Урмат Усенов, «2008-жылдын супер ырчы мырзасы»:«НЕЛЯНЫН МУРУНКУДАЙ ПОПУЛЯРДУУЛУГУН КААЛАБАЙМ»

Урмат Усенов мындан он жыл мурун телеалпаруучу катары эл алдына чыкканда чогуу иштешкем. Көрсөтүүгө келген конокторго ар түрдүү суроолорду берип, тынбай сүйлөп жатканынан шуулдаган жигит экен деп ойлогом. Кийин Урматты мен бир уктурууга мейман катары чакырганымда өзүн оор басырыктуу алып отурду. Таң калып, «маанайың жокпу?» деп сураган элем. Көрсө, бул жигит табиятынан эле токтоо, ойлонуп, орду менен сүйлөгөн адам экен. Маектешим менен бир нече жолу ар кыл темада сүйлөшкөм, бирок бул ирет да ары кызыктуу, улам бир ойго түрткөн баарлашуу тартуулады.

«ЫРЛАРЫМ РАДИОДО КАЛСА ЧОҢ ЧУУГА АЙЛАНМАК»
–Мага чыгармачылыкты кайрадан баштоо мүмкүнчүлүгү келсе такыр башкача баштамакмын. Тандап алган музыканын түрү ушул эле эстрада болмок. Бирок 22 эмес, 17-18 жашымда старт алмакмын. Окуумдун айынан сахнага кеч багыт алдым. Кыргыз-Түрк «Манас» университетин аяктагам, студент кезде ырчылыкка бой урсам, балким, сабагым калып калмак. Анткени таң аткандан күн батканга чейинки убактым сабак менен өтчү. Кыялымда элге ырларымды сунсам дегеним менен, мага ал жол өтө алыс туюлчу, анын үстүнө биздин тукумда ырчылык менен алектенген жан жок экен. Ырчы болом деген оюмду бирөөгө айткандан да тартынар элем. Кастингдерге катышып жүрүп, «Нота» берүүсүнүн алпаруучусу болдум. Ошондо биздин атактуу ырчылар менен сүйлөшүп, алардын колун кармаган соң менде өзүмө болгон ишеним пайда болду.
Алгачкы ырым «Жазгы жамгырды» ырдап чыккандан кийин атактуулук мага өзүнөн-өзү келди. Кыялым орундалса деп аракет кылгам, бирок чоң секирик болот деп күткөн эмесмин. Белгилүү болоюн, эстраданын башында турайын деп жан үрөгөн жокмун, азыр да ойлонбойм. Ошол кезде продюсерим Ассоль Молдокматова менен пикир келишпестиктер болду. Мени телеге, радиого, гезитке чыгарбай койгондо убакыт өтө берсин, бир аз эс алып алайын дедим. Чынында, ал киши менин чыгармачылыгыма көз каранды эмес эле. Болгону башка продюсерлер менен сүйлөшүп алышкандыктан, аларды колдоо максатында мага ошондой мамиле кылды. Мен жөнүндө көбүртүп-жабыртып продюсериме сөз ташып барган адам туура эмес айтыптыр дебедим. Кандай ойлосоңуз ошондой деп гана койдум.
Бир радионун жетекчиси чакырганынан барсам, «Урмат, мага ушундай сунуш түштү, бирок сен калтырып кой десең ырларыңды радиодо калтырам. Анткени мен өзүмдүн чечимимди чыгарууга укуктуумун» деди. Мен «алып коюңуз» дедим. Эгерде ырларымды калтырып койсом, башкалардыкындай чоң чырга айланып кетмек.

«АТАКТУУЛУК ЭМЕС, МАГА БИР СЫЗЫКТА ЖҮРҮҮ ЖАГАТ»
–Сахнага жаңы чыккан кездеги атактуулуктун азыр жоктугуна өкүнбөйм. Анткени мага андай атактуулук эмес, азыркыдай бир сызыкта жүрүү жагат. Ошондогу сүрөттөрүмдү карап отуруп өмүрүмдүн өтүп жатканын гана көрөм. Жаштыгыма суктанам, бирок дүркүрөп турган убагымды кайрып алгым келбейт. Сахна адамдарынын алдында чыгармачылык же жеке жашоо деген тандоо турат. Чыгармачылыкты тандап артынан кубалап, атак-даңктын туу чокусуна жеткендерди окуп-көрүп эле келе жатам, алардын жеке жашоосу кризиске кабылат. Мен үйлөнө электе эле үй-бүлөнү тандагам. Эгер мага чыгармачылык менен жеке жашоомдогу бир иш катар келсе, жеке жашоомду артка жылдырып, чыгармачылыгыма чуркап кетпейм. Бул менин принципиалдуу тандоом.
Съездбек (ред. Искеналиев) экөөбүз обон чыгарабыз деп көп жолугабыз. Бул биз үчүн өтө кызык тема, кадимкидей эргүү алабыз. Обонду тиякка буруп, биякка буруп жыйынтык чыгарабыз же чыгарбайбыз, бул маанилүү эмес.
Неля экөөбүзгө келсек, жаңы ырларды жаздырып эле жатабыз, бул ырчылар үчүн кадимки иш. Андан сырткары 2 иш менен алектенгени жатам, азырынча айтпай турайын. Алып баруучу болот экен деп ойлобогула. Сүрөтчүлүгүмдү да айкалыштырып кетем, буюрса.

«СҮЙӨМ ДЕГЕН СӨЗДӨН КОРКОМ»
–«Сүйөм» деген сөздүн өзүнөн корком. Мен бул сөздү эч качан колдонбойм. Неляны мурункудан да жакшы көрөм. Себеби бул адам мени мурункуга караганда көбүрөөк тааныйт. Жаңы үйлөнгөндө мен ал үчүн чытырман токой болчумун. Ал кандай түгөй болушум керек деген теманын алдында чакан жол таап алган. Ошол жол менен акырын кете берсе, мага да тоскоол болбойт. Менин ысык-суугума чыдап, айткандарыма макул болуп жатканына ыраазымын. Албетте, өзүнүн ою, көз карашы бар. Бир иш жасаарда өзүнүкүн тарс ортого салып, ушундай болсун дебейт. «Эгер сен айткандай болсо, жыйынтыгы мындай болуп калат» деп акырын өзүнүкүн киргизет, бул акылдуу аялдын жоругу.
Үй-бүлөдө талаш-тартыш сөзсүз болот. Мен ал нерсени белгилүү бир максатка жетүүгө, умтулууга аракеттер деп түшүнөм. Мен тараптан талаш эмес, талап болот. Эң негизгиси, үйдөгү уруш ишенбөөчүлүк, кызганыч деген ыпластардан келип чыкпайт. Мен буларды оозго да алгым келбейт. Кызганычка экөөбүз тең жол бербейбиз.

– Неляны сүрөткө түшүүгө чакырсак, «Урмат жибербей жатат» деди. Ошондон улам сенде «мен чыксам гана чыгасың» деген талап барбы деп калдык...
– Бир учурда үй-бүлөгө жана чыгармачылыкка тиешелүү маселе болсо, үй-бүлө 2-орунга жылбайт деген сөзүм Неляга да тиешелүү. Бүткүл дүйнөлүк сыйлык тапшырыла турган болсо да бул мыйзам сакталат, талкууга да алынбайт.

– Неля бойдок кезиндегидей иштейм десе колдойсуңбу?
– Ырдын аркасынан түшүп кубалап, популярдуулукка умтулуусун каалабайм. Анда үй-бүлө курман болушу мүмкүн.

– Тойго чакырыктардан калбайсыңарбы?
– Күнүгө бара берип тойдун ырчысы аталгым келбейт. Барбайм дештин эң оңой жолу – акчаны кымбат айтам. Ала-Букага чакырышканынан жок деп айта албай, жол алыс деп көп сумманы айтсам, ошону колума карматып коюшуп темселеп барып келдим. Тыйын албай бекер ырдаган учурларыбыз да бар. Тойго атайын биздин бир ставкабыз жок. «Канча бере аласыз?» деп гана той ээсинин шартына карайм.

– Үйдүн капчыгын ким кармайт?
– Эмнеге акчаны бирөө кармашы керек? Мынча киреше кирди, мынча жумшалды деп мээмде көзөмөлдөп турам.

– Чыгармачылыкта сатып кетүү, чыккынчылык деген нерселерге кабылдың беле?
– Кимдин эмне кылганын эстей албай жатам. Бирок «ушуга кантип барды?» деп өтө капа болгон учурларым көз алдыма келип жатат.

– Чыгармачылыкта достук болобу?
– Болот, бирок чыгармачылык аралашпаса. Сахналаш 10 жигит дос болуп жүрөбүз. Айына 2 жолу жолугушабыз. Биринчиси жубайларыбыз үчүн, алар сүйлөшсүн, эс алышсын деп. Экинчиси муслим шерине, 3 сааттык даават угабыз.

– Ырчылардын көбү дин жолуна түшүп баратышканы байкалууда. Бул жолго кимди ким тартып жатат?
– Ким аркылуу, кайдан келгени мен үчүн табышмак, мындан 3 жарым жыл мурун биздин чөйрөдө бир байке пайда болгон. Өзү жеке ишкер, заманбап, саркеч кийинет. Ошол адам аркылуу бирибизди бирибиз тартып отуруп 10го жеттик. Омар, Арсен өңдүү шоу-бизнестин бойдоктору да бар. Бул нерсе мага абдан жакты. Сахна адамдарын азгырчу, чектен чыгарчу жагдайлар көп. Динден сабак алганыбыз бизди ошондой жоруктардан сактайт.

– Өзүңдү акыл менен башкарасыңбы же жүрөгүңдү угасыңбы?
– 17-18 жашка чейин, балким, жүрөгүмдү укчумун. Мисалы, бирөөнү жакшы көрүп калсам артынан чуркап, күнү-түнү ойлонуп. Бул курактан өткөндөн кийин бардыгын акыл менен гана чечип келем. Азыр мага жүрөгүм толук баш ийген. Айрыкча сүйүүдө сезимге алдырабыз. Ал мага эмнеси менен керек деп ойлонсоң эле баары чечилет.

– Түйшөлткөн ой-толгооң барбы?
– Коңшу казактардын «Казакстан-2030» деген программасын окуп, алардын ишине, ой жүгүртүүсүнө, максаттарына ыраазы болуп, биз дагы ушундай багыт алсак кана деп катуу ойлондум, капа болдум, жүрөгүм сыйрылды. Биздин чиновниктер «ордуңду бошот» деп чыгышса кете берем» деп чемоданы даяр, ашып кетсе бир айлык план менен иштешет.

«Уулум Нурэл азыр 5те, кызым Жазэл 3тө. Эгер балам чүчкүрүп калса, башынан баштап бутуна чейин жылуулап, эмнеге чүчкүрүп жатат деп иликтей баштачумун. Азыр бул жоруктарды өзүмдөн алыстата баштадым».

«2006-жыл. «Жазгы жамгыр» аттуу ырым популярдуу болуп жаткан кез».

Сүйүн Кулматова
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Урмат Усенов: "Чыгармачылыктагы эң чоң ийгилигим - үй-бүлөм"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (52)
zaika95
2014-04-09 16:32:35
bir kezde suiuu uch burchtugu da bolup jurushkongo. womanstar talastyn erkekteri dep alypsyngo barybyz kyrgyzbyz!
-1
Kunduz.76
2014-04-09 16:44:35
Азамат,бактылуу тугойлор!
0
Adi020896
2014-04-09 17:58:51
Урмат байке громатный адам да. Неля кадырласа жарашат
0
Adi020896
2014-04-10 00:31:26
Ырлары,уну кандай гана жагымдуу...
0
Boria2014
2014-04-10 02:20:16
Урмат сага ийгилик бардык создорун ордунда, кудайым менида чыгармачылыка кошкондо сени менен дос болот элем менда ырдаганды жана журналист болгонду аябай каалайм, бирок сенин ырларын укулуктуу ырлардын арасына кошом. Уй булон менен бактылуу бол!
0
jipara86
2014-04-10 15:25:59
ulguluu ui biuloo ekensiner baktyluu bolgula
0
Aimeerimka
2014-04-10 16:01:50
Урмат&Неля баш кошконун гезит бетинен окуп алып озумду аябай бактылуу сезгем, анда мен мектеп окуучусу болчум. Урмат&Неля бир бирине топ келген улгу алчудай жубайлар эки дуйнодо бактылуу болунуздар, кызынызга жана улуунузга бактылуу балалык каалайм терен урматым м н. Аймээрим
+1
Gerachka
2014-04-10 17:09:15
Менин да жолдошум Урмат байкеникиндей оор басырыктуу мунозу болсо экен.Сизге ийгилик Урмат байке
0
primer-dent
2014-04-11 06:04:02
Коз тийбесин ылайым.
+1
peach
2014-04-11 09:28:34
Ал мага эмнеси менен керек деп ойлонсоң эле баары чечилет. olo jakty
0
uluk1982
2014-04-12 12:04:30
дин жагына отконун жакшы!
+1
Sharipa-asia
2014-04-13 01:36:27
Урматтын акылдуулугуна тан калам
0
kizburak.81
2014-04-13 09:46:28
Коз тийбесин ылайым бактылуу болунуздар!!!Урмат оор басырыктуу,акылдуу инсан экен ийгилик сага.
0
Asianat
2014-04-19 04:48:26
Азаматсыз,коломтонуздардын оту эч качан очпосун,уй-булонуздордун ынтымагы бекем жана туболукко болсун.
0
kanat4ik
2014-05-05 18:46:56
Элмира эжедей жубайыныз бар, бактылуусуз!
0
№ 596, 04-апрель-10-апрель, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан