(Башталышы өткөн сандарда)
Ошентип Тариел мыйзам чегинде жазасын албай кутулуп кетти. «Убакыт баарын дарылайт» демекчи, күндөрдүн өтүшү менен Айдайдын жүрөктөгү жарасы айыккансыды. Күз келип, окуу башталганда жатаканага көчтү. Бөлмөдө 4 кыз чогуу жашайт. Күндүз окуйт, түштөн кийин бош. Студенттик жашоого акча таба турган жумушу болбосо чыдачудай эмес. Айылдан ата-энеси салып жиберген акча түгөнгөн сайын Айдайдын айласы куруйт. Бир күнү Сезим аттуу курбу кызы менен бирге жумуш издеп чыкты. Көчөдө бак-даракта чапталып турган «Жаш кыздарга жумуш берилет, айлык акысы жогору» деген жазууну окушуп, ага чалышты.
– Алло!
Трубканын ары жагынан бир аялдын үнү угулду.
– Саламатсызбы, эже. Биз жумуш боюнча чалып жаттык эле.
– Келгиле, жолугуп сүйлөшөлү.
– Эже, эмне жумуш экенин айтып коёсузбу?
– Караоке клубда официантка болосуңар.
– Айлык канча, билсек болобу?
– Ай кыз, иштебей жатып эле айлыкты сураган кандай немесиң? Иштесең тиштейсиң да. Биринчи кел, сүйлөшөбүз, жакса иште, жакпаса телефондон башымды көп оорутпа!
– Кечиресиз, каякка барышыбыз керек?
Айдай оңтойсуз боло түштү. Аял даректи айтып, арадан бир саат өткөн соң Айдай менен Сезим белгиленген даректи таап барышты. Бишкектин чок ортосундагы көчөлөрдүн
бириндеги особняк үй экен. Кызыл дарбазадан чыккан семиз аял Айдай менен Сезимди көргөндө көзү жайнай түштү.
– Келгиле, кыздар, үйгө киргиле!
– Кирдик эже, ушул жерден сүйлөшсөк болот эле.
– Жок, үйгө киргиле.
Тиги аял экөөнү кыйнап алып кирди. Үйдүн ичинде да кыздар көп экен.
– Ии, кыздар! Өзүңөр жөнүндө айтып бергилечи. Кайда окуйсуңар?
Тапчандагы столго отурган соң, семиз аял суйкайган сулуу кыздарды көргөндө ичинен кымыңдай, кызыга суроо узатты.
– Университетте.
Экөө жарыша жооп кайтарды.
– Эмесе мындай. Шаарда менин бир корей таанышымдын караоке клубу бар. Ал жакта 30дай кыз иштейт.
– Эмне жумуш кылышат?
Сезим кызыга суроо узатты.
– Ал караокеге Бишкекте жашаган корей улутундагы ишкерлер келип эс алышат. Кыздар болсо алар менен чогуу отурушат. Жөн эле чогуу отуруп койгондору үчүн аларга акча төлөп беришет...
Айдайга аялдын айткандары жакпай калды. Акырын Сезимге шыбырады.
– Жүр, кеттик.
– Токтой турсаң.
Сезим Айдайды токтото калып, тиги аялга кайрадан суроолорун жаадыра баштады:
– Күнүнө болжол менен канча төлөп беришет?
– 100 доллар. Анын жарымын кыздар, ал эми жарымын мен алам.
– Чогуу отурганда мас болуп, тигилер тийишпейби?
– Жок. Кыздардын макулдугусуз тийишпейт. Эгерде кыз макул болсо, үйлөрүнө алып кеткенге өзүнчө төлөп беришет.
Айдайдын чыдамы кетти.
– Кечиресиз, биз адашып келип алган экенбиз, кетели.
Акырын сүйлөгөн ал ордунан тура бергенде, тиги аялдын көзү чакчая түштү.
– Шашылба, иштесең өкүнбөйсүң! Азыр сага баарын жакшылап түшүндүрүп берем. Акча дайыма болуп турат, окууңа да жетишесиң. Ойлонуп көрсөң. Жейм дегениңди жеп, каалагандай кийинесиң. Үйдөгүлөргө болсо «официантка болуп иштейм» деп кой. Тааныштарым келип, көрүп калат деп чочулабай эле койсоң болот. Ал жерге күзөтчү балдар корейлерден башкаларды киргизбейт, анын үстүнө билесиң, кыргыздар антип эс алууну билишпейт.
Тиги каткыра күлүп, чөнтөгүнөн тамеки алып чыгып түтөттү. Анан кайра кебин улады.
– Кыздар, ачыгын айтсам, бизде силердей сулуу кыздар жакшы акча табышат. Ойлонуп көргүлө. Азыр окууңарга деле акча керек. Студенттер жыргап жатышкан жери жок. Ар бир сабагың акча менен бүтөт. Бул жакта кыйналган деле жумуш жок, жыргап ичип-жегениңер үчүн акча табасыңар...
Айдай менен Сезим эмне кылсак дегендей эки анжы ойдо бири-бирин карап турганда, тиги визиткасын кармата койду.
– Ойлонгула, эгер иштейбиз десеңер келгиле.
Экөө ээрчишип көчөгө чыгышты.
– Эмне кылсак? Иштеп көрөлүбү?
Сезим көңүлдөнүп алыптыр. Айдай андан мындайды күткөн эмес.
– Жинди болбочу! Иштесең өзүң иштей бер, мен иштебейм.
Арадан бир жума өтпөй Сезим ал жакта иштеп калды. Эки күндүн биринде жасанып алып каякадыр кетип, түнөбөй жүргөнүнө Айдайдан башкалар анчейин маани беришкен жок. Айдай болсо ылайыктуу жумуш таба албай көпкө кыйналды. Акыркы күндөрү акча сурап, ата-энесине чала бергенден уялчу болду. Ары ойлонуп, бери ойлонуп, акыры Сезим менен иштөөнү туура көрдү.
Бир күнү кечинде экөө ээрчише, шаардагы караоке клубга барышты. Сыртынан бир караган адамга кадимки эле караоке клуб көрүнгөнү менен ичинде толтура жаш, сулуу кыздар акча үчүн корей улутундагы мырзалардын оюнчугуна айланып жатканын ким билсин? Баягы семиз аял Айдайды көрүп сүйүнүп кетти.
– Бая эле келбейт белең, эмдигиче машинага жете тургандай акча чогултуп коймоксуң.
Караңгы, тамекинин түтүнү көздү ачыштырган бөлмөдө музыка жаңырып жатты. Кыска кийинген кыздар «Гуля эже» деп тиги семиз аялдын көзүнүн агы менен тең айланышат экен. Ал бир маалда ары жактан жылтырак, этеги кыска көйнөк көтөрүп келип Айдайга карматты.
– Муну кийип ал! Алдагы көйнөкчөн турсаң, бир да мырза сага кызыкпайт. Мындан ары мырзалар сени бир караганда делебеси козголо тургандай кийинишиң керек.
Арадан 2 саат өткөн соң корей мырзалары караңгы бөлмөгө толуп кетти. Бир маалда жашы 35-40тардагы бирөөсү Айдайдын жанына басып келип, түшүнүксүз бир нерселерди сүйлөп калды. Анан тиги Гуляга бир нерсени айтып, Айдайды колу менен жаңсап көрсөттү.
Гуля Айдайдын жанына басып келип:
– Сени тиги жактырып калыптыр. Бүгүн сени алам дейт. Аны капа кылбай, жанында күлүп-жайнап отур.
Айдай капканга түшкөндөй элейип калды.
– Бол эми, жалдырабай! Минтип оозуңду ачып отурсаң, кардарды качырасың!
Гуля аны карап аңкылдап баштады.
(Уландысы кийинки санда)
Асхат Субанбеков