АР БИР ҮЧ ООРУКАНАДАН БИРӨӨ ГАНА КАЛДЫ...

  • Башкы прокурор Аида Салянова соңку 3 жылда менчиктештирилип кеткен 31 БАЛА БАКЧА мамлекетке кайтарылып алынганын билдирди.
  • Саламаттыкты сактоо министринин орун басарынын милдетин аткаруучу Марат Калиевдин айтымында, ГЕМОДИАЛИЗ алган бир бейтаптын чыгымы жыл сайын мамлекетке 800 миң сомго туура келет.
  • Бишкек шаарында апрель айынын башына карата 15 миңден ашуун «АКЫЛДУУ ЭСЕПТЕГИЧТЕР» орнотулуп бүттү.
  • Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, Баткен облусундагы КЫРГЫЗ-ТАЖИК чек арасынын бардык 5 текшерүүчү-өткөрүүчү пункттары ачылды.
  • УКМКнын АНТИКОРРУПЦИЯЛЫК КЫЗМАТЫНЫН директору болуп Бөкөнбай Казаков дайындалды. Ага чейинки башчысы Бектен Сыдыгалиев УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары болуп калды.
  • Жогорку Кеңештин депутаты ДАМИРА НИЯЗАЛИЕВА: «1990-жылдары республикада 307 оорукана бар болсо, азыр алардын 117си гана калган. Эң көп балдарды дарылоочу бейтапканалар менен төрөт үйлөрү менчиктештирилип кеткен»,- деп билдирди.
  • Вице-премьердин милдетин аткаруучу ТАЙЫРБЕК САРПАШЕВГЕ караштуу делген компания, тагыраагы, «Градиент» ЖЧКсы 2010-жылдан 2013-жылга чейин 162 миллион сомго бааланган мамлекеттик тендерлерди утуп алган. Мындай маалыматты депутаттык комиссия таркатты.

Эльвира Караева
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
altunbek78
2014-04-07 16:18:06
Бздин Кара-Көл шаарында союз убагында 6 бала бакча болгон азы экоо иштейт, экоо орду тубу менен жок болгон бироо арким иштетип жатат бироо военный часть, бир шаарга 2 бала бакча жетишсиз, экоону кайтарат имиш деген, андан бери 3 мэр алмашты, жыйынтык чыга эле 3 жыл болду.
0
toichubek1984
2014-04-07 22:42:58
Калп эле кайтарып алдык дейт далил жок
0
№ 596, 04-апрель-10-апрель, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан