Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаров 31-мартта Ак үйдүн жанында, «Ала-Тоо» аянтында өткөрмөкчү болуп жаткан курултай себеп болдубу, айтор, аталган аянтта жана өкмөт үйүнүн тушунда митинг өткөрүүгө тыюу салынды. Мындай чечимди 29-март күнү Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун судьясы Аида Тилекеева кабыл алды. Борбор шаарда тынчтык митингдерин өткөрүүгө чектөө киргизүү арызы менен Биринчи Май райондук администрациясы кайрылган жана анын негизинде ушул жылдын 31-мартынан тартып 1-майына чейин «Ала-Тоо» аянты, Ак үй жана эски аянтта жайгашкан өкмөт үйүнүн жанында адамдардын топтолуусуна чектөө киргизилди. Анын ордуна сот митинг өткөрүүгө Максим Горький атындагы скверди белгиледи.
Чечим чыгарууга Апрель революциясынын 4 жылдыгына арналган иш-чараларга даярдык жана коомдук тартипти камсыздоо негиз болгон. Мунун баары куру шылтоо экени ачык көрүнүп турат. Укук коргоочулар коомчулугу жогорудагы чечимди Баш мыйзамдагы «ар бир жаран тынч жыйындарга чогулуу эркиндигине укуктуу» деп жазылган беренеге каршы келерин айтып чыгышты. Президент Алмазбек Атамбаев Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматовго бул маселени чечүү үчүн башка оптималдуу жолдорду издөө керектигин айтты. «Митингчилердин агрессивдүү жүрүм-турумдарынын алдын алуу, Бишкектин борборундагы антисанитария жана транспорт кыймылынын бузулушу тууралуу мыйзамдык талаптар менен катар тынч жыйындарды өткөрүүгө болгон жарандардын укугун эске алуу маанилүү»,- деди президенттин атынан басма сөз катчысы Кадыр Токтогулов.
Коомчулуктун кескин сындары түрткү болду көрүнөт, 2-апрель күнү Башкы прокуратура Биринчи Май райондук сотунун митингдерди чектеген чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен жогорку инстанцияга кайрылды.
Кайталанып коюлган кассетадай көрүнүш. Экс-президент Курманбек Бакиевдин тушунда да, тагыраагы, 2007-жылдын декабрь айында Бишкек шаардык кеңеши митингдер М.Горький скверинде өткөрүлсүн деп чечкен. 2008-жылы «тынч митингдерди өткөрүү тартиби жөнүндө» мыйзамга дагы чектөөлөр киргизилип, анда митинг, пикеттер Ак үй, президенттин резиденциясы, Жогорку Кеңеш, окуу жайлар, аскердик мекемелер, кооптуу делинген объектилерден жана башка ушул сыяктуу жайлардан 30-50 метрден алыс жерде өтүшү керек деп жазылган. Кийин 2009-жылдын июль айында Бишкектин ошол кездеги мэри Нариман Түлеев митингчилерди такыр эле борбордон алыстатып, шаардык ипподромго кубалаган.
Апрель революциясынан соң бийликке келгендер митингдерди М. Горький атындагы скверде өткөрүүгө аргасыз болушуп, бийликтин бул чектөөсүнө нааразычылыктарды айтып да келишкен эле.
Эльвира Караева
politika@super.kg