Ырчы Гүлнур Асанова темир тулпарына бир айдан бери белгисиз бирөөлөр зыян келтирип жатканын айтып кайрылды: «Бир айдан бери түшүнүксүз жагдайларга туш болуп жатам. Башында жөн эле кокустук болуш керек деп жүргөм, бирок мындай окуялардын улам-улам кайталанышы менде күмөн туудурууда. Бир күнү темир тулпарымдын маркасын жулуп, күзгүсүн сындырып кетишти. Жакында эле жүргүзөйүн десем алдына чоң таш коюп коюшуптур, андан кийин тегерете чийип салышыптыр. Кимден көрөрүмдү деле билбейм, бирок өзүмдүн чөйрөмдөгүлөр болсо, биртке беттери чымырап калса керек деп сиздерге кайрылып жатам. Эгер таарынычы же өчү болсо менден эле алышсын, темирде эмне күнөө? Ал болгону темир да, мен үчүн жооп бербейт»,- дейт капа болгон ырчы. Эгер Гүлнурдун кайрылуусу өз дарегине жетсе, белгисиз зыянкеч бул жоругун токтотуп калар деген үмүттөбүз.