ИТЕЛГИ – СУУ ИЧПЕГЕН КУШ

Канаттуулар дүйнөсүндө

Эзелтен элибиз алгыр куштарды, анын ичинде ителгини баалап келген. Илгери алгыр кушунун арты менен уруусун ачкачылыктан сактап калгандар да болгон экен.

Капаста жакшы көбөйүшөт

Мүнүшкөрлөр ителгини 20 күндө тапка келтиришет. Жылуу кезде күнүнө 2 ирет, ал эми суукта 3 маал эт беришет. Башка жем жебейт. Эркин жүргөндөгүсүнө караганда капас тордо жакшы көбөйүшөт. Анткени тоо-ташта жүргөн кезде убагы менен тамак таап жей алышпайт. Ошон үчүн 2-3 жумуртка эле туушат. Ал эми капаста тамагы кенен болгондуктан 6га чейин жумурткалайт. Негизинен, март айында жумурткалап, 1 айда басып чыгарышат. Балапандары 2 аптада темир канат болуп жетилип, дагы эки апта аралыгында уядан учууга жарап калат.

Биздеги ителгилер башка жакка ооп кетип жатышат

Кыргызстандагы ителгилер Казакстан менен Монголияга ооп кетип жатат” деген маалымат бар. Буга биринчи себеп чымчык менен көгүчкөндөрдүн санынын азайып кеткени. Муну мындайча түшүндүрсөк болот. Жырткыч ооган чымчыгы канаттуулардын жумурткасын жегенге маш болгондуктан, ителгилердин жеми болуучу канаттуулардын тукумун азайтууда. Экинчи себеп талааларды куурай басып бараткандыктан, бөдөнө менен чычкандарды жакшы ала албай калышууда.

Куштардан айырмасы, олжосун өлтүрүп жейт

Кыргызстандагы ителгилер жайкысын башка жактарда жүрүп, Кыргызстан аймагына кышкысын учуп келишет.
Жайдын аптабында ителгилер бир аз гана суу ичишпесе, башка учурда суу ичишпейт.
Негизинен, жырткыч куштар мыкаачы келип, олжосун өлтүрбөй эле жонунан чокуп жеп киришет. Ал эми ителгилер олжосун өлтүрүп, жүнүн жулуп, анан жейт. Ителгинин эркеги айланасын жыркычтардан коргоп тургандыктан аңыр, өрдөк жана башка куштар ителги уялаган жерге жакын уялашат. Анын үстүнө ителги жумуртка басып жаткан канаттууларга тийбейт.

Ителгини пир туткан арабдар тууралуу

Кыргыз, казак, монгол сыяктуу элдерден тышкары араб өлкөлөрүнүн эли (Кувейт, Бириккен Араб Эмираты, Сауд Арабиясы жана Катар) куш салууга кумарлуу келишет. Мелмилдеген чөлгө аңга жана куш салууга чыккандар алай-дүлөй шамал, куюн болгондо да адашып кетебиз деп коркушпайт. Анткени дал ошол түштүк менен түндүк каякта экени билинбей баш каткан кезде ителгини коё берсе, келген жагына компастай учуп жөнөйт. Андыктан аңга (жейрен, карышкыр, түлкү ж.б.) чыккан арабдар ителгини сөзсүз алып алышат.

Жогоруда аталган өлкөлөрдө жылына 3 ирет ителги мелдештери өтүп турат. Көбүнчө 1 чакырымга ителги жарыштырышат. Ири баш байгелер сайылат. Мисалы, 1-орунга Жип машинасы, 2-орунга 20 миң доллар, ал эми 3-орунга 10 миң доллар. Шейхтер жана ханзаадалар ар бири ителги, шумкар дегендерден 200-250дөй кармашат. Ителги менен тоодакка (арабча хубара) ууга чыгышат.

Куштарды үндөккө келтирүү үчүн кээде бир нече адам чогулат. Алар кармалган көгүчкөн, өрдөк, чымчыктарды торго салып келишет да коё беришет. Анан аларды көздөй ителгилерин учурушат. Минтип таптоо бир нече күнгө чейин созулат.

Эми ителгилердин арабдардагы баасына келсек. Сырттан сатыкка алынып барылган 30-40 ителгинин ичинен аң уулоосу жана сымбаты жагынан жакшы делинип бирөөсү гана тандалышы мүмкүн. Бардык жагынан мыкты делгени 50дөн 300 миң долларга чейин жетет. Ал эми кадимки эле ителги 200 доллардан ашпайт. 5 долларга да өтпөй калгандар кездешет. Кыргызстандын ителгиси өтө ыкчамдыгы, илгирлиги жана ойкуп-кайкып учкандыгы менен бааланат.

P.S. Материалга мүнүшкөр Сыргак Алымбековдун маалыматтары пайдаланылды.

Кошумча

  • Ителги – Кызыл китепке кирген алгыр куш. Денесинин узундугу 40-60, ал эми канатынын кулачы 100-130 сантиметрге жетет. Салмагы 800-1100 грамм. 30 жылга чейин жашайт.
  • Мүнүшкөрлөр таптаган ителгилерин түлкү, кыргоол, өрдөк, көк кытан, коён, аңыр, кекилик, каракур, кереңкур, суур жана башкаларга салышат.
  • Кыргызстанда “2005-жыл - ителгинин жылы” деп жарыяланган. Максаты саны азайып бараткан куштарды коргоого коомчулуктун көңүлүн буруу болгон.
  • Ителгинин ичинде ак сөөктөрү да болот.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Tendik
2010-01-26 15:28:43
СССР убагында талааны дарылап турчу эмес беле. А андан да мурда болсо табиятыбыз озу таза болчу, сырттан келген куш же аба бузулушу жок болчу. Азыр же дары жок де тазалык жок
+1
№ 363, 16-22-октябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан