Бейшеналиева атындагы университеттин сырттан окуу бөлүмүнүн башчысы, ырчы Асел Турдалиева эми продюсерлик менен да алектенмей болду. Учурда Асел айым бир сулууну тарбиялап, жок эле дегенде өзүндөй ырчы кылууну көздөп турган чагы. Ырчы айым канатына калкалаган бийкеч сахнага Жазмир KG деген псевдоним менен чыгат. «Жазмир 1-курска келгенде эле анын талантын байкагам. Чолпон-Ата шаарына барып, тушоо кесүү концертин берип келдик. Эл абдан жакшы кабыл алды. Кызым Бегайым быйыл 10-классты аяктайт, ал болсо «мени чыгарбайт белеңиз» деп таарынып жатат. Анын «элчи болсом» деген максаты бар, «андан көрө окууга даярдан» деп болбой койдум»,- дейт ырчы айым.