ТУРАК ЖАЙ НАСЫЯСЫ:ПАЙДАЛУУ ЖАНА КОЛ ЖЕТЕРЛИК

Жеке турак жай – ар бир адамдын жашоо жыргалчылыгынын негизи, үй-бүлө күтүү жана өзүнүн потенциалын ачып берүүнүн бекем пайдубалы. Азыркы шартта турак жай сатып алуу ар бир мекендешибиздин эле колунан келе бербейт, анткени аны өтө кымбат деп көнүп калганбыз. Бирок «Кыргыз инвестициялык-кредиттик банкы (KICB)» ЖАКсынын адистери бул маселени чечсе болот деп ишендирүүдө. Турак жай маселесин биротоло чечүүгө жардам берүүчү банк насыясы тууралуу  KICB`нын Кичи жана орто бизнести насыялоо жана чекене насыя Башкармалыгынын жетекчиси Канат Карагулов менен маек курдук.

– Канат мырза, кандай насыя боюнча сөз болмокчу?
– Азыркы учурда биздин банк кыргызстандыктарга өлкөнүн аймактарын турак жай боюнча каржылоо программасына катышууга өзгөчө мүмкүнчүлүк  тартуулоодо. Программанын негизги максаты – атуулдардын турак жай шартын жакшыртууга, сатып алууга мүмкүнчүлүк берүүчү каражатты колдонуп, турак жайга ээ болуусуна, турак жайы  жайлуу болушу үчүн  жасалгалап, жеке турак жайын оңдоп-түзөө, ал тургай курулуш куруусун камсыздоо. Аталган программанын алкагында KICB`ден 50 миңден 900 миң сомго чейинки насыяны 6 айлык мөөнөттөн 10 жылдык мөөнөткө чейин алса болот.
Айта кетчү нерсе, узак мөөнөттүү насыя жылдык 18 пайыз менен улуттук валютада берилет. Турак жай сатып алуу үчүн насыяны 10 жылга чейин, ал эми турак жайын жакшыртууну камсыз кылуу жаатында 5 жылга чейинки мөөнөт менен алса болот. Чектелүүчү шарт болуп насыялоо Ош жана Бишкек шаарларынан тышкаркы аймактарда жүргүзүлө тургандыгы эсептелет.

– Ошондо бишкектиктер жана Ош шаарынын тургундары насыялоодон куру калабы?
– Андай эмес. Болгону, кардар бизден алган акчага жогоруда аты аталган шаарлардын чегинде турак жай кура албайт, анткени программа аймактарга багытталган. Бирок Бишкек шаарынын тургундары, мисалы, Новопокровкадагы үйүн оңдоп-түзөйм же Чолпон-Атадан батир сатып алам десе насыя алууга мүмкүнчүлүгү бар.

– Алыскы айылдын жашоочулары насыя алуу жана керектүү документтерди толтуруу үчүн Бишкекке келиши керекпи?
– Жок, насыя алгысы келгендер аймактардагы биздин банктын бөлүмдөрүнө  барып, арыздарын таштаса жетиштүү болот. Кошумчалай кетчү нерсе, жакында эле биз Талас шаарында өз өкүлчүлүгүбүздү ачтык, жакынкы күндөрү Кара-Балта шаарына ачууну пландап жатабыз. Дагы бир ирет белгилей кетейин, KICB`нын бардык облустарда филиалдары бар.

– Кардар турак жай жаатындагы насыяны алуу менен кандай артыкчылыктарга ээ болот? Бул насыя стандарттуу ипотекадан эмнеси менен айырмаланат?
– Стандарттуу ипотекадан негизги айырмачылыгы жана башкы артыкчылыгы – насыянын улуттук валютабыз сом менен бериле тургандыгында. Акыркы кездеги доллардын курсунун өсүшүнө байланыштуу ар бир адам биздин бул насыя канчалык пайдалуу экендигин түшүнөт. Стандарттуу схемада ай сайын төлөнүүчү төлөм бирдей суммада жүргүзүлөт. Мисалы, сиз 5 жылдык мөөнөт менен 900 миң сом насыя алууну кааласаңыз, анда сизге ай сайын 23 миңден бир аз ашыгыраак сумманы төлөп турууга туура келет. Эгер насыя 10 жылдык мөөнөт менен берилсе, анда ай сайын орточо эсеп менен 16 миң 500 сомдон төлөөгө туура  келет. Тобокелчиликтин алдын алуу үчүн коюлуучу күрөө камсыздандырылат. Бирок белгилей кетүүчү нерсе, коюлган күрөөнү камсыздандыруу үчүн төлөмдөрдү KICB өз мойнуна алат. Башкача айтканда, кардардын камсыздандыруу үчүн акчасы кетпейт.

– Чынында эле ыңгайлуу экен. Бирок керектүү документтерди чогултуу оор болсо керек?
– Чындыгында, бул насыя түрү үчүн биз документтердин стандарттуу топтомун талап кылабыз. Адаттагыдай эле ага жеке документтер (алуучунун жана кепил адамдын паспорту), кардардын кирешесинин тастыктоочу документи жана күрөөгө коюлган кыймылсыз мүлктүн документи кирет.

– Эмне үчүн насыя 900 миң сом менен чектелген?
– Жогоруда айткандай, насыя аймактагы шаарларга жана айылдарга багытталган. Ал жактарда бул аз эмес акча жана аймактардагы кыймылсыз мүлктөрдүн  баасы да борбордогудан абдан  айырмаланат.

– Банк турак жай насыясын берүү чечимин чыгарышы үчүн кардар айына канча каражат табышы зарыл?
– Банк тарабынан кардардан кирешеси тууралуу документти талап кылуусу мурункудай эле калат. Ошол эле кезде биз кардарды жекече тейлөөнү камсыз кылып, үй-бүлөнүн  кирешесине жараша варианттарды карап көрөбүз. Кардардын туруктуу ишинин же бизнесинин болушу – негизги артыкчылык. Айыл тургундарынын негизги киреше булагы катары документте малы жана жери көрсөтүлүшү мүмкүн. Мындан тышкары биз аралаш киреше вариантын да карап көрөбүз.

– KICB эмне үчүн бул программага өзгөчө көңүл буруп жатат?
– KICB насыялоонун көп түрлөрүнө ээ. Алардын ичинде бизнести өнүктүрүү жаатындагы стандарттуу насыя, ипотекалык насыя, социалдык багытты көздөгөн насыялар да бар. Мисалы, банк билим алууга  жеңилдетилген насыя берет, муну менен студенттер ЖОЖдогу контракттарын төлөй алат, кардарлар турак жайын жылуулоо боюнча насыя ала алышат жана башкалар. Аймактарда ипотекалык насыялоо анча өнүккөн эмес, андыктан KICB`нын насыялары элибизге турак жайын жакшыртууга жардам бере алат деп ишенебиз.  Ошондой эле биздин банк атуулдар жана алардын жыргалчылыгы үчүн иштей тургандыгын да ишендирип кете алам.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Altyn1980
2014-04-07 10:39:12
Россиядагы иштеген мигрантар ала алышабы?
0
bzkgn
2014-04-09 17:59:37
900 min som emnege jetmek ele???
0
№ 596, 04-апрель-10-апрель, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан