«СҮЙӨМ, КАЙРА СИЗДИ ЖЕК КӨРӨМ!»

Биздин кеңсебизге түрдүү сүйүү каттары келет. Бул жолу да чыгармачыл чөйрөдөгү бийчи кыздардын бири келип, катын таштап кетти. Аталган сүйүү каты ырчы Даниелге арналыптыр, анда жүрөктөн чыккан сөздөр жүрөккө жетсин.
–  Мындан 6 жыл мурун Даниель деген ырчы жигит чыккан, ошондон бери арманым бүтпөйт. Аны теледен көрүп, менин кыялымдагы мырза экенин түшүнгөм. Ал жалындуу көз карашы менен мени арбап алды. Даниель байкенин клиптерин көрсөм, балбылдаган кара көздөрү мени карап ырдап жаткандай сезилет. Ал жакында гезитке «күйөрмандарым азая түштү» дептир. Көп күйөрман кыздарды эмне кыласыз? Сизге жүрөгүн арнаган мендей күйөрманыңыз турганда. Эгер мени тандасаңыз сизди бөпөлөп, даамдуу тамактарды жасап, өмүр бою сүйүп өтмөкмүн. Өзүңүзгө окшош кара көздөрдү төрөп бермекмин. Мен акылсызмын, сизге жетпей жатып ушундай кыялдарга батам.  «Көздөрүң карагат» деген ырыңызды сиз кыздарга арнасаңыз, мен сизге арнап ырдайм.
Жакындарым мени такыр түшүнүшпөйт, «ал – жылдыз, сени карабайт, өзүңө келсеңчи» деп урушушат. Мен сизге дагы бир сырды айтып коёюн, сиз үчүн мен бий үйрөнүп, бий тобуна кирдим. Учурда шоу-бизнестеги көп ырчыларды коштоп бийлеп келем. Экөөбүз көп эле жолугабыз, бирок мени көзгө илбейсиз. 
Даниель байке, мен сизди сүйөм! Сиздин кыздарды кучактап, өөп учурашып жатканыңызды көрүп, кызганыч жүрөгүмдү өрттөп жиберет. Кээде татынакай кыздар менен каткырып сүйлөшүп турганыңызды көрүп, сизди кызганып, жек көрүп кетем. Мен сизди сагынам, сүйөм, кызганам! Эмне кылайын, айтыңызчы, сүйүүмдү билдирсем кабыл аласызбы, мага сүйүүңүздү арнай аласызбы?

Анара

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (46)
Morskayazvezda
2014-04-08 05:10:04
Жашоодо бардык нерсени убактылуу коздорубуз менен суйобуз а журогубуз менен бир гана АЛЛАХТЫ жана АТА ЭНЕНИ суйобуз
0
alai.gulcha94
2014-04-08 08:40:06
Бирону суйуп жашаганча бирону суйдуруп жаша дешетго
+1
Likvidator
2014-04-08 15:04:27
)))
0
mahabat.
2014-04-08 15:42:58
ой мен деле иманбековду жактырчумун.50cent жакчу мага.AKON USHER менен ооручумун бат эле отуп кетет мындай сезимдер.
0
smuttkg
2014-04-08 19:01:43
менин дагы коздорум кара карагат ))) если че чал мага ))) вах ха шутка !!!
+1
Almaz-85
2014-04-08 21:29:20
Суйуу суйуу муну эртен еле унутуп каласын
0
Mechtatelnisa
2014-04-09 12:16:22
Мен жылдыздарды суйгондорго ишенбейт болчум,бирок бир групалаш кызымын Омарды суйуп жургонун оз козум менен коруп тан калгам,байкуш куннуго сыгылып ыйлай берчу,анан коп суйлобой озунчо Омардын сурооторун коруп ырларын угуп журо берчу болуп кеткен,бирок анысы убактылууу эле болгон. Бул кызда деле убактылуу эле болот го дейм
0
ylia
2014-04-09 13:21:36
озунду татыктуу алып журсон,даниель сени бул кезге чеин байкамак!суйом дечии деген фильимдеги Батмадай болуп...!
0
Adi020896
2014-04-09 16:41:22
Суйуу м.н ооруган ото жаман,бирок бул сезимдер кээде убактылуу гана болуп калат. "Сыр каткан журок бактылуу" дейт. Демек,сиз бактылуусуз. Бирок Даниелди бабник дешет го,ошо сиз айткан "карагат коздорунон" эле корунуп турат го.
0
PATRIOT_07
2014-04-09 20:29:32
Раз такая смелая, подойди к нему по ближе и признайся! Зачем страдать??? Зачем мучаться??? Он ведь не с другой планеты??))
0
edil.9292
2014-04-09 20:34:55
Кыз суйсо калат жигит суйсо алат!быйыл созсуз куйоого тийем деген кинону кордун беле ошол бакшыга барып сахарга дуба окут да балким болуп калат!
0
Barpy11
2014-04-09 22:16:05
эгер ушунчалык даниелге суйуунду билдиргин келсе анда озу менен гана жолугуу керек.Анан билесин Даниелдин сага болгон жообун же эмне бир омур куйдум суйдум деп эле кала бересинби.суйууунду билдируудон эч качан коркпо!!!
0
primer-dent
2014-04-11 06:41:04
Суйуу суйуу дейт экен
суйуу журокту жейт экен
суйгонунуз бар экен
суйбосом болот экен....деп калбаныз суйунузду билдирем деп.

0
Peristem-koo
2014-04-13 00:06:08
мен Ильяз Абдразаковду аябай суйчумун, мен анда школница болчум, телефонумда жалан анын фотолору, ырлары, видео бирин да калтырчу эмесмин.. Анан кээ бир бети жоктор коноктордун арасына Ильяз Абдразаков деп жазып коёр эле, а мен байкуш, Ильяз качан ырдайт деп кутсом Ильяздын "И" деген тамгасы да жок болуп чыкчу..
0
Sharipa-asia
2014-04-13 01:19:57
Мунун баары убактылуу гана, баары отуп кетет, чыныгы суйуу уй - було курганда башталат
0
№ 596, 04-апрель-10-апрель, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан