– Саламатсыздарбы, «Супер-Инфо» гезити? Окурмандардын суроолоруна жооп берип турганыңыздар үчүн чоң рахмат. Мен «Лира деген ырчыны бир кримавторитет каржылайт экен» деп көптөн бери угуп жүрөм. Ошол чынбы? Чын эле ал ырчынын кримавторитеттер менен байланышы барбы? Бул маалыматты анын өзүнөн сурап бере аласыздарбы?
Раяна, Кара-Балта шаары
– Ошондой кептер бар бекен мен жөнүндө? Кызык экен. Кез-кезде эле апам колдоо көрсөтүп турбаса, ушул кезге чейин өз эмгегим менен эле чыгып жүрөм. «Кримавторитет каржылайт экен» деген кеп жалган.