Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаровдун Кыргызстанга кайтып келиши менен ага карата козголгон кылмыш иши кайрадан жанданды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
2012-жылдын 17-сентябрында Башкы прокуратура тарабынан «алдамчылыкка катышуу», «кылмыш жолу менен мүлккө ээлик кылуу» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Ал 2010-жылы Жогорку Кеңештин депутаты Туратбек Мадылбековдун уулу Элдар Мадылбековдун (ред. 2013-жылы Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан 9 жылга эркинен ажыратылган) ишинен улам башталган эле. Кеп Бишкек шаарынын Киев көчөсү, №74-дарегиндеги кыймылсыз мүлктүн жасалма документтер менен колдон-колго сатылганы тууралуу жүрөт. Ошол жылы Башкы прокуратура парламентке С.Жапаровду депутаттык кол тийбестиктен ажыратуу сунушу менен кайрылган. Ал канааттандырылбай калган. Иликтөө ошо менен токтогон болчу.
2013-жылдын 20-августунда С.Жапаров БШКнын чечими менен депутаттык мандатынан ажыратылган. Ошондон кийин ал Кыргызстандан чыгып кеткен эле. 31-мартта өтүүчү митингдин алдында экс-депутат мекенине кайтып келгенин билдирген.
Эльвира Караева
politika@super.kg