Таланттуу режиссёр Руслан Акун август айында АКШга аттанат. «Салам, Нью-Йорктун» жаратуучусу режиссёрлук билимин тереңдетүү максатында өткөн жылдын декабрь айында Түштүк Калифорния университетине Магистратура академиялык даражасын алуу максатында тапшырган. Жакында эле ал окуу жайга өткөнүн угуп, биз менен сүйүнүчүн тең бөлүштү. «Түштүк Калифорния университети дүйнөдөгү эң алдыңкы окуу жайлардын бири. Жылына аталган университетке тапшырган студенттердин 4-5 эле пайызы кабыл алынат. КМШ өлкөлөрүнөн мен алгачкысы болдум, буга чексиз кубанычтамын. 3 жыл окуп келип, ал жактан алган билимимди керектүү багытка жумшайм деп ойлойм»,- дейт режиссёр.