Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулу жума күндү дем алуу күнү катары карай турган мыйзам долбоорун 1-апрелде комитеттик жыйынга алып чыкты. «Кыргызстандагы калктын 85 пайызы мусулмандар, алардын укуктарын да коргоо керек. Жумуштан улам иштегендер көпчүлүк учурда жума намазга бара албай калышат»,- дейт демилгечи депутат. Өкмөттүн парламенттеги өкүлү Кылычбек Абышевдин айтымында, аталган мыйзам долбоорго өкмөт каршы эмес, бирок аны кабыл алуу эртелик кылат.
Эльвира Караева
politika@super.kg