Бул апта коалициянын кайрадан эле КСДП, «Ата Мекен» жана «Ар-намыс» фракцияларынан куралышы менен башталды. Өкмөт башчылыкка парламенттик көпчүлүк Жоомарт Оторбаевди талапкер катары көрсөттү. Азыр министрлер кабинетинде кайсы эски жүздөр калары жана кайсы жаңы жүздөр кошулары чечилүүдө.
ДЕПУТАТТАРДЫН ЭКИ ЖҮЗДҮҮЛҮГҮБҮ?
Былтыркы жылдын апрель айы «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн эрте бошотулуп кетишинен улам жаралган ызы-чуу менен өтүп кеткен эле. «Ата мекенчи» Болот Шердин башчылыгында түзүлгөн депутаттык комиссия иликтөө жүргүзүп, жыйынтыгында ошол учурдагы вице-премьер Шамиль Атаханов, башкы прокурор Аида Салянова, ИИМ башчысы Абдылда Суранчиев, Жазаларды аткаруу кызматынын жетекчиси Зарылбек Рысалиев, саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаеванын отставкасы талап кылынган. Аталган аткаминерлердин ичинен Шамиль Атаханов кийинчерээк өз арызы менен жумуштан кеткен. Депутаттар бул иштен улам акыйкатчы Турсунбек Акунду кызматтан алып, калган бир да аткаминер жоопкерчиликке тартылып же кызматтан алынган жок. «Аз күндүк өмүрү калды, ошон үчүн бошотулду» делинген А.Батукаев дале аман-эсен. Кийинчерээк Зарылбек Рысалиев кызматынан кол жууп, эмне себеп болгондугу айтылбады. Жогорудагы жыйынтыкты эске алсак, эмне үчүн депутаттык корпус жаңы өкмөттү куроодо өздөрүнүн мурунку сын-пикирлерин эске албай, министрликтердин башчылыгына кайрадан Абдылда Суранчиев менен Динара Сагынбаеваны көрсөтүп жатышат деген суроо жаралат. Жоомарт Оторбаев «Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда мыйзамсыз бошотулушу боюнча ишти аягына чыгарам, ага саясий эрким жетет» деди.
Министрлер кабинетинин жаңыланган курамына көз салсак, биринчи вице-премьер Тайырбек Сарпашев (КСДП), экономика жана инвестициялар боюнча вице-премьер Валерий Диль («Ар-намыс»), социалдык блок боюнча вице-премьер Эльвира Сариева (КСДП), коопсуздук, укук тартиби жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер Абдырахман Маматалиевдин («Ар-намыс») талапкерлиги коалиция тарабынан жактырылды. Бир тепкичке кызматы ылдыйлаган Камила Талиеванын Маданият, туризм жана маалымат министрлигине барышы күтүлүүдө. Президент тарабынан бекитилүүчү Коргоо министрлигинин башчысы Таалайбек Өмүралиевдин ордуна Абибулла Кудайбердиев барат дешүүдө. Калган министрликтер боюнча буга чейинки башчылары ордун сактап калышмакчы.
ОТОРБАЕВ ООР МЕЗГИЛГЕ ТУШ БОЛДУ
Эгер депутаттар тарабынан тиешелүү добушту чогулта алса, анда Жоомарт Оторбаевдин премьерлик кызматка киришүүсү түйшүктүү учурга дал келет. Эң башында «Кумтөрдүн» маселеси. «Ата мекенчи» депутаттар «алтын кен ишканасындагы Кыргызстандын үлүшү 67 пайыздан кем болбошу керек» деген пикирди катуу карманышкан. Демек, ал фракциянын атынан өкмөт башчылыкка келген адам мурдагы премьерге коюлган талапты эми да болсо ишке ашырууга аракет кылуусу тийиш. Бирок Оторбаев «мен 50/50 пайыздык үлүштөн турган позицияны колдойм, бул компромисстик вариант. Ал жолго барбасак, бизди сот иштери күтөт. Биз 50/50 шартына көнүшүбүз керек» деди, 27-марттагы КСДП фракциясынын жыйынында.
Экинчи опурталдуу чечимди талап кылган маселе «Манас» аэропортунун тегерегинде. Аталган аэропорт менчиктештирүүгө мүмкүн болбогон стратегиялык объекттердин катарында турат. «Өкмөт «Манас» эл аралык аэропорту» ААКсынын акцияларынын 51 пайызын орусиялык тарапка сатканы жатат» деген маалыматтар учурда кызуу талкууда. «Манас» модернизациялоого муктаж. Ошон үчүн инвестиция тартып келүү керек. Бул боюнча 8 чет жердик компания өз сунуштарын айтышты. Бизге эң көп туура келгени «Роснефть» компаниясына таандык болууда. Азырынча эч кандай чечим кабыл алына элек. Бул маселеге Жогорку Кеңеш гана макулдук бере алат»,- деди Ж.Оторбаев.
Үчүнчү оорчулук энергетика секторундагы кыйынчылыктарды чечүү, электр энергиясына карата тарифтерди көтөрүү маселесинде жатат. Электр энергиясынын кымбатташы калк арасында кескин нааразычылыктарды жаратат. Оторбаевге элдин нааразычылыгын өстүрбөй, бул тармактагы көйгөйдү чечүүнүн жолун табууга туура келет.
Гезит басууга кетерде өкмөттүн жаңы курамы боюнча парламенттик талкуу уланып жаткан.
Эльвира Караева
politika@super.kg