ЖАШООҢ КАНДАЙ, СТУДЕНТ?

“Студенттик күндөрүм, ай,
Уйкусуз түндөрүм, ай...” дегендей, жаштыктын жалындуу учуру студенттик күндөр эмеспи. "Чыныгы студентти жатаканасыз элестетүүгө болбойт" деп коюшат. Биз бир күн жатаканаларда болуп, студенттик жашоого аралашып кайттык.

“Жатаканада студенттер үчүн орун жок”

Биринчи кадамыбызды Б.Бейшеналиева атындагы Искусство институтунун жатаканасынан баштадык. Биринчи кабаттагы бөлмөлөрдүн бирине баш багып, анда студенттер эмес, батирге алгандар жашарын байкадык. Ушундан улам алдыбыздан чыккан студентти кепке тарттык. Аты Дүйшөн экен.

– Дүйшөн, бөлмөнү батирге алгандар көп окшойт?
– Биринчи жана төртүнчү кабатты жалаң батирге алгандар ээлеп алышкан. Көпчүлүк студенттердин атынан айтар элем, бизге орун жетпей жатса, башкаларды киргизгендерине түшүнбөйм. Мисалы, бөлмөлөшүм окуу башталганда орун таба албай бир топ эле кыйналды. Айрым үч адамга ылайыкталган бөлмөлөрдө алтыдан болуп жашашат. Кененирээк болсун деп керебеттерди биринин үстүнө бирин кийиштирип алышкан. Жүрүңүз, калган сөздү бөлмөдөгү балдар менен чогуу сүйлөшөлү,- деп Дүйшөн бизди өз бөлмөсүнө ээрчитип жөнөдү.

Анын бөлмөсүнө баш бакканыбызда эле эки кабат керебеттер көзгө урунду. Ошол эле бөлмөдө картошка кууруганы жаткан Урмат аттуу жигит бизди тосуп алып:

– Келиңиздер. Биздин жашоо ушундай, бирде ачпыз, бирде токпуз дегендей. Көптөн бери ашканабыз жабык бойдон турат. Ошондуктан ар кимибиз өз бөлмөбүздө тамак жасайбыз, уктайбыз, сабакка даярданабыз. Албетте, бул ыңгайсыздык жаратат,- деп божурап кирди.

Жигиттердин бөлмөсүнөн чыккан соң эмнеге студенттердин жатаканасы батирге берилип жатат деген суроого жооп алуу максатында аталган окуу жайдын ректору Субаналиев Сагылалы агайга кайрылдык.

– Агай, студенттер “жатаканада орун жок, 5-6дан жашап жатабыз” дешти. Бирок жатаканада батирге берилген бөлмөлөр да бар экен. Муну кандай түшүнсө болот?
– Чындыгында, студенттердин жатаканасынын биринчи, төртүнчү кабаттарында биздин кызматкерлер да жашайт. Сантехниктен баштап мугалимдерибизге чейин бар. Биз мындай ишке аргасыздан барып жатабыз. Анткени 400-500 сомго эч ким сантехник болуп иштебейт. Андан сырткары, бул жатаканада тарых музейинин кызматкерлери да жашашат. Негизи, алыскы райондон келген студенттердин баарына эле жатаканадан орун берилди. Мен бул жерге жаңыдан келгенде жатаканадагы балдар шырдак салып жерде жатышчу. Үйлөрүн сагынып ушинтип жатууну ылайык көрүп жатышкан го деп ойлоп койгон элем. Көрсө, сагынбай эле керебеттер жетишпейт экен. Анан “балдарды сызга жаткырбайлы” деп керебет алдырдык. Союз тарагандан бери каралбай калган жатакананы кичинеден жамачылап оңдоп келе жатабыз.
– “Ашкана иштебей турат” деп студенттер бөлмөлөрүнө тамак жасап жатышыптыр. Кудай анын бетин ары кылсын, эгер кокустуктар болуп кетсе кандай болот?
– Албетте, бизде газ бар. Бирок азыр газдын кымбаттап баратканына байланыштуу “эсептегич коёбуз” деп убактылуу жаап коюшкан. Мен да кырсык чыгып кетпесе экен деп кооптонуп жатам. Кээ бирлери плиткаларын сайган боюнча унутуп кетип калышы мүмкүн да.

“Өз жашоомо өзүм балта чаптым”

Дагы бир окуу жайдын жатаканасына кайрылганыбызда эшик кайтаруучу аял “куда?” деп бакырып жатып араң киргизди. Аларды орус туугандарды ээрчий "вахтёрша" деп коёт эмеспизби. Кире бергенде эле кыя ачылган эшиктен керебетте муңайым отурган кыз көзүбүзгө урунду. Эшик кагып кирип, аны менен тааныша кеттик. Аты Чолпон экен.

– Чолпон, жашоо кандай? Эмне муңайып отурасың?
– Ушул “вахтёрша” тажатып жиберди. Азыр эле уруша кеттик. Акчадан кыйналып кетип, кафеге официант болуп ишке кирип алгам. Официанттар кеч чыгат эмеспи. Кеч келсем киргизбей коёт. Түшүндүрсөм же түшүнсөчү?! Кээде окууга тапшырбай койсом болмок деп өкүнүп да кетем.
– Эмне, сабактарыңдан жетишпей жатасыңбы?
– Окууларым орто эле. Бир жолу кафеде банкет болуп калып кеч чыкканбыз. Келип “вахтёршага” жалдырасам да киргизбей койду. Эмне кыларымды билбей турганымда эсиме группалаш кызым түшө калды. Анын үйү жатаканага жакын эле. Барсам, эшикти байкеси ачты. Группалашым жок экен. Байкесине жатаканага кире албай калганымды айтсам, мага боору оорудубу, айтор үйүнө киргизди. Бир топко сүйлөшүп отургандан кийин конок бөлмөсүнө төшөк салып берди. Группалашым жок болсо да, мени сыйлаганына ичимден ыраазы болуп жатып алдым. Жакшы эле көзүм илинип бараткан экен, бир убакта олбурлуу неме басып калды. Карасам, тиги байке экен. Бул эмне кылганыңыз десем, “унчукпа, өзүң келбедиңби! Үнүңдү чыгарсаң менден бирди көрөсүң! Ким билди кылып таштайм!” деди. Ошентип, өз бактыма өзүм балта чаап алдым. Ошол окуядан соң бир жумадан кийин жумушка барсам, кайра албай коюшту. Эми ата-энемдин бетин кантип карайм? Акча салгыла дегенден тартынып жатам,- деп бышактап ыйлаган Чолпонду араң соороттук. Анын баянын угуп, эшик кайтаруучулардан да кабар ала кетүүнү чечтик.

Студенттер үчүн “пост ГАИ” – вахта!

Нөөмөтчү Валяга кайрылганыбызда, ал буларга токтолду:
– Биз деле студенттердин сыртта калышын каалабайбыз. Кечке тентип жүрө беришет, өзгөчө жигиттер. Анан эшикти ачпай койсоң, сөгүнүп-сагынып бизге ар кандай “мымра”, “бака” деген лакап аттарды да коюп алышат. Кээде “апа, нан алабыз, киргизиңизчи?!” деп жалдырашат. Кээ бир кесиптештерим нан алса киргизе берип жаман көндүрүшкөн окшойт. Мен ушинтип суранышса, киргизбейм. Ошондуктан менин кезегимде кечиккендер аз болот. “Бүгүн "вахтада" мымра турбайбы. Эртерээк келели, киргизбейт” деп сүйлөшүп чыгып бараткандарын көп эле угам. Негизи, тартипти сакташ керек да. Балдарды эркелете берсең, бузулуп кетишпейби.

“Сыйлуу тамак – майонез”

Мурат аттуу жигит түшкү тамактын камын көрүп картошка аарчып жаткан жеринен маектеше кеттик.
– Кайсы тамакты көп жасайсыңар?
– Студенттердин фирменный тамагы – куурулган картошка жана кесме. Кээде кууруганга май таппай калганда – кукси. Ал эми майонез болгон күнү бизге майрам да. Ысык нандын үстүнө сыйпалган майонезди майрам күндөрү жейбиз. Ата-энебизден айына 3000-4000 сомго чейин алып келсек деле бир айга жетпей калат. Алгачкы курстарда кыйналасың. Ал эми үчүнчү курста “волк” болуп каласың. Анча мынча иштей да калабыз. Кыскасы, көп курсагыбыз ачпайт.

“Жылаңайлак баатыр атка конуп...”

Ал эми өзүн “Атым – Кайрат. 4-курстун студентимин” деп тааныштырган жигит башынан өткөргөн окуясын айта кетти.
– Негизи, Дене тарбия академиясынын балдары көбүнчө университеттердин балдарына салык салышат. Андай учурга мен да кабылгам. Бир жолу жатакананын алдында турсам, топтошкон балдар келип, менден акча талап кылышты. Бирок бир тыйын таппаган соң жаңы алган туфлимди чечип алып баса беришти. Жатаканага жыңайлак келе жатсам, кире беришти көзөмөлдөөчү аял “здесь тебе не жайлоо” деп шылдыңдап жатпайбы. Муну досторума айтсам, мага “жылаңайлак баатыр” деген лакап ат коюп алышты. Эми биз деле чоң курс болуп калганда өзүбүздөн кичүү балдардын кийимдерин алып кече-конокторго кийип кете беребиз. Ал эми бир бөлмөдө жашаган балдардын кимиси эрте турса жакшы, таза кийим ошонуку. Жадакалса бири-бирибиздин бут кийимдерибизди кие берип, шыбоо жугузуп алгандарыбыз да бар.

“Шейшептерди аркан кылабыз”

"Альпинист" болуп баратканын айтып күлдүргөн Урмат деген жигит минтет:
– Жатаканалардын эшиктери саат 12де жабылат. Золушкадайбыз, 12ден кечиккендер кирбей калабыз да. Анан терезеден экинчи кабатта жашаган балдарга ышкыра баштайбыз. Алар шейшептерин ороп, аркан кылып бизди тартып алышат. Башында минтип чыккандан коркчубуз, азыр альпинисттердей эле машыгып калдык.

Гүлдөп турган союз мезгилинде, азыр деле жатаканада жашаган студенттер ачка калып келишкен. "Оңой оокат болбойт" дегендей, көйгөйсүз жашоо өзү кызыксыз эмеспи.


ТОКТОГУЛА, 5-КУРС СҮЙЛӨСҮН!

Жатакана. 1-курстан 5-курска чейинки студенттер жашаган бөлмө. Эртең менен саат чырылдайт.

1-курстун студенти:
– Балдар, сабакка баралыбы?
2-курстун студенти:
– Эй, койчу, дагы бир аз уктайлычы?!
3-курстун студенти:
– Андан көрө сыра ичпейлиби?
4-курстун студенти:
– Мүмкүн, арак ичебиз...
5-курстун студенти:
– Токтогула, мен азыр тыйын ыргытам. Эгер тыйын сан жазылган жагынан түшсө, сыра ичебиз. Герб тартылган жагынан түшсө, арак ичебиз. Эгер кырынан турса, уктайбыз. Ал эми жерге түшпөй, абада калкып калса, анда окууга барабыз.

Бахияна Сатылганова
koom
@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
temirlan
2009-10-19 23:32:06
jakshu okuialar bar eken))))))
0
seed
2012-08-06 12:37:43
тыйындын абада калкып калганы укмуш го ыя?
0
№ 363, 16-22-октябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан