ГАРБОЛОГДОР ДЕГЕН КИМДЕР?

Гарбология – экология илиминин бир багыты. Ал англисче «garbage» деген сөздөн келип чыккан, бизче «тиричилик таштандылары» дегенди билдирет. Демек гарбологдор – таштанды жаатындагы адистер. Алар таштандынын курамын изилдешет, ошондой эле таштандылар бири-бири жана курчап турган чөйрө менен кандай реакцияда боло турганын аныкташат. Кайра иштетүү жана аларды жок кылуудагы коопсуз жолдорду издеп табышат.
Таштанды төгүүчү жайларды изилдей келгенде, тиричилик таштандыларынан тышкары ал жерден радиоактивдүү жана өнөр жай таштандыларын да кездештирүүгө мүмкүн. Кээ бир өнөр жай таштандыларынын курамында сымап, коргошун, мышьяк жана башка зыяндуу заттар чыгып калат. Алар өз ара химиялык реакцияга кириши толук ыктымал. Өрттөгөндө абага уулуу заттар бөлүнүп чыгат.
Таштандыны жок кылуу – узакка созулуучу процесстерден жана этаптардан турат. Алгач алар сорттолуп, андан соң пресстелет. Бир канча бөлүгү атайын мештерде өрттөлсө, зыяндуулары өтө терең чуңкурларга көмүлүп, үстү бетондолот. Андыктан гарбологдор таштанды­лардын айлана-чөйрөгө зыян келбеши үчүн бардык өл­көлөрдө таштандылар­ды иш­тетүүчү заводдорду көбү­рөөк курууну сунуш­ташат.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
jibi
2014-04-09 20:32:50
Kyrgyzstanybyzda garbologdor bar beken
+1
№ 596, 04-апрель-10-апрель, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан