КОРОЗ УРУШТУРУУ

ОЮНУНДА 30-40 МИҢ СОМГО ЧЕЙИН АКЧА САЙЫЛАТ
«Баласына бербеген этти корозуна күндө берет» дегенди уккансызбы, окурман? Мындай адамдар үчүн короз жөн гана үй канаттуусу эмес. Ал кумар жана киреше табуучу булак. Короз уруштуруу менен алектенип, аны менен жан баккан адамдар да бар. Айыл жеринде короз уруштургандарды көп эле жолу көрсөк да, мындай гладиатор короздорду багуу, машыктыруу канчалык татаал экенин аңдабасак керек.

ТАРЫХЫ
Короз уруштуруу оюну байыркы Римде жана Грецияда ак сөөктөрдүн көңүл ачуучу оюну катары башталса, убакыттын өтүшү менен чоң масштабдагы мелдешке айланган. Рим аркылуу Испания, Италия, Германия, Голландия, Англия жана башка өлкөлөргө тараган. Байыркы заманда тоокту ыйык куштардын катарында кабыл алышкандыктан, Европанын чиркөөлөрүндө короз уруштурууга каршы акциялар жүрүп, бирок оюндар тыйылган эмес.
Дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө популярдуулукка жеткен короз уруш кумар катары ойнолуп, урушуп жаткан короздорго сырттагы адамдар байге сайышып, кадимки бизнес катары таркала баштаган. Бара-бара кеңейип отуруп оор жана кандуу мелдешке айланган. Бирок 1949-жылы Улуу Британияда, 1959-жылы Кубада, 1960-жылы Орусияда короз уруштуруу мыйзамдуу түрдө токтотулган. Көп өлкөлөрдө бул оюнга тыюу салынса, Азия өлкөлөрүндө популярдуулугун жогото элек. Ал эми Индонезияда дээрлик ар бир үйдө урушка даярдалган короздор багылат.

ЖАРЫМ СААТТА БИР КОРОЗ 7 МИҢ СОМ ТАПТЫ
«Короз уруштурушат экен» дегенди угуп, ал жөнүндө толук маалымат билүү үчүн Ош облусунун Кара-Суу районуна бардым. Ал жерге адамдар урушка түшүүчү короздорун алып келишет экен. Оюн үчүн тегерек кылып жыгачтын таарындылары төгүлүп, орун даярдалып, көрүүчүлөр, оюнчулар үчүн ал жерге казан асылып, палоо басылат.
Айтымдарында, короздорду уруштуруунун биринчи максаты – ээсинин короз уруштургандар арасындагы аброюн көтөрүү болуп саналат. Ал эми байге коюлганы оюндун бекер болбошуна жана кызыксыз болуп калбоосуна себеп.
Кыргызстанда көбүнчө Кытай, Филиппин тооктору менен аргындаштырылган 4-7 килограммдык салмактагы Малайзиянын дакан породасы кеңири тараган. Дакандын моюну, буттары узун келип, күчтүүлүгү жагынан да башка короздордон айырмаланат. Оюндун эң татаал бөлүгү бири-бирине жашы, салмагы жагынан тең келген короздорду тандоо болуп саналат. Тандоо убактысы кээ бир учурда бир саатка чейин созулат. Оюн короздордун бири рингден качканда, урушууга алы келбей калганда же өлгөндө токтотулат. Жеңишке жеткен короз бир эле оюнда кайра башка корозго урушка чыгарылбайт. Кичине масштабдагы бир оюндан жеңген короз орто эсеп менен 5 миң сомдон жогору байгеге ээ болот.
«Оюнда жеңилип калган эч нерсе эмес, урушуп жатып качып кеткен короз эң начар» дейт оюнчулардын бири. Ал учурда короз өзүнүн эле эмес, кожоюнунун да аброюн кетирет. Мушташ ар бири 10 мүнөттөн турган 10 раундга чейин болот. Эгер бул убакыт ичинде эч бир короз жеңе албаса, анда оюн токтотулат. Көрүүчүлөр тарабынан урушкан короздорго акча сайылат. Биз күбө болгон оюнда эки дакан короз жарым саат убакыт урушуп, жеңгени 7 миң сом байге алды.

«КОРОЗДУ ЖЫГАЧ ПОЛ, ПАЛАС САЛЫНГАН ЖЕРДЕ БАГАБЫЗ»
Жарым сааттын ичинде кожоюнуна пайда алып келген короздор кандай багыларын РАХМАТ КУЛМАТОВ мырза айтып берди:
-Мен эс тарткан кезимден бери үйдө короз багылат. Учурда 12 корозум бар, баары дакан породасындагылар. Үчөөнүн бирден көзү көрбөйт, уруш учурунда жарадар болгон. Аларды тукум алганга гана пайдаланабыз. Тоок 21 күндө жөжө басып чыгарат, анан 2 ай ээрчитип жүрүп багат. Кийин тоок чокулап өзүнө кошпой калганда 9 айлыгына чейин эркин бага баштайбыз. Короз багылып жаткан үй кургак, жылуу болуусу зарыл. Бутуна суук өтпөс үчүн жер жыгач болуп, ага палас салынып, үстүнө саман төгүлөт. Бутунан суук өткөн короздун буту калтырап, урушууга жарамсыз болуп калат.
Алгач 7 ай жумуртканы сууга бышырып берип, кийин уйдун карынын, этти сууга кайнатып, эт туурагычтан өткөрүп беребиз. Жүгөрүнү бүтүн берүүгө болбойт, жөжө чоңоюп калган учурда да аны жаргылчактан өткөрүп берсе жакшы сиңирет. Бир корозго күнүнө эртең менен сууга бышырылган бир жумуртка, кечке чейин 100 грамм жүгөрү, кечинде 100 грамм эт берилет. Урушка даярдалып жаткан короздун сөөктөрү бекем болуусу үчүн малдын сөөгүн ун сыяктуу майдалап, жемине кошо берсе болот. Андан сырткары күрүчтүн шагы, алма да короздорго пайдалуу.

«КОРОЗДУ УРУШТУН АЛДЫНДА МАШЫГУУДАН ӨТКӨРҮҮ КЕРЕК»
-Жакшы багылып, семиргенде корозду кургак короого алып чыгып ага дагы бир корозду көрсөтүп, кыжырдантып туруп аны көтөрүп чуркоо керек. Аны көргөн короз кууп чуркайт. Бул да машыгуунун бир түрү. Кол менен жаткырып, кайра тургузуп бутунун күчтүү болуусуна кам көрөбүз. Уруштун алдында сөзсүз ушундай машыгуудан өткөрүү зарыл. Биринчи күнү жарым саат чуркатып, анан ага дагы убакыт кошуп чуркатып убактысын күнүгө көбөйтүп турабыз. Мындай машыктыруу семиз короздун эти качып, ныкталып, чыйралуусуна чейин уланат. Жөжө короз 11 айлыгында бир түлөп, кайра өзүнө келет. Ошондон кийин аны урушка чыгарууга болот.

«МЫКТЫ КОРОЗДОР 800 ДОЛЛАРГА ЧЕЙИН БААЛАНАТ»
-Мушташка түшүп жеңилген короздун ошол күнү кайра башка корозго урушка чыгууга мүмкүнчүлүгү жок. Кичине масштабдагы бир оюндан жеңген короз орто эсеп менен 5 миң сомдон жогору байгеге ээ болот. Жеңишке жеткен короз ээсине акча утуп берүү менен эле чектелбестен, жумуртка, жөжө сатууга да жакшы жол ачып берет. Ал эми оюнда жеңип алган короздор ошол учурда
10 миң сомдон 700-800 долларга чейинки суммада бааланып, ошол замат сатылат.
Урушка даярдалган короздор сатылбай калуусу же көпкө баалануусу мүмкүн эмес. Корозду сатып алган адам анын пайдасын кантип көрөт? «Ал бир урушта жеңилип калса же өлүп калса ошончо акчаны актабай калат го...» деген ой болбошу керек. Себеби корозду сатып алган адам биринчи кезекте андан тукум алып калууну максат кылат. Анын үйүрүндөгү тооктун жумурткасынын бир даанасы эле 50 сомдон 200 сомго чейин сатылат. Менин короздорум сатуудан эмес, уруштан көп пайда табат. Кээ бир чоң оюндарда 30-40 миң сом тапса, өздөрү 200-300 доллардан сатылат.
Короз мушташтыруунун сезону болуп ноябрь айынан февралдын аягына чейинки суук мезгил эсептелет. Жаз мезгилинен баштап күз айларына чейин жылуу үйдөн чыгарылып, короого тооктордун арасына коё берилет. Ысыкта короздор түлөйт, эти бошоңдоп, алсызданат. Андай убакта урушка салууга мүмкүн эмес. Суук түшкөн сайын эттери чыйралып, күч топтой баштайт.
Короз уруштурган оюн бар экенин угуп жүрсөм да, буга чейин өз көзүм менен көрбөптүрмүн. Оюндун таасиринен чарчаганым тарап, шайдоот кайттым.

Көлөкөдө багылып жаткан короз.

Рахмат Кулматовдун сыймыктанган дакан корозу.

Короз уруш өтүүчү орун даярдалып жаткан учур.

«Рингге» чыккан дакандар.

Уулбү Каныбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
tynar92kg
2014-04-07 09:51:30
Менда бала кезимде корозумду которуп алып, айылды кыдырып уруштурган кундорум болчу. Ошол кундор кандай сонун эле. ..
+4
kama_future_millioner
2014-04-07 10:54:58
Эх айылымды эстеп кеттим мен да бала кезимде короз уруштуруп ойночумун
+1
Bexa9595
2014-04-07 12:02:26
Ээ менин корозум кошналардын короздорунун баарыныкын урат эле даа,
+3
koshmatov
2014-04-07 12:20:57
бул эн жаман нерсе биз мусулмандарга тура келбеген иш
-2
adi_ko.kg
2014-04-07 19:31:26
бала кезде менда короз уруштурат болчук кошуналардын
0
Lumia-800
2014-04-07 22:40:34
Кызык ээ озунчо черин жазылатда тамаша кылсан.:))
+1
kamchy_0119
2014-04-08 03:06:30
Короз уруштуруу, кочкор сузуштуруу, иттерди уруштуруу куноо иш.
-1
KUMU89
2014-04-09 21:10:33
Женилип калса корозун, кечке капа болот элек.
0
adi_ko.kg
2014-04-11 09:28:22
KUMU89, жакшырак таптабай депби
0
TIMi4
2014-04-11 19:07:27
exxx kairan jaaw kez mamamdyn 4otogunon ak4a urdagam uwul dakan koroz u4un ayabai kyzygam dagyle kiin bagam kaira !
0
Мэри
2014-04-12 14:12:43
Короз уруштурмай Кыргызстандын түштүгүндө гана бар го, калган аймактарда жок. Бул өзбектерден өтсө керек, анткени короз уруштурмайды кинолордон, айрыкча өзбек топучандар уруштурганын көрүп калчубуз.
+1
№ 596, 04-апрель-10-апрель, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан