ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (7-апрелден 13-апрелге чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Аптада иштериңизди туура пландап, баарын убагында бүткөрүүңүз керек. Болбосо милдетин аткарбай жатат деп үстүңүздөн арыз түшүшү мүмкүн. Сүйүктүүңүз өзүн ишенимсиз, түнт алып жүрө баштайт. Ачык сүйлөшүп көрүңүз. Апта ортосунда кызыктуу окуянын каарманы болуп, кадыр-баркыңыз өсөт.Жуманын аягында узакка эсте сакталып калуучу жагымдуу окуяга кез келесиз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Аптада шашылуу башкы душманыңыз болмокчу. Ишти шашып, чала бүткөрүп, кайра оңдогуча, бир жолу жакшылап иштеп коюу оң. Жеке жашоодогу маселелерди чечүүгө кирише баштаңыз, анткени баарын олуттуу ойлоно турган мезгил келип жетти. Бейшембиде жакын адамдарыңыздын бири менен таарынышып кетүүңүз мүмкүн. Жума күнү юридикалык маселе чыгышы ыктымал.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Келечекте жакшы натыйжасын көрүү үчүн максатты туура тандаңыз. Шейшембиде бирөөлөрдүн таасири менен керексиз буюм сатып алуудан качыңыз. Бейшембиде сүйүнүчтүү кабар угуп, жума күнү бирөөлөргө акчалай жардам көрсөтөсүз. Жекшембиде жагымсыз окуяга аралашып калууңуз мүмкүн, абайлаңыз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Аптада жашоого болгон көз карашыңызды өзгөртүп, келип чыккан кырдаалды туура баамдоо кажет. Дүйшөмбүдө бардык маселелер оңой чечиле тургандыктан, колдонуп калыңыз. Шейшембиде жамаатка курч акылыңыз керектелет. Өзүңүздү жакшы сезбегениңизден улам жума күнү дарыгерге кайрылууңуз мүмкүн. Ишембиде үй, чарба иштерине аралашасыз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Иште жаңы ыкмаларды өздөштүрүү маселеси чыгат. Абройду түшүрбөйүн десеңиз, ой-пикириңизди башкаларга таңуулабоо кажет. Дүйшөмбүдө досуңуз алыс жакка чогуу барып келүүнү сунуштайт. Бейшембиде эски окуя козголуп, бирөөлөр менен териштирүүлөргө чейин жетесиз. Жума күнү чырга илинбейин десеңиз, ашыкча сайрандоодон качыңыз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Аптанын башында чөйрөдөгүлөр менен тил табышуу кыйынга турат. Бул убактылуу нерсе экенин эске алып, жаман жактарыңызды көрсөтпөңүз. Шейшембиде маанилүү чечим кабыл алууда тааныштардын сөзүнө эмес, ички туюмуңузга таяныңыз. Ишемби бойдоктор үчүн сүйүктүүсүнүн колун суроого ыңгайлуу күн.


ТАРАЗА (24.09-23.10)
Жан дүйнөм тынч алып, оюм бөлүндү болбосун десеңиз, кастардан кек алууну көксөбөңүз. Жакшы адамдарга таянып, иштерди бүткөрүүнү максат кылыңыз. Шаршембиде документ иштери убактыңызды алат. Бейшембиде шашылыш кабар жолго чыгууга түртөт. Жекшембиде буюм сатып алып жатып, алданып калуудан сак болуңуз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Аптада күтүүсүз кырдаал чыгып, чөйрөдөгүлөргө күчтүү жана көз карандысыз адам экениңизди далилдөөгө туура келет. Эгер каталарыңызды сезбесеңиз, анда ийгиликтен куру кол каласыз. Шаршембиде жаңы жумуш  сунушташат. Бейшембиде үйдө майда чырлар чыгат. Ишембиде жаңы таанышкан адамдар менен убакыт өткөрүүңүз ыктымал.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Максаттарды ишке ашырууга ыңгайлуу кез. Баалуу идеяга сарпталган акчалар өзүнүн алгачкы жемишин бере баштайт. Шейшембиде бөөдө жаман сөз угуп калбоо үчүн чырдашкандардын ортосуна кийлигишпеңиз. Жума күнкү маселе сиздин кызыкчылыкка чечилет. Жекшембиде баалаган адамыңыздын мамилеси туюкка камап, ойлондурат.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Аптанын башында жеке жашооңузга өзгөртүү киргизүүчү чукул окуянын чыгышы күтүлүүдө. Шаршембиде туура эмес ишиңиз үчүн жетекчиликтен сын угууңуз мүмкүн. Жума күнү чоң ишиңизди бүткөрүп берем деген адам убадасына туруп, кубантат. Ишембиде сүйүктүүңүз менен мамилени курчутпайын десеңиз, ашыкча сүйлөбөңүз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Аптада жетекчиңиз маянаңызды көтөрүшү ыктымал. Таарынышып жүргөн досуңуз менен табышууңуз да күтүлүүдө. Дүйшөмбүдө ашыкча талап коюп, үйдөгүлөрдү таарынтуунун кажети жок. Шейшембиде туугандардын ортосундагы маселени чечүүгө катышасыз. Бейшембиде досторуңуз керектүү буюмуңузду алууга көмөктөшөт.


БАЛЫК (20.02-20.03)
Ийгилик аз убакытка гана жылмаят, андыктан шашылып, көп нерсени бүткөрүүгө жетишүүңүз зарыл. Албетте чарчайсыз, бирок жыйынтык кубандырат. Апта ортосунда жамааттык ишке кол кабышыңыз керектелет. Бейшембиде көптөн бери издеген адамыңыз өзү тууралуу кабар берет. Жекшембиде сизди жаңылык тартуулаган жолугушуу күтөт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 596, 04-апрель-10-апрель, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан