Малика менен бул жигиттин ортодогу мамилеси жөн гана көңүл ачуу эмес, олуттуу экени көрүнүп турат.
«Жаз сүйүү ээрчитип келет» деп коюшат эмеспи. Анын сыңары шоу-бизнестин кыздары жаз алды менен өз бактысын тапканга аракет кылып баштагандай. «Апасынын эркеси, ырчы Малика Дина жакында турмушка чыгат экен» деген күбүр-шыбыр кептердин тараганына көп болду. Бул тууралуу али сөз кылууга эрте деп келген Малика маалымат айдыңындагы «кысымга» чыдабады өңдөнөт. Дегенибиз, ырчы жакында социалдык желедеги баракчасына бир жигит менен кыналыша кучакташып, эркелешип түшкөн сүрөттөрүн жүктөдү. Бирок Малика сүйүктүүсүнө суук көздөрдүн сугу артып кетет деп корктубу, айтор, тез эле сүрөттөрдү өчүрүп салды. Анда биздин ордубузга сүрөттөр сүйлөсүн.