Жаңы өкмөттүк курамды талкуулоодо эң көп сын укканы Маданият, маалымат жана туризм министрлигине талапкер Камила Талиева болду. «Маданият ишмерлери, чыгармачыл адамдар өтө сезимтал болушат. Бул тармакта эч качан иштебеген адамды кантип министр кылып дайындаганы жатабыз? Элдин кызыкчылыгын эске албай, жеке амбициялардын арты менен бирөөнү кызматка дайындоо туура эмес. Камиланын өзүнө да ыңгайсыз болот»,- деди депутат Ирина Карамушкина.
Жогорку Кеңештин дагы бир эл өкүлү Айнуру Алтыбаеванын айтымында, Камила Талиева кол алдындагы кызматкерлерине өтө орой мамиле жасайт, оозго алынгыс сөздөр менен тилдейт жана вице-премьер болуп турган учурда, 2012-жылдын сентябрынан 2013-жылдын октябрына чейин эле 12 ирет жардамчы алмаштырып, 15 катчысын иштен кетирип, айдоочуларын бир канча жолу алмаштырган. «Мен Талиевадан өткөн маданиятсыз адамды көргөн эмесмин. Ошондуктан К.Талиеваны бул министрликке жетекчи катары сунуштоодо анын ишмердүүлүгүнүн этикалык жагын кароону да суранам»,- деди А.Алтыбаева.
Буга чейин Камила Талиева вице-премьерликти аркалап турган учурда жүрүм-туруму, кийинүү маданиятына да байланыштуу коомчулуктун сынына кабылган болчу. Бир жолкусунда Нарын шаарына барган сапарында К.Талиеванын күн тийбесе да, жардамчысына кол чатыр тостуруп алганы «обу жоктук» синдрому катары кабыл алынган. Ал эми 2013-жылы Ысык-Көлдө өткөн эл аралык «Мейкин Азия» фестивалына мамлекеттик маанидеги иш-чарадагы мамлекеттик кызматкердин кийинүү эрежесине жооп бербеген денесине чыпталышкан жана сары түстүү шымчан барганы көпчүлүктүн оозун ачырган.
Эльвира Караева
politika@super.kg