптарды кишендейм.
Мээсиз деле жашаарыма көз жетет,
Сенсиз жашап кетериме ишенбейм!!
Мелис Маматжанов
ЭХ, БЕКЕР...
Аттиң ай… кайран сезим тебеленген,
Кайран мен сени айланып, чебеленген.
Негедир эңсөөм ташыйт сага тынбай,
Баарысын айтып бергим келе берген.
Мисалы, көңүл кокус жылыганда,
Болбосо кусалыкка буулганда.
Калдактап, айнек сүзгөн куштай болом,
Кайдигер суз жоопко урунам да.
Билемин сен деп боздоп бүтөрүмдү,
Билемин «сүйбө» десең күчөөрүмдү.
Билбеймин кантип сүйбөй коюшту мен,
Билбеймин сенден нени күтөрүмдү.
Сагыныч бүтпөйт билем сага болгон,
Санаалар кала берсин санаа бойдон.
Издеген күнгө кейийм мен өзүңдү,
Ишенип жомокторго бала болгон.
Эх, бекер сүйөмүн деп жалдырапмын,
Эх, бекер тарттым башын аргымактын.
Мен сага көрүнбөгөн көптүн бири,
Мен сага күзгү бир тал жалбыракмын.Зайырбек Ажыматов
ТААРЫНБА
Мейли жашың, мейли болгун карың да,
Бир кемчилик болот адам баарында.
Жаркынайым, билип-билбей, байкабай,
Бир кетирген кемчиликке таарынба.
Бир-бирине сүйгөн гана таарынат,
Сүйгөн гана бир-бирине жалынат.
Ошолордун оттон ысык өбүшү,
Бу дүйнөнү кармап турат жаңылап.
Жамандыктан колдоп турган Теңирдей,
Сен бар үчүн келем көптөн жеңилбей.
Барган сайын жакын болуп барасың,
Эң бир ысык, эң акыркы демиңдей.
Сен тарапка сапырылат санаалар,
Сүйгөн жүрөк бир-бирине барабар.
Ташка тийген тагдырыма табылган,
Таяныч сен эң акыркы таянар…
Көңүлгө алба, көп иштердин майдасын,
Мулуңдабай мурункуңдай жайна чын.
Таң атарда тарап кеткен булуттай,
Таарынычың таппай калсын айласын.
Анатай Өмүрканов
САГА
Сага керек экендигим билдим да,
Мен өзүмдү аяганды үйрөндүм.
Гүлзар тигип, жомокторго айланткым,
Келип кетти, чар тарабын дүйнөмдүн.
Сага жаккан үчүн менин күлгөнүм,
Болгум келди жароокер, наз сүйгөнүң.
Сендик гана өмүр сүрөм мен эми,
Өмүр бою сени күтүп жүргөмүн.
Сага жаккан үчүн ууртум, эриним,
Эс-акылдын эрежесин жеридим.
Жолубуз бир болбосо да сүйүүдө,
Экөөбүздү кезиктирди Теңирим.
Сага жаккан үчүн көзүм, мүнөзүм,
Кечирдим эх, жүрөгүмдүн күнөөсүн!
Мен өзүмдү жакшы көрө баштадым,
Сүйөм сени… – деген үчүн бир өзүң.Жыпара Исабаева